Өмүрбек Текебаев, «Ата Мекен» фракциясынын лидери: «АТА МЕКЕН БОСОГОДОН БАШТАЛАТ...»

Киндик каның тамган жериңде башпаанек кылар үйүң жок болсо, сенден өткөн бактысыз адам жок. Кеп Кыргызстандагы турак жай көйгөйү жөнүндө болмокчу.

«300 МИҢ ҮЙ-БҮЛӨ ҮЙСҮЗ»

– Өмүрбек Чиркешович, үй маселеси жөнүндө кеп баштасак?..
– Өлкөдө 300 миң үй-бүлө үйсүз. Үй-бүлөдө 5тен мүчө болгондо, дээрлик 1,5 миллион адам үйсүздөрдүн катарында. Мындан тышкары өзгөчө аймактарда жашаган 20 миң үй-бүлөнү тез аранын ичинде көчүрүү зарыл. Кыргызстан калкты турак жай менен камсыздоодо кошуналардан артта. 1991-жылы турак жай менен камсыздоо 1 адамга 12,2 чарчы метр болсо, бүгүн да ал көрсөткүч өзгөрбөдү. 2012-жылы Беларуста бул көрсөткүч бир адамга 25,4 чарчы метр, Орусияда 23,4 чарчы метр, Казакстанда 19,6 чарчы метр, Кытайда 27 чарчы метрди түзгөн. Кыргызстанда жашаган 70 пайыздан ашык калктын ар бирине болгону 5 чарчы метр аянт туура келет экен, аны жок дегенде 18 чарчы метрдик деңгээлге жеткирүү абзел. Ал үчүн 30 миллион чарчы метр турак жай курулушу керек. Алардын ичинен 7,5 миңден ашык көп кабаттуу үйлөрдү куруу зарыл.

«ТУРАК ЖАЙ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК ПРОГРАММА ЖОК»

Мындай масштабдуу курулуштарды кимдер ишке ашырат?
– Кыргызстанда турак жай боюнча мамлекеттик программа жок. «Ата Мекен» партиясы программаны иштеп чыгуу жана аткаруу боюнча өкмөткө тапшырма берген, андан натыйжа жок. Калкыбыз өзүнүн түшүнүгүнө, каржылык абалына жараша үйлөрүн курууда. Жылына 15 миңден ашык жер тилкелери үй курууга бөлүнөт. Шылуундардын курмандыгына айланып, үй салып, бирок документ ала албай жүргөндөр 2012-жылга чейин 50 миң үй-бүлөгө жеткен. Бишкекте бул көрсөткүч 6 миң үй-бүлөнү түзөт.
2001-жылдын 25-апрелиндеги өкмөттүн токтомуна ылайык, 10 жыл аралыгында 17,6 миллион чарчы метр турак жай курулмак. Бирок 2001-2005-жылдары 2,3 миллион чарчы метр турак жай курулуп, анын ичинен мамлекеттин каражатына болгону 19,2 миң чарчы метр турак жай тургузулган. Үйлөрдүн 90 пайызын эл өзү курат.

«ОРУСИЯДАН КЕЛГЕН МИЛЛИАРДДАГАН ДОЛЛАРЛАР ҮЙ КУРУУ ЖАНА САТЫП АЛУУГА ЖУМШАЛГАН»
– Эл турак жай курууга каражаттарды кайдан алып жатышат?
– Кыргызстандагы турак жай курулушунун өнүгүшү Орусиянын экономикасы менен байланышкан. Аталган өлкөдөн 2005-жылдардан баштап өлкөбүзгө жыл сайын 1-2 миллиард доллардан каражат которулуп, алар негизинен үй куруу жана сатып алууга сарпталган. Бирок 2010-жылкы революциядан кийин өтө кечиктирилгис маселелер арбын болуп, республикадагы турак жай маселеси көз жаздымында калып калды.

«ҮЙ ҮЧҮН 21 ЖЫЛ АКЧА ЧОГУЛТУУ КЕРЕК»
– Турак жай багытында түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун жолдорун эмнеден көрөсүз?
– Биринчиден, калкты турак жай менен камсыздоонун 20 жылдык мамлекеттик программасы иштелип чыгып, үй куруунун 2 негизги жолу аныкталышы керек. Биринчиси, мамлекет өздөштүрүп, мыйзамдуу түрдө бөлүнүп, инфраструктурасы (жол, суу, электр кубаттуулугу, транспорт, телефон байланыштары) жолго коюлган аянттарга калк үйлөрүн өздөрү курат. Ошондо мамлекет тарабынан үй курууга сугат жерлерин берүү практикасы токтойт.
Экинчиси, шаарларда көп кабаттуу үйлөрдү куруу улантылат. Мамлекет көп кабаттуу үйлөрдүн түшүшүнө талап гана кылбастан, алардын курулушуна шарттарды түзүп берет. Калкка батирлерди 10-15-жылга 10-15 пайыздык ипотекалык насыянын негизинде сатып алгыдай шарттарды түзүү зарыл. Азыркыдай 3-5 жылга 19-28 пайыздык үстөк менен эмес. Кымбат насыяны төлөө атадан балага мурас болуп калат. 2012-жылдын маалыматтары боюнча, 13 790 сом минималдык керектөө бюджети бар үй-бүлө үй алууга 21 жыл каражат топтош керек экен. Казакстанда бул көрсөткүч 4, Орусияда 6,8 жылга барабар.
Калктын үчүнчү бөлүгү батирлерди, үйлөрдү ижарага алып жашашат. Бирок ижара акысы тапкан кирешесинин 25-30 пайызынан ашпагандай деңгээлде болгондо, атуулдар жетиштүү жашоого мүмкүнчүлүк алат. Германияда 60, Швецияда 57, Нидерландыда 55, Данияда 44, Япония менен Америкада 34 пайыз калк ижарага үй алып жашайт.

– «Ата Мекен» партиясы бул маселеге шайлоо алдында эле кайрылып жатабы же көп болдубу?
– Партия бул маселени 5 жылдан бери көтөрүп келет. Тилекке каршы, өкмөт реалдуу кадамдарды жасай элек. «Ата Мекен» партиясы өкмөттү күтүп отурбай административдик-аймактык реформа демилгесин көтөрүп, «Кыргызстандагы калк жашаган пункттардын жана шаарлардын чек аралары такталып, демографиялык өнүгүүсү аныкталып, шаар-айылдардын стратегиялык өнүгүү пландары бекитилсин» деген маселени 2010-жылдан бери айтып келүүдө. Ошол демилгенин негизинде Бишкек жана Ош шаарлары боюнча мыйзам кабыл алынды.

«ПАРАҢ БОЛБОСО «ТУУЛГАНГА» ДА, «ӨЛГӨНГӨ» ДА УКУГУҢ ЖОК!»

– Кыргызстанда социалдык-маданий маселелерди жарандын каттоосуна карабай чечсе болбойбу?
– Советтик пландаштыруунун принциптери бизде дале иштейт. «Каттоо» ошонун бири. Адам катталган жеринен мамлекеттин социалдык кызматын алып, бирок көчүп кетери менен укуктарынан ажырайт. Кыргызстанда азыр ички миграция курч, өлкөнүн жарым калкы чоң жана кичине шаарларга келип жашап-иштеп, бирок баарында эле өз үйү, каттоосу жок. Демек, төрөлсө төрөт үйүнө, чоңойсо бала бакча, мектепке, жаза тайып көз жумса, көрүстөнгө албайт. Бирок атуулдар ушулардын баарына коррупциялык жол менен акча төлөп жашоого аргасыз. Мисалы, келгин Бишкекте төрөп калса 4-5 миң сом пара бергенге аргасыз, каза болсо, сөөгүн коюуга жер алуу 20 миң сом турат. Эгерде адам мамлекет акысыз дарылоочу ооруга чалдыкса (мисалы, рак, кант диабети), Бишкекте каттоосу жокторго жеңилдиктерди мамлекет бербейт, «келген жериңе барып дарылан» деп. Ошентип бүгүн Бишкек шаарында 100 миңдеген квартирант болуп жашаган, үй куруп, бирок документин ала албай жүргөн, Бишкектин айланасындагы дачаларда жашап жүрүшкөн 10 миңдеген үй-бүлөлөр өздөрүнүн социалдык, жарандык укуктарынан ажырап, өз элинде бөтөн болуп жүрөт. Натыйжада Бишкекте азыр реалдуу жашап жаткан калк эки катмарга бөлүнүп калды: келгиндер жана тургундар болуп. «Ата Мекен» партиясы бул эки катмардын укугун теңегенге аракет кылып келет.

– «Ата Мекен» партиясы көп кабаттуу үйлөрдү курууга кеткен чыгымдарды азайтуунун жолун кайдан көрөт?
– Шаарларда көп кабаттуу үйлөрдү бир гана мамлекет эмес, жеке компаниялар дагы курушу зарыл. Муктаждар 10 жылдын ичинде үй алышы керек. Бишкекте үй курган компаниялардын чыгымдарынын 30-40 пайызы үйдүн ордун сатып алганга, 10-15 пайызы чиновниктерге коррупциялык систем боюнча кетип, турак жайлардын чыгымдарынын 40-50 пайызын түзөт. Мамлекет ушул коррупциялык схеманы жоюп салса, үйлөр 2 эсеге жакын арзандамак. Биз мындан тышкары «Спутник шаар» деген түшүнүктү киргизишибиз зарыл. Канттан баштап Сокулукка чейин унаалар тез жүрүүчү жолдорду курсак, Бишкек шаарындагы тыгындар кескин азайып, инвесторлор ошондой шаарларга, жака-белиндеги өздөштүрүлгөн аймактарга турак жайларды арзан куруп, аны калк сатып алмак. Бул жагдай эмгек ресурстары менен өндүрүш объектилеринин адилеттүү бөлүнүшүнө шарт түзмөк. Мисалы, заводду Сокулук, Ак-Суу, Канттан арзан жер алып курасың, Бишкектен адистер барып иштеп берет. Ошентип өндүрүш Бишкектин четине чыгат. Ал жерлер адегенде экономикалык, анан маданий борборго айланат, калктын жашоо-тиричилиги жакшырат. Бишкектин айланасындагы жаңы конуштарга дагы ушундай жашоо маданиятын алып барышыбыз керек. Ошентип Бишкектин айланасындагы жаңы жерлерди мамлекет өздөштүрүп, инфраструктурасын өзүнө алып турак жайдын баасын 30 пайызга арзандатууга мүмкүнчүлүк болот. «Ата Мекен» Социалисттик партиясынын башкы максаты – Кыргыз Республикасынын калкынын жакшы жашоосуна шарт түзүү.

Кудайберген Жумабаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 660, 26-июнь-2-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА