(Башталышы өткөн сандарда)
– Маргалаңдын беги, эмне, сизди жалган хан кысмакка алып жатабы? Коркпоңуз. Өзүнүн саналуу күнү калды. Бизге тексиздин кереги жок. Кудай буюрса, келерки жылы улуу даражалуу ак пашанын туулган күнүн белгилеп, бүткүл Россиядан, колониялардан, дос элдерден, кас элдерден мейман чакырылып, өтө салтанаттуу чоң той өткөрүлөт. Бул селсаяктын тополоңун тез бассак, ошол улуу азем үстүндө улуу даражалуу ак пашанын өзүнө сизди жүз көрүштүрөм го деген үмүттөмүн...
Тилмеч которду. Атакулдун эки көзү чакчайды.
«...Мындай чакта акылды, күчтү мына сизге окшогон азаматтар табат. Күн чыгыштын байыркы акылманынан «Жамы журтка, өлкөгө бирдей пайда келтире турган окуя кайсы?» деп сураганда, акылман: «ары жаман, ары тынчы жок хандын көзүн жоюу» деген экен... Сизге тагыла турган бир оор милдет бар. Сиз аны аткара аласыз. Ары жалган хандын өзү менен жолугушуп да калыпсыз, эң сонун, жакындашыңыз, пайдаланыңыз, түбү келип негизги милдетти аткарууга жеңил түшөт. Албетте, алгач сөз менен, иш менен узурпатордун каракчыларынын ичин иритесиз. Эмне болжолу, эмне максаты болсо бизге тез кабарлап турасыз. Жок, андан эчтеме чыкпасына көз жеткенде, ушул...» деп бир атма орус пистолду карматты.
Жолду ката жолукканга салам айтып, алик да албай, өз санаасына эзилип келатты. «Бу жарымпаша, ыя, менден эмнени талап кылып отурат? Мени дили таза адам катары, бек катары көрсө, Кудай урган, башка бир татыктуу милдет бермек. Элди бөлүп ал, жигит кура, кан майданда кармашып өл десе, о анда, бир жөн эле. Киши өлтүр дейт! Менин баам ушубу?.. Оо, Жараткан, эмне деген атым калат? Укумдан тукумга Атакул атым кан ичер, элин нанга саткан, куш жеминдей мансапка алмашкан чыккынчы болуп, азазил болуп айтылып өтөт... Эмне деп барам? Жарымпашаны көндүрмөкчү эмес белем? Кара тагымды ушул ак кызматым менен жуумакчы элем го?! Хи, Исхак да оңойбу?! Ал дагы ок катары пайдаланып, өлөр жерге камаганын карачы?!» Ал күрсүнө пистолду белинен сууруп алды. «Өңү ажалдай суук... кызыталак...»
Тарс! Жигиттер селт эте беришти. Атакул баатыр башы атынан ооп түшүп баратат. Ок так чыкыйга атылган экен. Бир атма орус пистолдун оозу түтөп жанында жатканын көрүштү...
ХХХ
Өлкөнүн ички камын ойлоого эч кимдин чамасы келбеди. Бир жактан Кудаяр менен Насирдиндин курама колу чет кыштактарды түндө каптап, бөрүдөй талап качып чуу чыгарат. Бир жактан жарымпашанын аскери замбирек менен, мөндүрдөй ок менен өлкөнү жиреп кирди. Фон Кауфман «Таксыр, ыкыбалдуу жарымпаша! Ымга келели, алака кылалы!» деп Исхак элчи артынан элчи жиберип жатты. Жарымпаша аны «хан» деп эсептебей койду. Мурдагы колбала хандар менен түзүлгөн «шартнама» кагаздарды бетине кармап, эми Исхакты кыйратмак болуп, туш тараптан кеңири фронт ачты. Генерал Скобелев Исхактын саркери Уалинин он миң ашуун колун кыйратып өтүп, Балыкчыны ээледи. Өзгөчө кайраттуу Уали саркердин набыт болушу Исхактын ындынын өчүрдү.
Ал өзгөчө ишенген кишилерин чогултуп кеңешке отурду.
– Кана, акылдуулар, баатырлар, эмне кылабыз? Жарымпаша ымга келбей койду го? Күндөн күнгө оорлотуп, акыры ала турган ажалдай мукуратып, айланы түгөтүп, өлкөнү бошотуп бер деп отурат го?! Ыя? «Орус кең пейил, адил болот экен, бечарага карамдуу экен» деп укпадык беле? Кана анысы? Жек көрүндү Кудаяр менен Насирдинди али таштабай, алардын тарки кеткен укугун түбүнө чейин коргоп туруп алды го? Эмне кылабыз?
Акылчысы молдо Муса, парваначысы Өмөрбек датка, удайчысы Сулайман, теңтушу Абдылла бек, баатыры Бекназар өкүмдарын эмне деп жубатарын, эмне акыл, эмне пайдалуу иш кошорун билбей тунжурап калышты. Бекназар:
– Ырас, уктук эле Сары-Өзөн-Чүй жактан келген туугандардан. Биерде бир балээ бар, Исхак. Бу Ташкендеги жарымпаша орус эмес, орустан наркы бир дили катуу элден дейт ко?..
– Бу дили катуу жарымпашага каерибизден жаздык?! Мейли, кырылышып кетели, өзүбүздү өзүбүзгө койбойбу акыры?! Эмнеге киришет?! Эмне акысы бар, ыя?!- деди Абдылла бек.
Көптү көргөн Өмөрбек датка күрсүндү:
– Күчтүү! Акысы ошол. Илгертен күч деген көпкө укук боло келген. Күч караны ак дедирет, акты кааласа кара дедирет. Күчтү күч гана токтотот...
Исхак жыйынтыктады:
– Эми бизге өз жерибиз үчүн, өз укугубуз үчүн суу кечип, от кечип кармашуу гана калды. Кимибиздин атабыз такта туулуп, такта өлгөн?! Бизге так эмес, ата конуш жер кымбат, ага тууган эл кымбат. Ат үстүндө жүрүп жеңип алган боштондугубузду ат үстүндө жүрүп кимден гана болбосун коргоп калалы! Эстүүлөр, акылга дыйкан агалар, элге чыккыла, элге айткыла ушуну...
ХХХ
– Тузуң ура турган болду баягы ишенген бектериңди. Даражаңа шек келтирип, «ал жүргөн бир селсаяк, темтейген бир кыргыздын баласы, ордону карөзгөйлүк кылып эле ээлеп алды» деп күбүрөшүп, жанына кайдагы бир шектүү кишилерди топтоп жатышат...
Бул кепти айтып кеткен адам Анжияндагы Шаамырза менен Ярматтын ишине көз салып жүргөн Исхактын ишенимдүү кишиси эле. Исхактын ар шаарга, ар кишинин артына койгон өтө ишенимдүү тыңчылары бар болчу. Өзүнөн башка эч ким билбейт, өзүнөн башка эч ким менен сүйлөшүшпөйт. Мындай угар кулак, көрөр көз Абдылла бектин артында да, Бекназар баатырдын артында да көлөкөдөй ээрчип жүрөт.
Исхак ошол эле күнү ордо жакшыларын чогултуп, түтүк кылып оролгон кагазды ортого таштады. «Урматли бек, бу ыссык дубайсаламни бурадарлариңиз Ярмат ва Шаамырза датхалардан деп билгейсиз! Сизниң куш тилидак кабариңиз бизге йеттилар. Тезрак кабар этиң, азрети, Искөбүл паша йакынлап келер экен, не акыл бергайсиз?..» Бул даткалардын Абдырахманга арналган каты экен.
Исхак өзүнүн бостон уругунан Амал эшик ага деген адамды элбеги атап, Бекназар баатырды аскер башы кылып, төрт миң аскер менен ошол эле күнү Анжиянга жөнөттү. Ал эки даткага кабар жиберип, амал менен аскерлерди кошо шаардан сыртка чыгарып, эки аскер бет келишкенде дароо эки датканы карматып, «Чыккынчы! Саткын!» деп жарыялап, аскадай тирелген эки аскердин ортосунда Исхактын жарлыгын окутту. Эки жактан тең «Өлүм! Чыккынчыга өлүм! Бу наалатылар азыр союлсун!..» деп чуу чыга баштады. Бекназар ушуну гана күтүп турган, экөөнү койдой мууздатып таштап, Анжиянга кирди.
(Уландысы кийинки сандарда)