ИЛБИРС – АК КАРЛУУ ТООНУН КОЖОЮНУ

Мышыктар тукумундагы жырткыч илбирстин куйругу эмнеге узун экенин билесизби? Анткени узун куйругу аскаларда тең салмакты сактоого жардам берет. Андан тышкары суукта мурдун жаап коргонот. Сейрек кездешүүчү сулуу жана табышмактуу бул жаныбардын жашоосу, өлкөдө алардын саны канча экендиги тууралуу кызыктарга сизди кошо жетелейбиз.

«ИЛБИРС» ДЕГЕН СӨЗ «БАТ ЧУРКООЧУ БАРС» ДЕГЕНДИ ТҮШҮНДҮРӨТ
«Илбирс» сөзүн орус соодагерлери XVII кылымда түрк тилдүү аңчылардан угуп, өз тилдерине ыңгайлаштырып «ирбис» атап алышкан. Илимий эл аралык аталышы – Uncia uncia (синоними Panthera uncia).
Түрк тилине тектеш тилдерде бул жаныбарды «барс» деп аташчу. Кийин «ил» уңгусу кошулуп (ылдам, бат деген мааниде), илбирс аталып кеткен.

ЖАЛГЫЗДАП ЖАШАШАТ
Илбирстер – денеси ичке, узун, ийкемдүү келип, дабышсыз, ылдам, шамдагай жүргөн жаныбарлар. Алар деңиз деңгээлинен 3000-4000 метр бийиктикте жайгашкан, жашынууга ыңгайлуу аска-зоолуу, жарлуу жана анча чоң эмес бадалдуу тоолорду байырлайт. Башкача айтканда, "ак карлуу тоонун кожоюндары" десек жарашат.
Токойлуу жерлерге тоого кар калың жааган учурда тамагын оңоюраак таап жеш үчүн же бир өрөөндөн экинчисине көчкөндө түшөт.
Түнөгү (байырлоочу үңкүрү) болуп үңкүрлөр, аскалардын жаракалары, салаңдаган аскалардын алды эсептелет. Бир эле түнөк жайын бир нече жыл пайдаланышат.
Жаш курагы жетилген эркектери жалгыздап жашашат жана жашаган аймагын башкалардан корушат. Бир же эки-үч ургаачысы менен бир аймакта жашаган эркек илбирстер өтө чанда кезигет. Ал эми ургаачылардын жанында, албетте, балдары болот.

КУРМАНДЫГЫН МУУНТУП ЖЕ МОЮНУН СЫНДЫРЫП ӨЛТҮРҮШӨТ
Аңчылыкка таң эрте жана кечки күүгүмдө чыгат. Өзүнүн салмагынан 3 эсе оор жаныбарларга кол салуудан жүрөксүнбөйт. Негизинен тоо эчки, аркар-кулжа, бугу-марал, элик, каман сыяктуу тоо жаныбарларын жейт. Улар, кекилик, кыргоол, коён менен да азыктанышат. Жайында менюсуна өсүмдүктөрдү кошуп коюшат.
Курмандыгын буктурмада аңдып жатып, ал жакындаганда чагылгандай ылдамдык менен басып жыгылат. Же жашырынып дабыш чыгарбай жакындап барып, анан 5-7 метр алыстыктан секирип барып кармайт. Чоң жаныбарды тамагынан кармап муунтууга, моюнун сындырууга аракет кылат. Өлгөн соң далдоо жерге сүйрөп барып жейт. Бир жегенде 2-3 килограмм эт жейт. Ач калганда үй жаныбарларына кол салат. Дүйнө боюнча аюуга кол салган 2 учур жазылган. Союз мезгилинде Алматыга жакын капчыгайда 2 ирет адамдарга кол салган факт катталган. Бирок ал илбирстердин кутурма менен ооруганы аныкталган. Негизи адамдарга жарадар болгондо гана атырылары белгилүү.
Жыныстык жактан 3-4 жылдан кийин жетилишип, жупташуу мезгили эрте жазга туш келет. Ургаачылары 2 жылда бир төлдөйт. Балдарын курсагында 90-100 күн көтөрүп, жарыкка 1-3 баласын (чанда гана 4-5) алып келет. Алар 500 граммдын тегерегинде көздөрү жумулуу туулат. Арадан 6-8 күн өткөндө гана көздөрү ачылат. Айрым эне илбирстер балдарынын алдына өздөрүнүн жүндөрүнөн жулуп төшөп коюшат. Алгачкы 6 аптада энесинин сүтүн эмип, анан эт жегенге акырындап аралашышат. Жайды ортолоп энеси менен аң уулоого чыгып калышат. Өз алдынча жашоого өмүрүнүн экинчи жазында өтөт.

САНЫ КЫСКАРУУДА
Илбирстерге жем болуучу жаныбарлардын азайып баратышы, малдын көбөйгөнүнөн улам малчылардын тоого улам өйдөлөп чыгып алардын тынчын алып жаткандыктары, климаттын өзгөрүп баратышы, баалуу териси үчүн өлтүрүү – илбирстердин санынын кыскарышына жеткирүүдө. Жакынкы мезгилдерде Кыргызстанда бир нече спутниктик-радиокаргы (GPS)сатып алып, алардын моюнуна тагып коё берүү пландалууда. Спутниктик-радиокаргы аркылуу илбирстердин ээлеген аймагын, миграциясын изилдөө иштери жүргүзүлүп, ошого жараша аларды сактоо чаралары көрүлөт.

«ӨЛКӨДӨГҮ ИЛБИРСТЕРДИН БОЛЖОЛДУУ САНЫ 311»
Бишкектеги Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаментинин директорунун орун басары КУМАР МАМБЕТАЛИЕВ:
– Статистикага кайрылсак, Кызыл китепке кирген илбирстердин саны өлкөдө 2008-жылы 231ди, ал эми 2015-жылдын 20-апрелиндеги маалымат боюнча, болжолдуу түрдө 311ди түздү.
Облустар боюнча айтсак, Баткенде 10, Ысык-Көлдө 111, Жалал-Абадда 49, Нарында 27, Ошто 21, Таласта 15, Чүйдө 78 илбирс байырлайт. Илбирстерге мыйзамсыз аңчылык кылгандар (браконьер) боюнча фактылар жок. Андайларга салынуучу айыптын өлчөмү – 500 000 сомду түзөт.

  • КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР
    2013-жылы 23-октябрда Бишкекте «Ак илбирстин тукумун коргоо» боюнча бүткүл дүйнөлүк форум болуп өткөн. Анда "23-октябрь – Эл аралык Ак илбирс күнү" деп белгилөө тууралуу чечим кабыл алынган.
  • Илбирс тууралуу дүйнөдө көптөгөн фильмдер тартылган. Мисалы, "Жашоо үчүн күрөш. Илбирстин тоолору" (Монголия, 1994), "Илбирс: Мифтер жана чындыктар" (Англия, 2007) жана башка. Бизде Төлөмүш Океевдин «Ак илбирстин тукуму» деген тасмасы бар.
  • Өлкөбүздө кинематография жаатында «Ак илбирс» улуттук сыйлыгы уюштурулган.
  • Илбирстин сөлөкөтү Бишкек шаарынын гербине түшүрүлгөн.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Ayperi94
2015-06-30 18:14:26
Менин суйуктуу жаныбарым жонундо маалымат бергенинерге чоон рахмат СуперИнфо.
0
№ 660, 26-июнь-2-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА