Сүйүнчү! Наристелүү болдуңуз! Толкундоолор менен коштолгон күндөр артта калып, төрөтканадан чыгып жаңы түйшүккө малынасыз. Ымыркай сизден эки эсе камкордукту күтөт. Балакайды аман-эсен торолтуп алуу үчүн бул кеңештерге көңүл буруңуз.
КИРИНТҮҮАлгачкы айда сууну кайнатып, аны 36-37 градуска чейин суутуп алып, анан жуунтуу керек. Же болбосо чыканагыңызды салып көрүп текшерсеңиз болот. Жуунта турган чылапчынды ашкана содасы же марганцовка менен жууп, чайкаңыз. Киринтүүдө бөлмөнүн эшик-терезесинин баары жабылышы кажет.
Кичинекейди сууга буту менен акырын салып көндүрүңүз. Чочуп кетпеши үчүн жалаякка ороп алыңыз. Суу моюнуна чейин көмүп турганы жакшы, чыйрыгып же чочуп кетпешине шарт түзөт. Чочутуп алсаңыз, кийин жуунтууда маселе жаралат. Биринчи күндөрү баланы чүпүрөк эмес, кол менен жууп койгон эле жетиштүү. Албетте, балдарга арналган самынды колдоносуз.
Түрдүү чөптөрдү кайнатып, чайкай турган суу даярдап алсаңыз да болот. Баланы жуунтууда уйгак чөп (череда), ромашка, шалфей жардам берет. Териси кургап кетпеши үчүн чөптөрдү жумасына 2-3 жолу алмак-салмак колдонуңуз. Баланы алгачкы күндөрү 7-8 мүнөт жуунтуңуз.
Жуунтуп алып чыккандан кийин аарчып, майлап кийинтүү керек. Ыйлап жатса эмизип сооротуп алуу кажет.
УКАЛОО
ИЧИ КӨӨП ЖАТСА...
Эмчек эмгенден кийин бала уктап калбай, чырылдап ыйлап буттарын тыбыратып баштаса, ичин кармалап көрүңүз. Катуу болсо, демек, ичи көөп жатканы. Чочубаңыз, бул али ичегилер функциясын жакшы аткара электигинен кабар берет.
КҮНҮМДҮК ГИГИЕНАСЫ
1 Күнүгө эртең менен кайнатылган сууга кебезди малып, аны сыгып алып көздөрүн ички жагынан сыртка карай акырын сүртөбүз. Эки көзгө эки башка кебез керек. Эгерде көзү чылпактап калса, ромашканын суусуна же жаңы демделген чайга кебезди малып, сүртсөңүз болот.
2 Жакшы дем алышы үчүн мурдун жумшак кебезди кол менен тоголоктоп, башын бир аз учтуу кылып алып тазалайбыз. Кулагынын ичин, артын, бетин, колдорун кайнак сууга малынган кебез менен абайлап аарчып чыгабыз. Көтөнүн жууп, атайын крем менен майлайбыз.
3 Наристенин киндиги айыгып кеткенче күнүгө кулак чукуган башында кебези бар таякча менен тазалап, 3 пайыздуу суутектин кычкылы (перекись водорода), же зелёнканы малып туруп сүйкөп коюш керек. Марганцовканы мала кызыл кылып алып жуунтсаңыз, киндиги тез айыгат.
4 Тырмактарына көңүл буруп, тез-тезден алып турбасаңыз бетин тытып алышы мүмкүн.
ДЕН СООЛУГУН ЧЫҢДОО
Наристеңиздин ден соолугу чың болуусу үчүн алгачкы күндөрдөн суукка, ысыкка чыдамдуу кылыңыз. Ороп-чулгап, үстү-үстүнө кийгизе бергенден бала ысык-суукка чыдамы жок, кичине жел болсо эле ооруй бере турган болуп калат.
Күнүгө бир жолу жылаңач кылып бөлмө температурасында чечинтип абага көндүрүңүз. Жаңы төрөлгөндөрдү күнүгө 3-5 мүнөт, 6 айынан 1 жашка чейин 10-15 мүнөт жылаңач койгонду адат кылсаңыз жакшы болот.
Күнүгө сууга түшүрүңүз, 38 градустан 28 градуска чейинки температурадагы сууга түшүрсөңүз болот.
Таза абага тез-тез чыгарыңыз. Төрөтканадан чыгып келгенден кийин жай мезгили болсо баланы күн сайын 15 мүнөттөн сыртка чыгаруу керек. Чоңойгон сайын убакытты узартып отуруу зарыл. Кышында төрөлсө, жылуу кийинтип алып 5 мүнөткө чыгуу керек.
Алты айында жайкы күндөрү арабага уктатып, короого же балконго таза абага 2-3 саат чыгарып койсоңуз болот. Ичин жана эмгегин жаап коюш керек. Кышкы күндөрү сейилдеп жарым саат сыртка уктатсаңыз болот.
Жаңы баса баштаганда байпаксыз бастырып көндүрүңүз. Анткени тамандагы чекиттер ысык-суукка көнүп, кийин суук тийбейт.
БУЛАР ДАГЫ МААНИЛҮҮ!
Эркек балдарды 5 айынан, кыздарды 6 айынан баштап отургузуу керек. Башында 1 мүнөт гана отургузуп көндүрүп, анан денесин кармай алганда көбүрөөк убакытка көндүрүү керек.
Баланын далысы жабышып калышы мүмкүн. Ошондуктан жуунтканда көп учурда далыга массаж жасап, бир колунан салмак менен көтөрүп туруу керек.
Башы сүйрү болуп калбашы үчүн күндө бир абалда жаткырбаңыз. Чалкасынан жаткырууда дем алуусу кыйындап, кусуп салса чакап кетиши мүмкүн. Көмкөрөсүнөн жаткырсаңыз, дем ала албай калуу коркунучу бар. Оң жана сол капталынан жаткырып, далысына кичине жаздык тиреп койсоңуз жакшы уктайт. Уктатканда жаздык жаздабай эле баш жагын бир аз бийиктетип коюңуз.
Нуржамал Жийдебаева
kenesh@super.kg