MEGACOM АБОНЕНТТЕРИ МЕНЕН АРДАГЕРЛЕРГЕ ТААЗИМ КЫЛАТ!

MegaCom мобилдик операторунун абоненттери, жогорку патриоттук сезимди жана биримдиктин, улуу муунга таазим кылуунун үлгүсүн көрсөтүштү. Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата, MegaCom абоненттери тарабынан Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жардам көрсөтүү үчүн 1 миллион сомго жакын акча чогултулуп, ушул күндөрү таратылып берилүүдө.
«Көп түкүрсө көл болот» демекчи, 2015-жылдын 25-мартынан 15-майына чейин уланган акциянын жүрүшүндө, MegaCom абоненттери 1945 кыска номуруна элүү миңден ашуун SMS-билдирүү жөнөтүп, салыктар кармалгандан кийин жалпысынан 924 068 сом топтолгон. Акция Улуу Жеңишке эбегейсиз салым кошкон, келечек муунга жаркын жашоону тартуу кылуу үчүн жан аябай салгылашкан аталарыбыздын эрдигине таазим кылуу, аларга өз урмат-сыйын билдирүү максатында өткөрүлгөн.

АЗАТ БАЗАРКУЛОВ, "MegaCom" компаниясынын башкы директору:
– MegaCom – социалдык жактан жоопкерчиликтүү мобилдик оператор, ар бир абонентине ыраазычылыгын билдирет жана кайрымдуулук акциясынын алкагында топтолгон каражат толугу менен Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине тапшырыла тургандыгына кепилдик берет. Мекенибиздин ири байланыш операторунун түйүнүнө кошулган ар бир абонент ынтымактуу жана ишенимдүү команданын мүчөсү. MegaCom өзүнө артылган ишенимди жана абоненттеринин тандоосун жогору баалайт.
Оператордун сайтынын акциялар бөлүгүнөн MegaCom абоненттери тарабынан топтолгон каражаттарды алуучу ардагерлердин тизмеси жана өткөн жылдардагы SMS-марафондордун жыйынтыктары менен таанышууга болот. Мегакомдун абоненттери чогулткан каражат Коргоо министрлигинин Мобилизациялык башкармалыгынын берген тизмеси боюнча бөлүнүп берилүүдө. Жогоруда белгиленген сумма республикадагы 185 согуштун ардагерине таратылууда, ошондо ар бир ардагерге 5 миң сомдон тийүүдө. Учурда компаниянын адистери ардагерлердин үйлөрүнө барып, аларга тийиштүү акчалай белектерин тапшырууда.

ЭБИШ БАТРЕКЕЕВ, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, ардагер:
– Мегаком уюлдук оператору канча жылдан бери бизди унутпай, чайы менен кошо жылына 2 жолу акчалай белегин берип келет. Карылар күнүндө жана 9-Майда атайын концерттик программа уюштуруп, ага чакырышат. Улууну урматтаган компанияга ийгиликтерди гана каалайм. Компания өзү эле эмес анын кардарлары да мына минтип акча чогултушуптур, бүгүн үйгө Мегакомдун кызматкерлери келип, акча беришти. Элибизде бейкутчулук болсун!
Белгилей кетсек, абоненттер менен биргеликте өткөрүлгөн акциядан тышкары, MegaCom компаниясы жеке каржылык каражаттарынын эсебинен жыл сайын согуштун жана тылдын миң ардагерине материалдык жардам көрсөтөт. Жеңиш күнүндө жана карылар күнүндө ардагерлерге 2000 сомдон берүү оператор үчүн салтка айлангандай. Мындан тышкары, майрамдарды утурлай ата мекендик уюлдук оператор «Жакындарга чалуу» акциясынын алкагында акысыз баарлашууну жана бир катар иш-чараларды уюштуруп келет.
Эч ким эч нерсе унутулбайт!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
HAPPY.GIRL
2015-07-01 19:03:32
Мегакомдон озбек тилиндеги тейлоону алды беле?
0
№ 660, 26-июнь-2-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан