КУБАТ КЫЗДУУ, ЭРНЕСТ АБДЫЖАПАРОВ НЕБЕРЕЛҮҮ БОЛУШТУ

Режиссёр Эрнест Абдыжапаров 18-июнда экинчи неберелүү болду. Кубанычы коюнуна батпаган режиссёр социалдык тармактагы баракчасына "кыргызда "балам, балалуу болгондо билесиң" дечү эле. Көрсө, андан дагы көп нерсени неберелүү болгондо билет экенсиң. Бүгүн келинибиз кыз төрөп, мен чоң ата болдум. Мына, накта жашоонун маңызы!» деп жар салды. Режиссёрго телефон чалып куттук айтып, небереси тууралуу сураганыбызда, «Чоң энеси кызыбыздын атын Саадат деп койду. Неберем төрөлө электе эле атасы менен апасы да ушул ысымды коёбуз деп жүрүшчү экен. Ат коёрдо ойлору бир жерден чыккандыктан, алардын оюна макул болдум».
Ал эми "тамашоудон" тушоосу кесилген алып баруучу, шоумен Кубат Кубанычбеков кыздуу болду. Тун наристе көрүп, бала жытына балкып турган Кубат: "17-июнь күнү жубайым Айжан аман-эсен көз жарып алды. Кызыбызга чоң эне, чоң атасы Аиша деген ысым ыйгарышты. Кызым Аиша буудай өңдүү, кара тору болуп төрөлдү. Азыр кубанычым коюнума батпай, наристемдин жытына тойбой турган чагым. Мен үчүн үйгө шашыла турган дагы бир себеп пайда болду»,- дейт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
jaskaaa
2015-06-29 09:45:53
Балалуу болуу кандай соонун!
+2
abdykadyrova
2015-06-29 09:51:52
Кудайым омур жашын узун кылсын,бактылуу балалыкта чоноюшсун!!!
+1
Kylanbek
2015-06-29 11:16:55
Омуру ден соолугу менен берген болсун Аллахым
+1
suiuktuujar
2015-06-29 12:24:15
Ден соолук омур ыйман ырыскысы менен берген болсун келечеги кен кыздардан болушсун.
+1
AFRODITA-89
2015-06-29 12:34:02
бешик боонор бек болсунден соолугу менен берген болсун Аллахым
+1
Umnitsa
2015-06-29 14:22:29
омуру меген берген болсон.. мага айрыкча аттары жакты Аиша жана Саадат..
+1
mirana9395
2015-06-29 16:04:38
Омуру мн берген болсун озумчо башкача болуп кубанып алдым.
+1
№ 660, 26-июнь-2-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан