КАЙГЫСЫ КӨП КАЙРЫЛМАНДАР

«Туурун сагынбас туйгун, жерин сагынбас эр болбойт» – бул эзелкинин накыл кеби. Бул кептин төркүнүн эске алганда, тарыхый мекенине кайткан этникалык кыргыздарды Ала-Тоону сагынып келди деп эсептесек болобу? Же акыркы жашаган жериндеги жашоо-шарттын оордугунан улам чоң аталары мекендеген конушка келип байыр алышуудабы? Жергебизге кайтып келип жашап жаткан кайрылмандардын саны 50 миңге чукул. Алардын көпчүлүгү Чүй облусунда жашашат. Кандаштардын учурдагы абалы менен таанышуу максатында көчүп келген кыргыздар жашаган айылдарга барып кайттык.

КАЙРЫЛМАНДАРДЫН КӨПЧҮЛҮГҮ ТАЖИКСТАНДАН КЕЛГЕНДЕР
Жолдун ыңгайына карап Сокулук районунун Жаңы-Жер айылына биринчи болуп кайрылдык. Айылды аралай бергенде эле издеп келген адамдарды айныбай тааныдым. Анткени аялдары узун көйнөк кийип, башына жоолук салынышса, бойго жеткен эркектеринин көпчүлүгү сакал коюп жүрүшөт экен. Амандашып, ысымдарын сураганда кулакка жат аттарды угуп, кайра тактоого мажбур болуп жаттым. Чоочун адамга ачылып сүйлөй бербеген, «сен кимсиң?» дегенсип көздөрүнөн коркуу байкалган кайрылмандар менен сүйлөшсөм, «бизде баары жакшы, кыйынчылык деле жок. Сизге жардам керек болсо, дуба кылып коёбуз» деп сылык гана узатып жатышты. Жаңы-Жер айылына караганда ага жакын жайгашкан Жаңы-Пахтада кайрылмандардын саны арбын дегенин угуп, жүрүшүмдү уладым. Аталган айылда Тажикстандын Жерге-Тал районунан келген кыргыздар калктын 80 пайызын түзөт экен. Айылдык кеңеште 21 депутат болсо, анын 18и кайрылмандар.
Эгер адам жан берсе, денеси муздай электе көмүшөт. Ысырапкерчиликке көп жол беришпейт. Маркумду сапарга узатууда болгону бир баш бодо мал союлат. Тойлору да үнөмдүү. Эркектери кафеден даам сызып кетишсе, аялдар үйдө конок болушат. Устуканды улуулата тартуу салтын колдонушат. Көбүнчө бири-бирине куда-сөөк болушат же «апам сүйөт, мен алам» дегендей эле. Мурун бири-бири менен гана кыз алышып-беришсе, бүгүнкү күндө кыздары Кыргызстандын бардык аймагына турмушка чыгып жатыптыр. Калың каадасында кадимки кыргыздардыкынан анчейин айырма жок. Мүмкүнчүлүгүнө карап
20 000-80 000 сом калың беришет. Ошого жараша кызга сеп берилет.

«ПАСПОРТУҢ БОЛСО ООРЧУЛУК ЖОК»
Кең Чүйгө отурукташып, короо-жай салып, мал-мүлк топтоп бутка туруп калгандары да арбын. Алардын бири Жерге-Тал районунун Кошой айылынан келген Михибило Жаныбеков төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Кыргызстанга 1996-жылы келгем. Бул жакка келүүмө Тажикстандагы жашоо-шарттын оорчулугу, медицина, билим-берүүнүн төмөндөшү түрт­кү болду. Кыргызстандын жарандыгын 2004-жылы алганбыз. Жаңы келген учурларда кыйынчылык болбой койгон жок. 2006-жылы паспорт алгандан тартып оорчулуктардан арылдык.
6 уул, 1 кызым бар. Кызымды турмушка берип, уулдарымды үйлөндүрдүм. Эки уулум жогорку билимге ээ. Калгандары дыйканчылык, мал чарбачылык менен алектенишет. Чүйгө келгенден тартып ижарага жер иштетип келе жатабыз. Бүгүнкү күндө ижарага алган 10 гектар аянтка беде, 15 гектарга арпа, жүгөрү, капуста сепкенбиз. Айыл жергесинде мал багуу ыңгайлуу болгондуктан 30 баш бука багып жатам.

«КЫРГЫЗ КЛАССТАР КИЙИН АЧЫЛДЫ»
ЭРГЕШ УЗБЕКОВ, төмөнкү Чүй айылынын тургуну:
– Жерге-Талдан келген кыргыздардын биринчи маселеси – жер. Айыл өкмөтүнө караштуу Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин көпчүлүк бөлүгү жергиликтүү лезгин, даргин улутундагыларга берилип кеткен. Төмөнкү Чүй аймагында Кайра бөлүштүрүү фондунун 1200 гектар жери бар. Бизге ошол жерден аукциондун негизинде жер бергиле деп канча ирет кайрылдык. Бирок биздин маселе бармак басты, көз кысты болуп көз жаздымда калып келет. Биздин бул көйгөйүбүздү уккан Жогорку Кеңештин депутаты Ташполот Балтабаев бул жакка келип, 44 гектар жерди аукциондун негизинде бизге алып берген. 44 гектар жерди 250 түтүнгө бөлө келгенде 30-40 сотыхтан тийди. Дыйканчылык менен күн көргөн адамга алакандай жер эч нерсе болбойт. Ижарага жер алып иштетели десек бир гектар жерге 15 000-25 000 сомго чейин төлөө керек. Бир гектар жер үчүн сууга 7000 төлөйбүз. Ошондо жер иштеткенден эч кандай пайда калбай калат.
Айылдагы мектепте кыргыз классы жок болчу. Билим берүү министрлигине кайрылып жатып тогузунчу класска чейин кыргыз классын ачтырганбыз. Балдарыбыз тогузду аяктаган соң акыйып үйдө отуруп калышууда. Башка айылдын мектептерине баруу үчүн жол алыс. Андыктан күнүмдүк оокат үчүн талаага иштегенге жиберебиз. Айрымдары кесиптик лицейлерден билим алышат.

«БАШКЫ КӨЙГӨЙ – ЖАРАНДЫК АЛУУ»
ЖАМИЛДИН БАДИРОВ,
«Боорукер Урмат» коомдук бирикмесинин жетекчиси:
– Кыргызстанга 1994-жылы көчүп келгенбиз. 2001-жылы этникалык кыр­гыздар «Боорукер Урмат» коомдук бирикмесин тү­зүп, мени төрага кылып шай­лашкан. Жарандык алуудагы көйгөйлөрдүн негизгиси – Кыргызстанга 16 жашка толо электе ата-энеси менен келген балдар. Бүгүнкү күндө алар 25 жаштан өтүп калышса да, жарандык ала албай келишүүдө. Ошонун айынан алар медициналык, билим берүү, өз милдет-укуктарын колдонуудан сыртта калышууда. Алардын бешенесине жазылган иши – жалданып акча табуу.
Тарыхый мекенине кайткан кыргыздардын аягы бүгүн да суюла элек. Кыргызстанга келүүсүнүн бирден-бир себеби – саясий кысым. Мисалы, Жерге-Талдагы кыргыз айылдардын аттарын тажикче ысымга алмаштырып, мугалимдерге план-конспектилерди тажик тилинде жазгыла деген талабын айтсак болот.

«БАЛДАРЫМДЫН ДА ДОКУМЕНТТЕРИ ЖОК»
ДИЛШОД ГАФУРОВ, 2002-жылдан бери кайрылман статусун ала элек:
– Кыргызстанга 2002-жы­лы 16 жа­шымда келгем. Менин Дилшод экеним­ди тастыктаган бир да до­кументим жок. Үй-бүлө курганым менен, ЗАГСтан өткөн эмесмин. Анын кесепетинен балдарымда да күбөлүк жок. Улуу балам мектеп жашына жеткен, документи жоктугунан мектепке албай коюшту. Бүгүнкү күнү батирде баш калкалап, кара жумушта иштеп жан багам. Шаарга чыгып иштейин десең бир жагынан милиция кызматкерлери кармаса, экинчи жагынан документиң жок деп жумушка алышпайт. Тезирээк кайрылман статусун, жарандык алып, балдарым мектепке барып, үй-жай салып алсам жакшы болмок.

«КАЙРЫЛМАНДАР ӨЗДӨРҮ КАЙДИГЕР»
Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин кайрылмандар жана жер которгондор менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Айгүл Борбугул кызы төмөнкүлөрдү билдирди:
– Жалпысынан 50 000 кайрылман болсо, анын 40 000и Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган. Тарыхый мекенине кайткандардын 20 000и Тажикстандан, 18 443ү Өзбекстандан, 30 адам Орусиядан, 70 адам Кытайдан, 10у Пакистандан келген этникалык кыргыздар. Көпчүлүгү сабатсыз болгондуктан, документ маселесине кайдигер мамиле кылышат. Ооруп калганда же милиция кызматкерлерине кармалганда гана документ алууну ойлонушат. Кайрылман күбөлүгү бир жылга эле берилет. Бул аралыкта жарандык алууга жетишпей калса мөөнөтүн узартып беребиз. Кайрылман күбөлүгү бекер берилет. Аны алуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат.

  • Паспорттун же анын ордуна берилген документтин көчүрмөсү;
  • Үй-бүлөнүн түзүлүшү жөнүндөгү маалым кат жана нике күбөлүктүн кө­чүр­мөсү;
  • 10 жаштан 16 жашка чейинки балдар ата-энеси менен чогуу келген учурларда анын жазуу түрүндөгү иммиграцияга макулдугу керек.
  • 3х4 сантиметр өлчөмүндөгү эки даана сүрөт.
Кайрылмандардын арасында жакыр жашап турмуш кечиргендер арбын.

Айдоо жер этникалык кыргыздар учүн абадай эле зарыл, анткени бар кылган тирилиги дыйканчылык.

Айрымдары үй канаттууларына кошо кекилик, бөдөнө багышат.

Султан Төрөбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кайрылмандардын жашоо шарты оор бойдон калууда
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
ikitaidesu
2015-06-30 01:21:24
админ.я сураныч силерден. Жарандык алуу учун бир жыл болду документ тапшырганыбызга. Дагы деле дайын жок. Кимге кайрылсак болот.
0
admin_media
2015-06-30 11:44:47
ikitaidesu, саламатсызбы! Суроолоруңузду http://www.super.kg/superstan/index.php?showforum=81 ушул бөлүмгө калтырасаңыз болот.
0
vabank
2015-07-02 09:12:12
ikitaidesu,Ozunuz jashagan pasporttuk stolgo kairylasyz...
0
aidan94ru
2015-06-30 02:03:09
Ушуларга жарандык пасспорт бериш керек.. ХХХ ХХХ ХХХ
0
admin_media
2015-06-30 11:45:57
aidan94ru,
Улуттар арасында талаш-тартышты жаратуучу пикирлерди калтырууга тыюу салынат! 10 күн банга!
0
Azura
2015-06-30 20:09:21
Чын эле оздору кайдыгер жана жалкоо. Паспорту бироо уйуно жеткирип берет беле?!
0
jylywka
2015-07-01 12:39:19
Кайрылман куболугун бекер эле берет экен го барып алып алышпайбы
0
Seitbek.93
2015-07-02 01:06:25
туулдун калдын балаага,турмушун эшек араба.
0
№ 660, 26-июнь-2-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА