17-18 ДЕКАБРЬ, СПОРТ ОРДОСУ «ЖЫЛДЫН ЖЫЛДЫЗЫ-2006»

СИЗ ДОБУШУҢУЗДУ АТААНДАШТАРЫҢЫЗДЫН КИМИСИНЕ БЕРМЕКСИЗ?

ИЛЬЯЗ АБДЫРАЗАКОВ, «Жылдын супер ырчы мырзасы» номинациясына талапкер:
– Мен музыкант катары көз карашымды билдирсем, талапкерлиги көрсөтүлгөн ырчылардын ичинен Султандын тембрине, Мирбек Атабековдун үнүнө баа берем. Эгер бирөө­сүн тандаш керек болсо, анда Султанга добушумду бермекмин.

АКБАР СҮЙҮНБАЕВ, «Жылдын супер ырчы мырзасы» номинациясына талапкер:
– Колумдан келсе баарына эле бермекмин. Бирок, би­рөөсүн тандаш керек болгондуктан, Ильяздын бул жылдагы эмгегин эске алып, ага добушумду берет элем.

СУЛТАН САДЫРАЛИЕВ, «Жылдын супер ырчы мырзасы» номинациясына талапкер:
– Мен сахналаш досторумдун баарынын талантын баалайм. Жыл ичинде азбы-көппү баарыбыз эле аракет кылдык. Ошентсе да ырчылардын арасынан Мирбек Атабеков менен Мирбек Иманбековду бөлүп көр­сөт­күм келет.

УРМАТ УСЕНОВ, «Жылдын супер ырчы мырзасы» номинациясына талапкер:
– Мен добушумду Мирбек Атабековго бермекмин. Анткени, анын башкалардан айырмаланган өзгөчө үнү, ырга болгон өзгөчө табити бар. Ал ырдын хит болушуна эмес, сапатына көңүл бурат. Мирбектин мына ушундай өзгө­чөлүгүн эске алып, башкалардан бөлүп көр­сөтө алам.

МИРБЕК АТАБЕКОВ, «Жылдын супер ырчы мырзасы» номинациясына талапкер:
– Биздин муундагы ырчыларды мен биринен экинчисин бөлүп көрсөтө албайм. Баары эле мыкты, баары эле кыйын. Байкаган адамга биринен- бири өтүп аракет кылып иштеп жатышат. Ошондуктан, мен бул же тигил деп эч кимди бөлүп көрсөтө албайм

НЕЛЯ, “Жылдын супер ырчы айымы” номинациясына талапкер:
– Бактыгүлгө бермекмин. Бактыгүлдө сахнага керектүү болгон келбет да, чырай да, үн да бар. Өзгөчө анын акыркы ыры аны бир топ популярдуулукка жеткирди. Эгер ушул нук менен кете берсе, Бактыгүл келечекте жылдызы жанган белгилүү ырчылардан болоорунан үмүтүм бар.

БАКТЫГҮЛ БАДЫЕВА, «Жылдын супер ырчы айымы» номинациясына талапкер:
– Эгер мага добуш берүү мүмкүнчүлүгү берилсе, анда мен добушумду курбум Неляга бермекмин. Курбум болгону үчүн эмес, анын таланты ошого татыктуу. Неля чындыгында жакшы ырдайт. Бул жалгыз эле мага эмес, жалпы көрүүчүлөргө маалым.

МИРБЕК ИМАНБЕКОВ, «Жылдын супер ырчы мырзасы» номинациясына талапкер:
– Мен өзүмдү ар дайым досторумдан кийин коюп жү­рөм. Андыктан, бул жерде да Султандын алдына чыгып алгым келбейт. Мен добушумду до­сум Султанга бермекмин. Ал чындыгында таланттуу ыр­чы. Султандан келечекте көп нерсени күтсө болот.

НУРЗАТ ТОКТОСУНОВА, «Жылдын супер телеалпаруучусу» номинациясына талапкер:
– Мен добушумду Алексей Филатовго берет элем. Ал чыныгы эфирдин адамы. Алексейде телеалпаруучулукка тиешелүү бардык сапаттар бар. Мисалы, ал ар кандай абалдан чыгып кетүүнүн жолун жакшы билет.

САМАРБЕК, «Жылдын супер эстрадалык тобу» номинациясына талапкер «Сема» тобунун жетекчиси:
– Эгер мен добуш берсем... М-мм... кимге берсем экен? Өзүбүзгө эле берсем керек го ... Албетте, башка эстрадалык топторду жаман дебейм. Топтордун саны аз болгону менен сапаты жакшы. Ошентсе да «Сема» тобуна эле берейинчи, ээ?

САЙКАЛ САДЫБАКАСОВА, “Жылдын супер ырчы айымы” номинациясына талапкер:
– Мен өзүмө атаандаш болгон Неля, Бактыгүл эжелердин экөөнүн тең таланттарын баалайм. Кыздар үчүн сахнадан өз жолун таап кетүү канчалык татаал болсо да алар өз аракеттери менен калың элге ырчы катары тааныла алышты. Ал эми булардын бирине добуш берүү жагына келгенде... Тандай албай башымды оорутуп отурганча өзүмө эле добуш берем го...

ШАЙЫРБЕК АРАПОВ, «Жылдын супер телеалпаруучу» номинациясына талапкер:
– Эгерде менин добуш берүү мүмкүн­чүлүгүм болуп калса «Браво» телебе­рүүсүнүн алып баруучусу Нурзат Токтосуновага бермекмин. Себеби, Нурзаттын эфирде өзүн-өзү алып жүрүүсү мага жагат, сүй­лөгөн сөзү да орду менен. Эфирден сүйлөп жатканда мааниси жок тажатма сөз­дөрдү кошпойт. Кыскасы, Нурзатта телеалпаруучулук жөндөм бар. Ал ушул кесибин өркүндөтүп кетсе жакшы болоор эле.

СЪЕЗДБЕК ИСКЕНАЛИЕВ, «Жылдын супер ырчы мырзасы» номинациясына талапкер:
– «Жылдын супер ырчы мырзасы» номинациясына талапкерлиги коюлуп жаткан сахналаштарымдын баарынын өзүнчө өзгөчөлүгү бар. Бирок, такыр кемчилиги жок ырчы деп да эч кимди айта албайм. Ошентсе да Мирбек Атабековду мыкты ырчы деп эсептейм. Анын профессионалдуулук деңгээли жогору. Мирбек Кыргызстандын атынан чет өлкөгө ырдап барса да бизди уят кылбайт.

ЗАМИР КАЗАКБАЕВ, «Жылдын супер ди-джейи» номинациясына талапкер:
– Кыйын суроо экен. Эгер кесиптештеримдин бирине добушумду бере турган болсом, анда мен «Кыргызстан Обондору» радиосунун ди-джейи Бегимай Дастанованы колдомокмун. Бегимайдын кесип жолу алгач биздин радио «21-кылымдан»башталган. Ал биздин мектептен тарбия алып, бул жактан көп нерсе үйрөнүп кеткен. Ошондуктан, Бегимай мага башкаларга караганда жакын сезилип жатат. Ал ди-джей катары да, жеке адам катары да мага жагат. Келечектен бул кыздан көп нерсени үмүттөнсөк болот.

ЧЫҢГЫЗ МЫРЗАЕВ, «Жылдын супер ди-джейи» номинациясына талапкер:
– Мен устатым Арстанбек Абдымановду чыныгы ди-джей деп эсептейм. Анда ди-джей деген атка тиешелүү бардык сапаттар бар. Тилекке каршы, Арстан байкеге былтыркы жылы бул наам ыйгарылгандыктан, бул жылы көрсөтүлгөн тизмеде жок экен. Ошентсе да «Жылдын супер-ди-джейи» номинациясына Арстан байкеден башка ылайыктуу эч кимди таба албай жатам.

Даярдаган Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 214, 8-14-декабрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан