«АТА МЕКЕН» ИДЕЯЛЫК БААЛУУЛУКТАРГА НЕГИЗДЕНЕТ

Кечээ жакында эле кыргыздын айтыш өнөрүнө экинчи өмүр берип, ушу тапта «Курманжан датка»тасмасы менен элибизди бүт дүйнөгө таанытып жүргөн таланттуу кинорежиссёр Садык Шер «Ата Мекен»социалисттик партиясына мүчө болуп кирди. Ага чейин бул партияда анын агасы Болот Шер бар болчу. Көк бөрүнү эл аралык деңгээлге көтөрүп, эрежеси жок улуттук оюнду чоң спорттун алкагына салган, көп жыл бул федерацияга төрагалык кылган Болот Шерди кимдер гана билбейт?! Депутат болуп жүргөндө эл өкүлдөрү жыйынында кыргыздын улуттук оюндары жөнүндөгү мыйзамды демилгелеп, өткөргөндөрдүн бири дал ушул Болот Шер. Соңку кезде болсо меценаттык кылып, Байдылда Сарногоев, Алым Токтомушев өңдүү орошон таланттардын китептерин чыгарууга, эстеликтерин орнотууга салым кошуп келе жатат. Белгилүү акын Шайлообек Дүйшеевдин «Болот Шерге Кудай өмүр берсин, ал тирүү турса баарыбызга эстелик тургузат»деп алкаганы да бекеринен эместир.

БИР ТУУГАНДАРДЫН БИР ПАРТИЯДА БОЛГОНУ ТУУРАБЫ?
Ушундан улам «эмне үчүн Болот Шер менен Садык Шер экөө бир партияга мүчө болушту, деги эле бир туугандардын бир партияда болгону, үй-бүлөлүк династияга айлантканы турабы?»деген суроо туулбай койбойт. Көрсө, Садык Шердин «Ата Мекенге»кириши кокусунан кабыл алынган чечим эмес экен. Алардын эң улуу агасы, маркум Эркин Шерниязов адегенде Кыргызстан демократиялык кыймылынын, «Ашар»козголушунун башында туруп, андан соң «Ата Мекен»партиясын түптөөгө активдүү катышкан экен.
Демократиясы, парламентаризми өнүккөн өлкөлөрдүн көбү үчүн династиялар кадыресе жана салттуу көрүнүш. Айталы, Сингапурда, Индонезияда, Индияда, Европанын көп өлкөлөрүндө, Америкада династиялар салтка айланган. Кайсы бир саясатчы кайсы бир партияга мүчө болуп кирсе, инилери, карындаштары, балдары, неберелери да анын жолун улантат. Буга Индиядагы Гандилердин (Карамчанд Ганди, Махатма Ганди, Индира Ганди, Раджив Ганди, Соня Ганди, Рахул Ганди), Нерулардын (Мотилал Неру, Жавахарлал Неру), Пакистанда Бхуттолордун (Шах Наваз Бхутто, Зульфикар Али-хан Бхутто, Беназир Бхутто), АКШда Кеннедилердин (Жон Кеннеди, Роберт Кеннеди,Тед Кеннеди) династиясын мисалга келтирсек болот. АКШда азыр Буштардын үчүнчү мууну, Флориданын мурдагы губернатору Жеб Буш президенттикке ат салышууга камданып турат. Анын атасы Жорж Буш, чоң атасы Жорж Герберт Уокер Буш да "Республикачылар" партиясына мүчө болушкан. Алдыдагы президенттик таймашта Жеб Буштун атаандашы экс-президент, демократ Билл Клинтондун жубайы, дагы бир демократ Хиллари айым болмокчу.

ЖАКШЫ ЖӨРӨЛГӨ АЗЫРЫНЧА «АТА МЕКЕН»ПАРТИЯСЫНДА ГАНА БАЙКАЛУУДА
Кыргызстанда болсо партиялар коммерциялык долбоордун эле бир түрүн эске салат. Шайлоо болор алдында идеологиясы боюнча да, жарандык позициясы боюнча да бири-бири менен такыр коошпогон кишилер ортого акча жыйнап, кыска убакытка бириге калышат. Өнөктүк бүткөн соң кайра ар кимиси ар тарапка тарап кетишет. Аларды убактылуу бириктирген – тар кызыкчылык, пайда табууну көздөгөн куу эсеп. Ал эми идеалында болсо партия – бул идеология, жашоо образы болушу керек. Идеология, жашоо образы болсо муундан-муунга өтө турган нерсе. Атасы кайсы идеяны тутунуп, кайсы ишти жасаса, инилери, балдары да ошону улантат. Династиялар пайда болот. Атадан балага, муундан муунга өтчү дөөлөт, баалуулук партиянын ичинде да болушу керек. Жашоо образы баалуулук болуп калганда гана партиялар калыптанды деп айтсак болот. Адамдар түндүк-түштүк, нарындык, оштук деп регионализм, жердешчилик белгилери боюнча эмес, социалист же либерал деген ой жүгүртүүсү менен бөлүнүп турушу керек. Бизде ушундай жөрөлгө, салт азырынча жалгыз «Ата Мекен»партиясында гана байкалууда. Садык Шердей болуп агаларынын, аталарынын ишин уланткан, бир кезде жаштар канатынын мүчөсү катары кирген соң узак жылдар бою телчигип, азыр белдүү саясатчыга айланган кишилер бул партияда көп эле.
Советтик доордо жашаган бир карт партократ өлүп баратып балдарына «эми силерди сүрөп, колдоп жүрө турган эч ким жок. «Заманың бөрү болсо, бөрү бол»дейт. Силер да заман кандай болсо, ошого ылайык болгула. Эси жоктук кылып баарың бир партияга кирип албагыла. Бешөөң беш партияга кирип, кайсы партиянын иши жүрүшсө, ошонуңар калганыңарды колдоп жүрөсүңөр»деп кеңеш айткан экен.
Азыр биздин көп партияларда так жогорудагы анекдоттой саясат жүрүп жатат.

Азиз Курамаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Alibi
2015-07-11 13:42:56
Ата Мекен ар дайым эл менен мен Ата Мекенди колдойм жана анын келечекте кыргыз элине кереги тийген партиялардын сап башында тураарына ишенем!
0
№ 661, 3-июль-9-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан