Көпчүлүк жаштар күтүп көргөн «Браво» телеберүүсүнүн жагымдуу алпаруучусу Эрмек менен тааныштырабыз.
Эрмек 1985-жылы 8-октябрда Карабалта шаарында төрөлүп өскөн. Бош убактысында достору менен көңүл ачууну жактырат. Учурда Бишкектеги кыргыз-орус Славян университетинин юридикалык факультетинин 4-курсунда окуйт.
– Эрмек, «Бравого» кандайча келип калгансың?
– «Браво» телеберүүсүнө кастинг аркылуу кабыл алынгам. Телевизордон жаш алпаруучуларга конкурс жарыяланып жатканын угуп, катышып көрүүнү чечкем. Негизи, мен окуучу кезимден ар кандай конкурстарга, КВНдерге катышып, талантымды тартуулап жүрчүмүн. Ошондон уламбы, эч ойлонбостон кастингге катышып, өзүмдү сынап көрөйүн дегем. Кастингге катышуучулардын саны абдан көп экен. Ошентсе да Ассоль Молдокматова менен Канат Култаев уюштурган кастингден ийгиликтүү өтүп кеткем. Ал эми шеригим Элнура менен «Бравого» чейин эле тааныш болчумун. Ошондуктан, бирге иштеше баштаганда тез эле тил табышып, программага чогуу сценарий түзө баштаганбыз.– Жаңы эфирге чыгып жүргөндө туура эмес сүйлөп алып, ыңгайсыз абалда калган учурларың болгонбу?
– Жок. Анткени, жогоруда айтып кеткендей мен эфирге чыкканга чейин элдин сүрү, микрофон деген нерселер менен жакшы тааныш болуп калгам. Буга кошумча, Нурзаттын жардамы тийди. Анткени, кээ бир сөздөрдөн такалып баратсам Нурзат оңдоп кетчү.
– Сенин КВНдерге катышып жүргөнүңдү билебиз. Ушул тууралуу айта кетсең?
– Мектепте экенимде эле КВНдерге катышып тажрыйбам болгондуктан, окууга өткөн соң университеттин курама КВН командасына кошулгам. Ал эми былтыр «Жылдын мыкты КВН оюнчусу» наамын утуп алгам.
– Эфирге да, окууңа да, КВНге да кантип жетишесиң?
– Негизи, бири-бирине тоскоол деле болбойт. Кайра бири-бирин толуктап тургандай сезилет. Анан дагы мен бир багытта гана жүргүм келбейт. Ушундан улам көп нерсеге жетишүүгө аракеттенем. Негизи, убактымды туура бөлүштүрүшүм керек.
– Көчөдөн сени көрүп, тааныгандар болсо керек?
– Кездешет. Жайында апама жардам бергени базарга соода кылганы чыктым. Соода кылганы келген кыздар мени карашып «Браво го, Браво го» деп жаткандарын уккан апам: «Ооба, Браво, эми бизден бир нерсе алгыла» деп тамашалаганы эсимде.
– Окууңду бүтсөң, өз кесибиң менен иштейсиңби?
– Буюрса, окуумду бүтсөм, кесибим боюнча юрист болуп иштесем деген оюм бар. Анткени, мен бул кесиптин ээси болуш үчүн көп аракеттенгем. Мектепти кызыл аттестат менен бүтүп, өз күчүм менен бюджеттик бөлүмгө өткөм. Бирок, бир кесип менен гана тим болбостон, көңүлүмө жаккан иштерди кошо аркалап кетсем деген тилегим бар.
– Сүйүүңдү арнаган адамың барбы?
– Көңүлүмө жаккан кыздар бар. Бирок, бирөөнө да сүйүүмдү арнай элекмин.
Маектешкен Жаркынай Нусубалиева