5-июнда Бишкек шаарындагы Бала жана энени коргоо улуттук борборунда Бактыгүл аттуу Жалал-Абад облусунун тургуну үч эм наристени жарык дүйнөгө алып келген. Анын барарга жери жок, кароосуз экендиги билинип, эне ымыркайлары менен Бишкектеги адистештирилген балдар үйүнө жайгаштырылган. Бактыгүл айымга жолугуп, балдарынын ден соолугун сураганча баарлашып кайттык.
«ЖОЛДОШУМДУН ДОСТОРУ КИЙЛИГИШПЕГЕНДЕ...»– Мен Жалал-Абад облусунда 1992-жылы туулгам. 2014-жылдын август айынын башында Кочкор районунун Кара-Суу айылынын тургуну Алтынбек Үсөнбек уулуна турмушка чыктым. Экөөбүз бири-бирибиздин көңүлүбүздү таап, өз тандообуз менен үйлөнгөнбүз. Ортодогу чыр-чатактын келип чыгышына жана ырбашына жолдошумдун достору себепкер болду. Алтынбек өз үй-бүлөсүн өзү билип, өзү каалагандай чече алган жок. Турмушта казан-аяк кагышат экен, ага экөөбүз тең күнөөлүүбүз. Бирок бир үйдүн жарыгы бир үйгө тийбейт да. Ортодон жолдошумдун достору келип аралашып, «сени кетирип, досубузга башка аял алып беребиз» деп туруп алышты. Ооба, ошол учурда кош бойлуу болгондуктан үйдөгү өйдө-ылдый маселелерди оор кабыл алып, жолдошума өчөшүп, тилимди тартпай туруп алган күндөрүм да болгон. Албетте, бул кыялым кайын-журтума жаккан жок.
«МЕНДЕН БААРЫ БАШ ТАРТЫШТЫ»
– Акыры ар ким кийлигишип жатып декабрдын башында биздин уя бузулду. Мен Жалал-Абадга апама келдим. Үйдөн кусуп, тамакка табитим тартпай жатканын байкаган апам «кош бойлуусуңбу?» деди. Ошол учурда кайненем апама телефон чалып, жамандап койгон экен. Апам «барган жериңе жакшы келин болбопсуң, кайненең айтып жатат. Кыз келин болуп барган жеринен кайтпай, өлсө сөөгү ошол журттан чыгышы керек» деп катуу айтып урушту. Өзүм кош бойлуу болсом, мындай сөздү көтөрө албай, Бишкекке кетип калдым. Бул жактан көрүнгөн жумушту кылдым. «Ош базарга» манты жасап чыгып саттым. Оор тартып, ичим чоңоё баштаганда бирөөлөрдүн баласын багып иштедим. Ошол кезге чейин УЗИге түшүп, курсактагы баланын абалын билүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок. Жашай турган жерим да жок болгондуктан 6 жарым айлык болуп калганда мечитке бардым. Ал жактан Зарина Батыралиева аттуу эжеге жолуктум. Эже мени өзү менен чогуу жашатып жүрдү. 8 ай толду дегенде УЗИге түшсөм, «эгиз экен, бири уул, бири кыз» дешти. Андан соң Зарина эже мени №6-төрөт үйүнө каттоого тургузду. Ошол жерден алдын ала текшерүү жүргүзүшүп, наристелеримдин 3 эм экенин айтышты. 4-июнда толгоом башталып, күндүзгү саат 4тө суу кетип баштады. Ошол боюнча түнкү саат 3кө чейин суу токтогон жок. Акушерлер «кесарево жолу менен төрөтпөсөк, суу көп кетип кургап калды, кыйналасың» дешти.
Баарын сезип турат экенсиң. Алгач уулум, андан кийин удаа эки кызым төрөлдү. Кудай сүйгөн пендесине наристе берет деген чын экен. Ушундай балдарынан баш тарткан жолдошума аябай капамын. Мен көз жаргандан кийин бул жактан социалдык кызматкерлер жолдошума барып «келинчегиң үч эмди жарыкка алып келди. Балдарыңды кабыл аласыңбы?» десе, «жок, алардын менден экенине күмөнүм бар» деп келбей коюптур. Анда «ДНКсын текшертип, өзүңдөн кан алууга уруксат бер» дешсе да качып болбой койду. Деги эмне каалап жатканын түшүнбөй койдум. Көз жарганга чейин анын акыркы чечимин угуш үчүн «чогуу жашайлы, аттарын өзүң кой, фамилияңды бер» деп телефон чалганымды койгон жокмун. Бир ирет «макул, балдарымды барып көрөйүн, алып кетейин» деген. Мен ага сүйүнүп, баарына «жолдошум келип алып кетем деди» деп айтып койгом. Бирок келген жок. Үмүтүм үзүлгөн соң балдардын жана өзүмдүн ден соолугум турукташкыча Бишкектеги адистештирилген балдар үйүнө чыгарышты. 6 ай ушул жакта жашайт экенмин. Андан аркысын балдардын ырыскысы түгөнбөсө көрөбүз да. Кудай балдарымдын ырыскысына дагы бир нерсе даярдап тургандыр. Кыздарыма Ханифа жана Хабиба, ал эми уулума Хабибулла деген ысымдарды ыйгардым.
Бактыгүл Камчыбек кызына өкмөт 300 миң сом, ал эми президент 100 миң сом жардам катары ыйгарды. Ал өз кезегинде үч эмден сырткары дагы баласы бар экенин кабарлаган. Бул маалыматты жокко чыгарбаса дагы "Мен мурунку жашоомо кайрылгым келбейт. Азыр мен үчүн үч эм наристемдин аман-эсен чоңоюшу маанилүү" деген оюн билдирип, башка баласы тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg