АЯШЫМ МЕНЕН ӨТКӨРГӨН ТҮН

Бул окуя мен бойдок кезде болгон эле. Эң жакын досторумдун бири Эмиржандын Дилбар деген аргын улуттагы келинчеги бар болчу. Куурчактай келбети, татына жүзү менен бир көргөн кишини өзүнө бат тартып алаар эле.
Балакет басып, мен да досумдукуна барып калганда жанынан чыккым келбей, сүйлөшкүм эле келе берчү. Бирок, досум жаман ойлобосун деп өзүмдү карманчумун. Кыскасы, Дилбарды көрүш үчүн ар нерсени шылтоолоп алардыкына көп бараар элем. Бир жолу алардын үйүнүн жанынан өтүп бара жатып кайрылып калдым. Кирсем аяшым жалгыз экен. Эмиржандын зарыл жумуштары чыгып, айылга кеткендигин айтты. Табылбай турган мен дароо эле:
– Кап этпесең бир аз жылынып кетейин, кандай дейсиң?- десем ал жылмайып:
– Кир, сен үчүн эшик ачык. Ансыз да жалгыз тамактангым келбей отурат элем, жакшы болбодубу,- деп калды.
Ичимден жым дей түштүм. Шапылдаган аяшым арыдан-бери үстөлдүн үстүн жайната салды.
– Сүйгөн жарың маңдайыңда, сени сыйлап отурса кандай сонун. Мен эртерээк үйлөнбөсөм болбой калды,- дедим тамашалай.
Экөөбүз бапылдашып өткөн-кеткенди сөз кылып отурдук. Ичимден досумдун бактысына көз артып, Дилбаржанга мурун жолукпай калганыма өкүнүп кеттим. Карасаң кылыгы менен адамды балкытып эритип жиберет. Карап эле отура бергиң келет. Бирок, сыр бербей сүйлөп жаттым. Эм­негедир байкасам аяшымдын көздөрү ойноктоп, жай таба албай жаткансыйт. Кара күчкө эмне дээр экен деп:
– Кой эми, аяш, аш бергенге баш берсин, мен жылайын эми,- дедим.
Ал болсо:
– Жалгыз корком. Бүгүн биздикине эле түнөп кетчи,- деп жооп берди.
Көптөн көп күткө­нүм ишке ашат окшойт деп жым дей түштүм. Жаным жай ала албай жүрөгүм өзүнөн-өзү түрсүл­дөп чыкса болобу!.. Эмне деп «ишти» баштаарымды билбей:
– Дилбаржан, көзүмө бир нерсе тү­шүп кетти окшойт. Карап берип койчу,- деп калдым.
Кериле басып келип назик колдору менин көзүмдү кармалай кет­ти эле, дене боюм чымырап чыкты. Аяшымдын атыры ого бетер делебемди козгоп барып оолактайын дегенде шап белден тартып аптыга өпкүлөп жибердим. Бири-бирибизге кыналышып, аяшым экөөбүз лаззат түнүн бирге өткөрүүгө төшөккө кулап түш­түк. Кийин досум менен жолукканда ага билгизбей мыйыгыман күлүп калам.

Жаныбек

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (43)
kapo1
2014-04-23 08:53:03
озундун башына тушот ушул иш.ошондо лазатты аялынан сура
0
nazikolove
2014-04-23 20:11:35
мыйыгымдан кулуп калам дегенин карасан,анкоо десе
+1
admin_portal
2014-05-16 09:48:32
timashi - 5 күнгө БАН!
Коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
-2
monchok
2014-05-16 11:35:45
Аяшын дагы ичи таза адам эмес экенда
+1
bektursun2010
2014-07-27 18:11:14
достордон этият болгон дурус окшойт
+1
Nursultan
2014-07-27 21:06:44
Аябай Жакшы иш кылыпсын
0
orozovmarat
2014-10-29 22:23:18
Шайтан Арабаааааааа
0
Paiaz
2014-11-01 12:55:10
Уятын болсо мындай ишке барбайт элен досту кыйын кундо сына деген накыл соз болчу эле ал досунун жоктугунан пайдаланып аялын жайлап кетиптир аят мындай иш досун билсе эмне деп жооп бересин кантип бетин карайсын
0
temirov76
2014-11-29 20:54:29
Жазганын вобще эле окшошпойт бирок чын болсо эми ошол досунду кайсы бетин менен дос деп журосун?
0
Rashinboy
2014-12-13 19:39:03
temirov76, Чыныгы дос досунун жакындарына коз артпайт.
0
kenje_tomas
2014-12-11 23:44:02
Бир эле адам куноолуу эмес да бул жерде,аялын жалгыз таштап кеткен досу.Анан да кунаажын козун сузбосо бука жибин узбойт
0
boss79
2015-01-21 04:21:39
Сендей достон аяшындай катындан кудай сактасын..оо кудайым баардыгыбызга ыйман бере кор
-1
jaki_87
2015-03-15 13:15:49
Акмак экенсинго
0
kilim
2015-09-13 19:30:46
катын жафа итбафа деген ушууул
0
dasta
2015-09-27 18:37:24
кандай жуурсон ошондой аялга тууш келессин ушуну да колдон чгарба
0
eldiyarmacho
2016-07-23 02:02:57
Постанова очередное
0
№ 214, 8-14-декабрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан