Тамашоучу, “Позитифф”командасынын оюнчусу МЫКТЫБЕК МУКАЕВ Орусиянын ТНТ каналында өткөн «Comedy Баттл» долбооруна катышып келди.
– Салам, Мыктыбек! «Comedy Баттл» долбооруна кантип катышып калдың?
– Саламатсыздарбы?! Бул долбоорго Акимжан Карасаевдин сунушу менен катыштым. Ал кастинг кайда, качан жана кандай өтөрүн, биздин тамашалар менен ал жакта ийгилик жаратканга толук мүмкүнчүлүк бар экенин айткан болчу.
– Демек, сен үчүн Орусиянын долбооруна катышуу көп деле кыйынчылык жаратпаптыр да?
– Ооба, бирок каражат жактан тартыштык жаралды. Көпкө чейин демөөрчү издеп таппаган соң тааныш байкелерибиз колдоо көрсөтүп тандоо туруна жөнөтүштү. Жалпысынан Кыргызстандан 6 адам барганбыз. Санкт-Петербург шаарында болгон кастингден өтпөй калгам. Бактым бар экен, Москва шаарындагы кастингге катышып өтүп кеттим.
– Орусиялык атактуу күлкү жаратуучулардын астында тамаша айтыш кандай экен?
– «Баттлдын» сахнасына чыкканда толкундоолор болду, анан калыстар тобу “сен экинчи турга өттүң” дегенде абдан кубандым. Ал эми калыстар тобунун мүчөсү Юлия Ахмедова “мен да Кыргызстанда чоңойгом” дегенде абдан сыймыктандым.
– Экинчи турга качан барасың?
– Кийинки турга качан барарым сыр боло турсун. Буюрса, экинчи турда Кыргызстан менен Орусиянын мамилелери, өзүм жана туулуп-өскөн айылым жөнүндө тамашалар болмокчу.
– Маегиңе рахмат, ийгилик!