
Кыргыз эстрадасынын көрүнүктүү өкүлү Динара Акулованын жолун кичүү кызы Малика Дина улантып келе жатканын көпчүлүк билет. Мына ошол эрке кыз Малика жакында эне статусуна ээ болот. Бул туурасында ырчынын апасы Динара айым: «Былтыр Маликага сөйкө салып кетишкен, андан кийин эле турмушка чыгып, жолдошу менен Америкага кеткен. Ошол учурда кызым Америкадагы Манхэттен шаарында музыкалык окуу жайлардын биринде вокал боюнча билим алып жаткан. Окуусунан калтырбайлы, алагды болбосун, аяктап келсин, анан той берели деп кеңешкенбиз. Окуусун ийгиликтүү бүтүп келген, андан да жагымдуусу – мени 2-3 айдан кийин неберелүү кылганы турат»,- деп билдирди. Малика Динанын аман-эсен көз жарып алуусун каалайбыз!