13-июлда кары-картаӊдардын пенсиясына бериле турчу акчаны каракчылык менен тоноого аракет кылган факт Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунда катталды. «Кыргыз почтасынын» Ак-Талаа районундагы филиалынын кассири банктан акча алып келе жатканда ага курал менен кол салуу болгон.
«КУРАЛЫМ БАР БОЛЧУ, КОЛДОНУУГА ЖЕТИШПЕЙ КАЛДЫМ»
Окуяны «Кыргыз почтасынын» Ак-Талаа районундагы филиалынын кызматкери, кассирдин коштоочусу 57 жаштагы Каныбек Турганов төмөнкүчө баяндап берди: – 13-июль күнү почтанын кассири, мен жана айдоочу үчөөбүз банкка барганбыз. Ал жактан кассир райондогу пенсияга делген акчаны алып, кайра почтаны көздөй келе жатканбыз. Күндүзгү саат 11 жарым чамасы болчу. Капта кагаз акчалар менен катар тыйындар да бар болгондуктан оор болчу. Ошон үчүн капты мен көтөрүп, унаадан биринчи түштүм. Айдоочу менен кассир машинадан түшүшө элек болчу. Аӊгыча бирөө артымдан «Акчаларды жерге кой дагы, колуӊду көтөр!» деди. Кайрылып карасам, бейтааныш жаш жигит мылтык кезеп туруптур. Бетинде бет кап жок, жалгыз болчу.
Байкашымча, колундагы 28 калибрдүү аӊчылыкка колдонулуучу мылтык экен. Мен унааны айланып качтым. Эгер анын жанында башка бирөөлөр болгондо мен качып бара жатканда келип кол салышат беле дейм да. Почтанын тосмосунан кире бергенде мылтыгы менен мени көздөй атып жиберди. Акча салынган капты көтөргөн боюнча почтанын имаратына кирип кетүүгө үлгүрдүм. Кирсем бутумдан ылдый кан агып баштаптыр. Бутумдун балтырына ок жаӊылганын имараттын ичине киргенде билдим. Башка кызматкерлер акчаны алып, мага жардам көрсөтүп, «Тез жардам» чакырышты. Доктурлар операция жасашып, бутумдун ичинде калып калган бытыраларды алып чыгышты. Бактыма жараша, сөөк жабыркабаптыр.
Менин жанымда уруксаты бар кызматтык куралым бар болчу. Аны алып чыгып каршылык көрсөтүүгө убактым болгон жок. Кылмышкер мылтык кезеп турганда акчаны алып качып кетүү ыӊгайлуураак болду. Кудай буюрса, доктурлар жакынкы күндөрдө үйгө чыгарабыз дешүүдө. Беш жылдан бери ушул кызматты аркалап келем. Бул мөөнөт ичинде мындай окуяга кабылган эмесмин.
«КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮНҮ ТАЛААДАН КАРМАШТЫ»
«Кыргыз почтасынын»
Ак-Талаа райондук филиалынын башчысы Абдысадык Артыков кол салган жаран 25 жаштагы Ысык-Көл облусунун тургуну экенин айтат.
– Элге пенсия таратар мезгили келип калган. 13-июлда кассир коштоочусу менен банктан акча алып келгени кеткен. Түшкү саат 11:30дар чамасында эшиктин алдында ызы-чуу болуп калды. Көрсө, кассирди аӊдып жүргөндөр ага кол салып, акчаны тоноого аракет жасашкан экен. Бактыга жараша, кассирдин коштоочусу элдин акчасын шылуундарга бербей алып калды. Жалпы сумма 1 миллион 300 миӊ сом болчу. Кол салган жаран сакчыга ок атканда почтанын айланасындагы кишилер ызы-чуу түшүп, окуяга күбө болгондордун саны көп. Ал мылтык кезеп жанына эч кимди жакындатпай, кайрадан унаасына отуруп качып кетиптир. Аны эртеси күнү кечки саат 7 жарымдар чамасында талаада жашынып жаткан жеринен кармашты. Менин маалыматым боюнча, колго түшкөн жаран 1990-жылы Ак-Талаа районунда төрөлүп, кийин ата-энеси менен Чүй тарапка көчүп кетишкен экен. Ата-энеси андан кийин Орусияга көчүп кетишиптир. Ал эми колго түшкөн Самат Талантбек уулу Ысык-Көл облусунда туугандарынын колунда чоӊоюптур. Милиция кызматкерлери суракка алганда, ал бирөөгө көп суммадагы акча карыз болгондуктан ушундай жолго барганын айтыптыр.
«ШЕКТҮҮ ОРУСИЯДАН ЖАКЫНДА ЭЛЕ КЕЛГЕН»
Ак-Талаа РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери Мирлан Ашырбаев буларды кошумчалады.
– Кылмышка шектүүнү колго түшүрүү үчүн Нарын ОИИБинин башчысынын орун басары Чолпон Жусубалиев баш болгон бир нече кызматкерлер келишип, шектүүнү колго түшүрдүк. Шектүү Самат Талантбек уулу 14-июль күнү кечки саат 7лер чамасында Ак-Талаанын Кайыӊды-Булак айылына караштуу Кундуз-Булак аймагындагы талаада жашынып жаткан жеринен кармалды. Ал кылмышты моюнуна алып, анын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) менен иш козголду. Шектүү жакында эле Орусиядан келген. Ал 10-класска чейин Баетов айылынын Карасартов атындагы орто мектебинде окуп кеткен. Ак-Талаага айылдагы үйүн сатыкка коюу үчүн келип, акчага муктаждык чыгып калып жогорудагы кылмышка барганын түшүндүрдү.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg