«КУМТӨР»: КҮЗДӨН АМАН ЧЫКСАК ЭКЕН...

Министрлер кабинети жыл аягына чейин «КумтөрГолдКомпани» ишканасына Кумтөр кенинде тоо-кен иштерин жүргүзүүгө уруксат берди. Бирок алтын өндүрүүчү ишкананын айланасындагы ызы-чуу күзүндө жаӊы күч менен от алчудай.

Кыргыз Республикасынын өкмөтү атмосферага жана уулуу заттарды сактоочу жайга калдыктарды жайгаштырууга 2015-жылдын 31-декабрына чейин уруксат бергендиги жөнүндөгү маалымат канадалык алтын өндүрүүчү «ЦентерраГолдИнк.» компаниясынын сайтына 3-июлда жарыяланды. Башкача айтканда, өкмөттүн кендеги тоо-кен иштеринин планын бекитүү маселесинин мөөнөтү аяктаарына бир нече күн калганда жарыяланып отурат.
Эске салсак, бул маселени Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттиги бекитиши керек эле. Бирок бул ведомство Курчап турган чөйрөнү жана токой чарбачылыгын коргоо агенттигинин макулдугусуз мындай чечим кабыл ала албайт болчу.
– Кумтөрдөгү тоо-кен иштеринин планы боюнча үч экспертиза өткөрүлөт. Анын экөө Мамгеологиянын карамагында. Алар өткөрүлдү. Үчүнчүсүн Курчап турган чөйрөнү жана токой чарбачылыгын коргоо агенттиги өткөрөт. Мына ошол жерден иш токтоп калды. Себеби Суу кодексине ылайык мөӊгүгө жакын аймакта иш жүргүзүүгө болбойт,- дейт Мамгеология башчысы Дүйшөнбек Зилалиев. Агенттикте депутаттар стратегиялык маанидеги Кумтөрдүн ишин мыйзамдаштыруучу Суу кодексине болгон оӊдоп-түзөөлөрдү киргизбегендиктен, тоо-кен иштеринин планына макулдук бере алышкан жок. Туӊгуюк кырдаал түзүлдү. Мындай учурда чекитти өкмөт эле коё алмак жана өкмөт Кумтөргө убактылуу уруксат берүү менен маселени чечти.
Кумтөрдөгү кен казуунун токтошу олуттуу экономикалык жыйынтыктарга алып келерин эске алганда, өкмөттүн мындай чечимди кабыл алуудан башка аргасы жок болчу.
Акыркы статистикага карасак түшүнүктүү болот. Мамстаткомдун маалыматына таянсак, 2015-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстандын ИДПсы 172 миллиард сомду түздү. Ведомствонун маалыматына ылайык, былтыркы жылдагы эле ушул аралыкты салыштырганда ИДП 7,3 пайызга өскөн.
– Ошол эле убакта Кумтөр кениндеги ишканалардын иш жыйынтыктарын эске албаганда, өндүрүштүн көлөмү болгону 4,7 пайызга өскөн,- деп маалымдады Мамлекеттик статистикалык комитетинин төрагасынын орун басары Жанбулат Байжуманов.
Ошол эле убакта Темир Сариевдин ЖМК өкүлдөрүнүн жетекчилери менен жолугушуусунда премьер-министр Кумтөр маселесин экономикалык көз карашта кантип кароо керек экендигин айтып өттү:
– Биз өкмөттүн буйругун кабыл алдык жана тез арада тоо-кен иштеринин планын макулдашууну тапшырдык. Сүйлөшүү процессин жандандырып «ЦентерраГолдИнк.» менен консультация иштерин жүргүзө баштадык. Жакынкы арада оптималдуу вариантын тандайбыз деп үмүттөнөм. Алар экөө. Биринчиси – жаӊы шарттар менен биргелешкен ишкана түзүү. Аны тоо-кен иштеринин планы өзгөргөндүктөн токтотуп коюшкан. Экинчиси – биз «ЦентерраГолдИнк.» ишканасында калуу менен Кыргызстандын позицияларын жакшыртуу иштерин жүргүзүшүбүз керек. Директорлор кеӊешиндеги позициябызды күчөтүп, экологиялык төлөмдөрдү жогорулатып, «ЦентерраГолдИнктин» ишин жакшыртып жана акционерлердин маселесин иштеп чыгуубуз зарыл. Биз көбүрөөк пайда алып калууга кызыкдарбыз жана жогорудагы 2 вариант менен теӊ бара алабыз. Бул экономикалык долбоор. Мен парламентте саясий көз караштан экономикалык көз карашка өтсөк, бул маселени чечүү кыйла оӊой болмок деп айттым.
Бул, албетте, министрлер кабинети долбоорду реструктуризациялоодон эмнени каалап жаткандыгын биротоло чечти дегенди түшүндүрбөйт. Бирок канткен күндө да бул Кумтөр маселесин чечүү жоопкерчилигинен фокус көрсөтүүчү кишидей ыкчам кутулган парламентарийлердин позициясынан өйдө турат. Анан калса, күзүндө парламентарийлер уят-сыйытты жыйыштырып бул маселени шайлоо кампаниясында негизги көзүр катары пайдаланышары бышык.
Ачык айтканда, шайлоонун шаӊы менен кайра талапкер болчу азыркы эл өкүлдөрү өздөрүнүн канадалык инвесторлор менен болгон мамилеси кандай болорун бир жактуу чечкенге алы жетпесе керек. Жыйынтыгында маселе кийинки кайра эле Кумтөр менен күрөшкөн болуп, бул өлбөс темадан упай топтогон айтылуу депутаттардан турган депутаттык чакырылышка мураска калат.
Бирок парламентарийлер Кумтөрдүн айланасындагы конфликт алардын «жеӊиши» менен бүтүп калышы мүмкүн экендигин унутпашы керек. Башкача айтканда, канадалыктар 2009-жылдагы макулдашууга ылайык, мамлекет аларга тоскоол боло берсе, долбоордон чыгып кетүүгө толук укугу бар. Анте турган болсо, биз консервацияланышы керек болгон токтогон кенди алып отуруп калабыз. Бул деген «ЦентерраГолдИнктеги» Кыргызалтын ААКсынын акцияларынын баасын жоготушуна алып келет. Бул эле эмес.
Белгисиз мөөнөткө 5 миӊден ашуун киши жумушсуз калат. Кумтөр токтой турган болсо, Кыргызстандын ИДПсы 10-12 пайызга азаят. Бюджеттин кирешеси 5 миллиард салыктан, 1 миллиард социалдык төлөмдөрдөн кур жалак калат.
Мындан сырткары мөӊгү массаларынын көзөмөлгө алынбаган кыймылы күчөшү мүмкүн. «Кенди мажбурлап токтотуунун» юридикалык натыйжасы болушу ыктымал, ошол эле 2009-жылдагы макулдашуунун алкагында «Центерранын», көптөгөн акционерлердин сотко кайрылуусу болбойт деп айтуу кыйын. Борбордук карьердин борттору урап, анын чөгүп кетүү тобокелчилиги да бар экенин эске алалы.
250 тонна алтын запастарына кирүү жолдорун жоготуп алуу тобокелчилигин да унутпоо керек. Кыргызалтын ААКсынын финансылык-экономикалык абалы начарлап Макмал, Терек-Сай, Солтон-Сары кенинде иш токтошу мүмкүн. Кырдаал ушул темпте улана берсе, рекультивация иши Кыргызстандын эле жүгү болуп калат. Ал болсо арзан эмес иш экенин унутпайлы.

Мирлан Өмүралиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
jaazira13
2015-07-24 10:29:34
каникулга кетеерде маселеничечип кетишсе болмок
0
№ 663, 17-июль-23-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан