ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛОО 4-ОКТЯБРДА ӨТМӨЙ БОЛУУДА

16-июль күнү президент Алмазбек Атамбаев Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасы Туйгунаалы Абдраимовду кабыл алды. Жолугушууда өлкөнүн шайлоо системин өркүндөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында маалымат берилди.
Туйгунаалы Абдраимовдун айтымында, алдыда келе жаткан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине шайлоолорго даярдык, жарандардын биометрикалык маалыматтарын жыйноо, добуштарды электрондук эсептөө ыкмаларын киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле ал мамлекет башчыга шайлоочулардын тизмесин сапаттуу түзүүнү камсыз кылуу, добуштарды эсептөөнү ачык-айкын жүргүзүү боюнча БШК тарабынан көрүлүп жаткан чаралар туурасында айтып берди.
Президент Алмазбек Атамбаев алдыдагы ачык жана калыс өтүүгө тийиш болгон парламенттик шайлоолорго мыкты даярдык көрүүнүн өзгөчө маанисин баса белгиледи.
Азырынча парламенттик шайлоо өтө турган күн белгисиз. Бирок буга чейин БШКнын төрагасы президентке шайлоону 4-октябрда өткөрүү керектиги боюнча катын жолдогон болчу. Айрым маалыматтарга караганда, мамлекет башчы БШКнын төрагасы белгилеген датага макул болуу менен, август айына чейин так датаны белгилеген буйрукка кол коёт.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Taalaibek.
2015-07-20 13:46:41
2015-жылы 15-ноябрга шайлоону кылгыла. Ошондо карапайым элдердин жумуштары бошоп калышат. Карапайым элдерди ойлогула.
0
Maratkgz
2015-07-22 20:47:56
Taalaibek.,качан болсо да честный отпойт
0
hairullo
2015-07-20 22:55:43
Эртераакта
0
№ 663, 17-июль-23-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан