Мындан 5-6 ай мурун жатын моюнчасындагы кенедей ыйлаакчаны алдырам деп ооруканага барган 33 жаштагы Насикат Кемелова учурда бөйрөгүнөн сыртка чыккан түтүк аркылуу заара кылып, баса албай төшөктө жаткан учуру. 3 кызына энелик мээримин төгүп тарбия берер маалында апасынын багуусунда калды. Кыздарынын чачын тарап, кийимдерин жууп үйдө отурган жолдошуна ичи ачышып, мындай абалга кантип туш болгонун айтып берди.
«МЕНДЕН ЖАГЫМСЫЗ ЖЫТ УРУП ТУРАТ»
– 6 ай мурун белим ооруп, менчик ооруканалардын бирине барсам, «жатындын моюнчасында полип (ред. катмарлап кебер же ыйлаакча басып кетүү) бар экен, 12 миӊ сом алып келсеӊ, алып таштайбыз» дешти. Кийин Бишкектеги №2-төрөт үйүнө бардым. Креслого чыгарып карап, «полип оӊой эле болот, 6000 сом берсеӊ, бат эле алып таштайбыз» деп айтышты. Эртеси менден эч кандай анализ албай туруп операция жасай башташты. Ошол боюнча эч нерсе эсимде жок, врачтар мага 7 жарым саат операция жасашыптыр. Эсиме келип, кайда экенимди сурасам, «Улуттук госпиталдын №1-урология бөлүмүндө жатасыӊ» дешти. Көрсө, ага чейин жатындын моюнчасын тазалайбыз деп заара түтүктөрүн бууп салышкан экен. Ошондо бөйрөктөн заара иштелип чыгып, табарсыкка жетпей кайра организмге тепкенде урология бөлүмүнө алып жөнөшүптүр. Ал жактан кандай операция кылышканын билбейм. Жакшынакай турган табарсыгым иштебей калып, ошондон кийин бөйрөктөн сыртка түтүк чыгарышып, азыр минтип 4-5 айдан бери түтүк аркылуу заара кылып калдым. Алдымдан жагымсыз жыт чыгып турат, азыр мени эч бир оорукана албай жатат...
Каарманым Насикат көзүнүн жашын агызып, кебин улай албай койду. Чындыгында бөлмөнүн ичи жагымсыз жыттанып турду. Окуянын чоо-жайын багып жаткан апасы, 63 жаштагы Калича Төлөкова баяндап берди:
«ЖАТЫНЫН КЕСИП КОЛУМА КАРМАТЫП КОЮШТУ»– Насикат менин жалгыз кызым. Бир балам былтыр Орусиядан каза болуп, сөөгү келген. Дагы бир уулум ошол жакка кеткен боюнча дайыны чыкпай жатат. Кызым болсо минтип өлүм менен алпурушууда. Насикаттын болсо 3 кызы бар.
Мен кызымдын операцияга кирип кеткенин ооруканага барганда билдим. Врачтар «бат эле чыгат» дешкенинен эшикте күтүп турсам дайын жок. Кирип кеткенине 3-4 саат болуп кетти.
Ошентип 5 сааттан кийин баштыкка бир нерсе салып чыгып колума карматып, «муну онкологияга алып баргыла» дешти. Карасам жатынга окшогон орган экен. Дагы бир сааттан кийин ошондой баштыкты көтөрүп чыгып, «муну болсо гистологияга жеткиргиле» деди. Операция 7 саатка созулуп аяктады. Бүткөндөн кийин башкы врач бөлмөсүнө чакырып, «колго кармалар эч нерсеси калбаптыр, баары чирип кеткен, бөйрөгүндө да рактын белгилери бар экен. Ошол себептен заарасы чыкпай калды. Мындан аркы жашоосуна кепилдик бере албайбыз, урологияга баргыла» деди. Ал эми гистологияга кеткен жатынга окшош органдын анализинин жыйынтыгын операцияны туура эмес жасаган Чынара Иманова деген хирург алып кетип бербей койду. Ал азыркы учурга чейин Лондондо дедиртип, качып жүрөт.
«ИЧИНДЕГИ ТАМПОН ЧИРИП КЕТИПТИР»
– Кызымды «Тез жардамга» салып алып, №1-урологияга бардык. Колу-буту шишип, заара тээп, денеси керсары боло баштады. Кушеткага салып алып ары-бери сүйрөп жүрүшүп, экинчи операцияга алып кирип кетишти. 1 жарым сааттан кийин «операция ийгиликтүү болду» деп чыгышты. Жүрөгүм ылдыйлап, өзүмө келе түштүм. Врач бөлмөсүнө чакырып, «организм калыптангыча кабатыр болбой тургула» деген. Эртеси күнү бир аз кан аралаш заара ушатып, жандандыруу бөлүмүнөн которулган соӊ таза заара кылып калды. Урологияда бир жумадан ашык дарыланып, үйгө чыгып келди. Бирок дене табы түшпөй койду. Ошондо биринчи операциясын жасаган №2-төрөт үйүнө алып бардык. Дамира Апышева деген врач креслого чыгарып карап эле, «Мынча эмне жыттанып кеткен?» деп таӊ калды. Көрсө, биринчи операцияда кызымдын жатынын жарып алышкан экен, анан тампон коюп туруп жаап салышыптыр. Кан токтогон соӊ алып салыш керек экенин айтып да коюшпаптыр. Ошол тампон 12 күн жүрүп чирип, сасып кетиптир. Өӊүн көрсөӊ капкара. Врач алып чыгып «ушунча сасып кеткиче жүрө бересиӊби?» дейт. Билсек кана ошону? Бул окуядан кийин онкологияда 20 күндөн ашык жатты. Нурга кактап дарылоону көтөрө албай начарлай баштаганда чыгам деп болбой чыгып кетти.
«ЭМИ ООРУКАНАЛАР АЛБАЙ ЖАТЫШАТ»
– Заара бир калыпта чыгып, организм жайына келгенде 3-операциясын жасашып, заара түтүктөрүн салып беришмек. Ошого даяр болуп калган экен, биротоло дарыланып чыксын деп кайра ооруканага бардык. Кызым барса креслого чыгарып, түтүк салып көрөбүз дешкенби, табарсыгына бир нерсе салып көрүшүп кайра сезгентип алышкан окшойт. «Заара чыкчу жериме бир нерсе салганда катуу ооруп, креслодон түшкүчө шаштым, көзүмө от чагылыша түшүп, ошондон бери чыдатпай ачышып ооруп жатат» деп келди. Андан кийин онкологиясына бир, урологиясына бир, операциясын жасаган төрөт бөлүмүнө бир барабыз. Айтор, үч оорукана бири-бирине түртө салып жатып кызым ортодо кала берди. Азыр абалы күндөн күнгө начарлап бара жатат.
Буга чейин ооруп, ооруканалап жүрсө бир жөн эле. Анализ албай туруп операция жасашып, соо кызымды майып кылып салышты.
«АПАСЫ ВРАЧТАРДЫ САБАГАНГА ЧЕЙИН БАРДЫ»
Бул окуя боюнча заара түтүктөрүн зыянга учураткан, жатын моюнчасындагы полипке операция жасаган Бишкектеги №2-төрөт үйүнүн башкы врачы Азамат Алымбаевге кайрылдык:
– Насикат Кемелова бизге полип диагнозу менен жолдомо кагазын алып келди. Бул жактан врачтар полипти алып жатышып, жатынында залалдуу шишик бар экенин байкашкан экен. Биз онколог, хирургдарды чакырып, 6 саатка созулган операция жүргүздүк. Онкологдор анын жатынындагы дартты залалдуу шишиктин 4-стадиясы деп белгилеп беришти. Мындай онкологиялык кийлигишүүнү талап кылган операциялар абдан оор жасалат. Ошол себептен жатынга жакын жайгашкан табарсык, заара өтүүчү түтүктөр жана башка органдарга зыян келбеши үчүн бууп коюу, кесип алып салуу жүйөлүү нерсе. Муну онкологдор да тастыктайт. Андан сырткары шишик жаралган жердеги бездерди, бузулган бөлүктөрдүн баарын алууга туура келет. Заара сыртка чыкпай, бейтаптын абалы оорлой баштаганда урологияга алып бардык. Ал жактан заара сыртка чыккандай кылып бөйрөгүнөн түтүк чыгарып коюшту. Урология бир аз убакыт өткөндөн кийин кайра заара өтүүчү пластикалык түтүктөрдү коюп, баарын калыбына келтирип бермек. Бирок онкологияга жолдомо жазып дарыланууга жөнөтсөк, Кемелова нурга кактануу курсунан качып кетип калыптыр. Туура эмес операция жасалгандыгын моюнубузга алып, пластикалык түтүктөрдү коюу үчүн урологдор жасай турган чыгымдын баарын биз тарталы дегенбиз. Бирок ага чейин бейтап организмин операцияга даярдап, күчтөнүп, ден соолугун чыӊдашы керек эле. Колдон келген жардамыбызды берип эле жаттык. Бир жолу апасы келип, менин врачтарыма да колу тийип, кабинетимди чачып, видеокөзөмөл жабдыктарымдын баарын талкалап кетти. Бул окуяга милиция кызматкерлери кийлигишип жатып араӊ бастык. Муну мен баласына жаны ачыган эненин реакциясы деп түшүндүм, бирок бул кылганы туура эмес.
Насикат Кемелова «ичер суум деле калган жок окшойт, өзүмдүн өлүм алдында жатканымды ойлогондон мурун кыздарыма боорум ачып жатат. Аларды кимге тапшырам, кандай күндү көрүшөт, билбейм» деп муӊканды.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg