Алишер Маданбеков: «ОРУСИЯДАГЫ МИГРАНТТАР ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООДО «АТА МЕКЕНДИ» КОЛДОЙТ»

21-июлда Орусиянын Владивостоктон Москвага чейинки зор аймагында эмгектенип жана жашап жаткан, 29 коомдук-саясий уюмдарга биригишкен 100 миӊдеген кыргыз мигранттарынын лидерлери «Ата Мекен» социалисттик партиясын күздө өтүүчү парламенттик шайлоодо колдоорун расмий түрдө билдиришти. Буга чейин республикадагы «Ашар» баш болгон үй куруучулардын зор армиясынын башын бириктирген коомдук-саясий уюмдар менен кызматташууга кол койгон «Ата Мекен» эми дагы жаӊы күчтөр менен толукталды. Ал эми Мелис Мырзакматов баштаган «Улуттар Биримдиги», генерал Артур Медетбеков жетектеген Кыргызстан элдик-демократиялык партияларынын, Кыргызстандын запастагы офицерлеринин башын бириктирген аскерий уюмдун кошулушу партиянын кадырын дагы бир тепкичке көтөрдү. «Ата Мекен» социалисттик партиясы менен кызматташууга ниеттенгендердин саны күндөн-күнгө көбөйүүдө.


ИЧКИ МИГРАЦИЯДАН СЫРТКЫ МИГРАЦИЯНЫ КӨЗДӨЙ

«Ата Мекен» социалисттик партиясы менен кызматташууга ниеттенген коомдук-саясий уюмдардын, партиялардын өзүнө жараша маселелери бар. Азырынча аларды чечүүдө туруктуу жана принципиалдуу, бай тарыхка эгедер «Ата Мекен» социалисттик партиясы гана туруктуу өнөктөш болорун өз убагында түшүнүштү. «Ашар» баш болгон 100 миӊдеген колдоочулары бар республиканын үй куруучу саясий-коомдук уюмдары ошолордун катарында. Анткени азыр Кыргызстанда турак жай программасынын жоктугунан улам 300 миӊден ашык үй-бүлө тамсыз жашоо кечирсе, үй салып 5-10 жылдап жашап өз үйүнө документ ала албай, каттоосу жок жүргөндөрдүн саны эле 50 миӊ үй-бүлөдөн ашты. Натыйжада жумушсуздуктан Бишкек, Ош шаарларына ички миграциянын негизинде келип үй-өрөзгөр күтүп жашап калгандыгына карабай, каттоонун жоктугунан Конституция аларга ыроологон билим алуу, дарылануу, турак жайга болгон укугунан ажырап отурушат же ал укуктарын кызылдай акчага сатып алууга аргасыз болушууда. Каттоосу жок жаран баласын төрөш үчүн төрөт үйүнө, каза болуп калса мазардан жер алыш үчүн 3-4 миӊ сомдон 20 миӊ сомго чейин акча төлөөгө аргасыз.
«Ата Мекен» социалисттик партиясы Кыргызстандын атуулу республиканын кайсы аймагында жашабасын каттоосуна карабай билим алуу, дарылануу, турак жай укугунан бирдей пайдаланууга укуктуу деген принципти карманып келет. Ушул айдын башында Бишкек шаарындагы «Манас» кинотеатрынын залында Бишкек шаарынын айланасындагы үй куруучулардын уюмдарынын өкүлдөрүнө, коомчулукка, шаар тургундарына «Ата Мекен» социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев «Кыргызстанда турак жай куруунун жаӊы концепциясын» сунуштады. Лидердин бул кадамы коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынып, колдоо тапты. Натыйжада «Ата Мекен» социалисттик партиясынын лидери Текебаев бир тараптан жана экинчи тараптан үй куруучулардын коомдук-саясий биримдигинин төрагасы Жанаалы Шабдырай-Зергер, «Ашар» коомдук бирикмесинин төрагасы Сапарбек Мурзакулов, Кыргызстан үй куруучулардын саясий партиясынын төрагасы Бейшенбек Абдразаков, «Бишкек» коомдук бирикмесинин төрагасы Мухтар Айткулов жана Ак-Өргөө конушунун аймактык-коомдук өз алдынча башкаруусунун төрагасы Бактыбек Акматовдор жогоруда белгиленген маселелерди ырааттуу чечүү максатында атайын кызматташуу келишимине кол коюшту.

«СЫРТТА ЖҮРСӨК ДА ЖҮРӨГҮБҮЗ КЫРГЫЗСТАН ДЕП СОГОТ» ДЕЙТ ЛИДЕРЛЕР
1991-жылдан кийин миграция агымы күчөдү. Орусияга эрте барган алгачкы мигранттар азыр Орусиянын атуулдугун алып, үй-жайлуу болуп бутуна туруп калышты. Бирок көйгөйлөрү чачтан көп. Кыргызстанга келгенде чет элдик болгондугуӊ үчүн өз айылыӊа жардам бере албагандан өткөн кайгы жок. Орусиянын атуулу болгондугу үчүн ири инвестициялык салымдарды Кыргызстандын экономикасына кошо албай жүргөн ири ишкерлер да арбын. Жаӊыдан барып, жаӊыдан бутуна тура баштаган негизги массанын маселелери толтура. Ушундай көйгөйлөрдөн улам мигранттар ондогон жылдардан бери кыргыз өкмөтүнө, парламентине кайрылып келет. Мигранттардын көйгөйүнө «Ата Мекен» көӊүл буруп, «Кош жарандуулук» боюнча мыйзам долбоорун даярдаганы менен, парламенттен колдоо таппады. Натыйжада мигранттардын кош атуулдук проблемасы ондогон маселелерди ээрчитип келди. Орусиянын Владивостоктон Москвага чейин созулуп жаткан мейкиндигиндеги Батыш, Борбордук, Сибирь, Урал, Ыраакы Чыгыш округдарында иштеп жана жашап жатышкан 100 миӊдеген мигранттардын башын бириктирген 29 коомдук-саясий уюмдардын лидерлери атайын маалымат жыйын өткөрүп, күзгү парламенттик шайлоодо аларды 5 жылдан бери колдоп келе жаткан «Ата Мекен» социалисттик партиясын колдоорун жана өздөрү тараптан 5 талапкер партия менен шайлоого барарын билдиришти. Алар «сыртта жүрсөк да жүрөгүбүз Кыргызстан деп согот» дешти.

«БИЗ «АТА МЕКЕН» СОЦИАЛИСТТИК ПАРТИЯСЫН КОЛДООГО КЕЛДИК»
Орусиядагы коомдук-саясий уюмдардын атынан мигранттардын лидерлери Алишер Маданбеков, Таалай Мустапакулов, Бекболот Курманбаев, Темирлан Бекботоев Орусиянын аймагындагы мигранттардын турмуш-тиричилиги, маселелери туурасында кеӊири баяндашып, күздө өтүүчү парламенттик шайлоодо «Ата Мекен» социалисттик партиясын мигранттардын зор армиясы колдоорун билдиришти. «Биз Орусиядагы мигранттардын жоон тобу «Ата Мекен» социалисттик партиясын шайлоодо колдоого келдик, партия ошого татыктуу»,- деди Орусиядагы ишкерлердин өкүлү Таалай Мустапакулов.
Белгилүү болгондой, республиканын кирешесинин маанилүү бөлүгүн Орусияда эмгектенген кыргызстандыктардын каражаты түзөт. «Канчалык алыста жашап, эмгектенсек дагы өзүбүздүн жакындарыбызга жардам берүүнү эсибизден чыгарбайбыз. Бирок мына ошол каражаттар кайра эле сыртка чыгууда. Анткени Кыргызстанда соода жүгүртүү талаптагыдай болбой, өндүрүп чыгарылган товарлардан экспорт басымдуулук кылат. Кыргызстанда болуп жаткан коомдук-саясий өзгөрүүлөргө, бийликке, Жогорку Кеӊешке келе турган эл өкүлдөр үчүн добуш берүүгө кайдигер карабайбыз. Орусиядагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү парламенттик шайлоодо «Ата Мекен» партиясына артыкчылык беребиз. Аталган партия так жана принципиалдуу саясатты карманып, мигранттарга жардам берүүнүн аракетин көрүп келет»,- дейт Кыргызстандык эмгек мигранттарынын аймактар аралык коомдук уюмунун төрагасы Алишер Маданбеков.
«Биздин көйгөйлөр көп, айрыкча азыр мигранттардын укуктарын коргоо боюнча мыйзамдар зарыл. Бул маселелерди чечүүдө саясат абдан маанилүү орунда турат. Жасаган ишин, убадага бек турушун, мигранттарга жардам бере ала тургандыгын карап туруп «Ата Мекен» социалисттик партиясын күзгү шайлоодо колдоону чечтик»,- деди Сибирь округунун «Мекендештер» конгрессинин өкүлү Бекболот Курманбаев.
Ошентип «Ата Мекен» социалисттик партиясын Орусиядагы мигранттардын зор армиясы дагы колдоого алары маалым болду. Эл үчүн эмгектенсеӊ, анын акыбети кайтат деген ушул. Партияга өнөктөш болууну каалагандар менен бүгүн да сүйлөшүүлөр уланууда.

"Ата Мекен" Кыргызстандагы үй куруучулардын коомдук-саясий уюмдары менен кызматташуу аркылуу турак-жай маселесин чечүүгө киришкени жатат.

Мелис Мырзакматов баштаган "Улуттар биримдигинен" кийин генерал Артур Медетбеков жетектеген партиянын кошулушу "Ата Мекендин" кадырын бир тепкичке жогорулатты.

Кудайберген Жумабаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
mirlanpiter
2015-07-27 13:43:13
Шайлоого барса кайсы бир партияны колдойбу,??копчулугу барбайт..мен да барбайм,, озулору ( консулдар посолдор)жайлап шайлашат.!
+2
danik0101
2015-07-29 01:48:53
Ар бир мигранттан сурап коюптурбу? Сурамжылоо жургузуп коргуло эле канча адам колдоорун коросунор....
+1
№ 664, 24-июль-30-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан