Кыргызстан менен АКШнын мамилеси күн санап солгундап баратат. Өткөн жумада Америка Оштогу Июнь каргашасында күнөөлөрү аныкталып, өмүр бою эркинен ажыратылып Кыргызстанда абакта отурган Азимжан Аскаровго «Адам укуктарын коргоочу» деген сыйлыкты ыйгарып, түпөйүл ойлорго түрткөн. Кыргыз мамлекетинин Тышкы иштер министрлиги АКШнын мындай кадамына нааразычылык билдирип, 17-июлда АКШнын Кыргызстандагы убактылуу элчиси Ричард Майлзга каршылык нотасын берген. АКШ үн ката электе, 21-июлда, өкмөт башчы Темир Сариев АКШ өкмөтү менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы 1993-жылдын 19-майында Вашингтондо кол коюлган көмөктөшүүнү жеӊилдетүү боюнча кызматташтык келишиминен бир тараптуу чыгуу тууралуу токтомго кол койду.
Коомчулукта өкмөттүн мындай кадамы ар түркүн пикирлер менен коштолду. Депутат Дастан Бекешев: «Эӊ башкысы Жогорку Кеӊеш, өкмөт жана башка мамлекеттик органдар донордук колдоодон ажырады. Жалпылап айтканда, келишимди денонсациялоо – керексиз жана чектен чыккан аракет»,- деген оюн билдирип чыкты. Ал эми саясий серепчи Марс Сариев: «Мамлекет жетекчилиги ким жана кандайча кемени чайпап жатканын түшүнүп, кырдаалды дестабилизациялоого багытталган иш-чараларды өткөрүүгө жардам кылып жаткан каналдарды бууп коюуну чечти»,- деген оюн билдирди.
1993-жылы кабыл алынган кыргыз-америкалык келишимде эки тараптуу кызматташууну жеӊилдетүү каралган. Башкача айтканда, Кыргызстан тарап ар кандай багыттагы, маселен маданий, билим-берүү жаатындагы, көмөктөшүү программалардын, долбоорлордун алкагында АКШ жөнөткөн буюмдарга салык жана башка төлөмдөр алынбай турганы айтылган. Буга катар келишимде АКШ өкмөтүнүн аскер адамдарына да дипломаттык кол тийбестик берилген. Келишим түзүлгөндөн тарта АКШ Кыргызстанга 2 миллиард долларга чукул жардам көргөзгөн.
Адистердин айрымдары келишимдин бузулушу Кыргызстандын өзүнө эле зыянын тийгизерин, АКШнын көптөгөн жардамдарынан кийин мындай кадамга баруу туура эмес деген пикирди айтышат. Айрымдар бул кадам менен Кыргызстан көз карандысыз өлкө экендигин далилдеп жана улуттук коопсуздук үчүн ушундай жолго барганы туура кадам деп жатышат.
Өкмөт токтомуна жана Кыргыз Республикасынын «Эл аралык келишимдер жөнүндө» мыйзамына ылайык, кыргыз өкмөтү менен АКШ өкмөтүнүн ортосундагы аталган келишим 2015-жылдын 20-августунан баштап күчүн жоготот.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg