Орусиянын президенти Владимир Путин кыргызстандык Дарья Яицкаяга ньюфаундленд деп аталган сейрек кездешүүчү породадагы 6 айлык күчүк белек кылды. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.
Белгилүү болгондой, Балыкчы шаарында жашаган 10 жаштагы Дарья Яицкая ушул жылдын май айында орус президенти Владимир Путинге ньюфаундленд күчүгүн белекке берүү өтүнүчү менен кат жазган. Бирок бул каттан жооп болоруна Дашадан башка эч ким ишенген эмес. Антсе да жакында эле Дашанын апасына Орусиянын элчилигинен чалышып, Дашанын белеги жакында жеткирилип берилерин билдиришкен.
Адегенде күчүк Казакстандан алып келинип, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинде багылып жаткан. 23-июлда Дашанын көптөн күткөн белеги Балыкчы шаарына жеткирилип, кыз күчүгүнө Дар деген ысым бергени айтылды.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg