БАЙЫРКЫ УРУУЛАРДЫН ТӨШӨК ОЮНДАРЫ

Биздин доорго чейин эле төшөк оюндары кандайдыр бир деңгээлде өнүккөн. Төмөнкү макалада байыркы уруулардын төшөк жана бойго бүтүрбөй сактануу жаатындагы таң каларлык жоруктары жөнүндө сөз болмокчу.

ШУРУСУ КИМГЕ КЕЛСЕ, ОШОЛ МЕНЕН БИР ТҮН
Африкадагы кука уруусу айына бир жолу өзгөчө майрам уюштурушкан. Бул майрам өзгөчө оюн менен коштолгон. Оюндун шарты боюнча уруудагы ар бир аял моюнуна таккан шурусун баштыкчага салат. Баштыкчаны жакшылап аралаштырышкан соң эркектер кезектешип шуру сууруп чыгышат. Алып чыккан шуру кайсы айымга таандык болсо, алачыгына ээрчитип барып, аны менен бир түн өткөрөт. Бул оюнга жаш-кары дебей катышкандыктан, кары кишилерге келиндер, жаш жигиттерге кемпирлер туш келип калган учурлар көп кездешкен.

САКТАНУУ ҮЧҮН ЧӨП
Биздин заманга чейин эле айымдар бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонуп келишкен.Мисалы, индей урууларынын айымдары каалаган эркеги менен кумарга батар алдында ме кра кет жа өсүмдүгүнүн кайнатмасын ичип алышкан. Бул кайнатманы ичкенден кийин “боюма бүтүп калса эмне кылам?” деп баш оорутпай эле көңүл ача алышкан. Бир жаман жери, бул өсүмдүктүн таасири күчтүү болгондуктан, айрым учурларда аны ичкен айым эне болуу бактысынан биротоло ажыраган.

ЧОҢОЙТУУ ҮЧҮН ЖЫЛАНДЫН УУСУ
Бразилиядагы топинамба уруусунун эркектери “айымдарга чоң аспаптуу мырзалар гана жагат” деп түшүнүшөт. Ушундан улам “алигисин” чоңойтуу максатында жыландын уусун колдонушкан. Эң негизгиси, ууну белгиленген өлчөмдө сүйкөө эске алынган. Өлчөмүнөн ашык колдонгондор өлүмгө дуушар болушкан.

АЛА ЖИПТИ АТТАГАНДАР «АЛИГИСИНЕН» КОЛ ЖУУГАН
Австралиядагы арунта уруусунун эркектери аялдарын кызганмак тургай, тескерисинче, өз колу менен коногунун коюнуна бир түнгө салып беришчү. Эгер конок мындан баш тартса, анда сыйлабагандык деп эсептелинип, үй ээси ага таарынып, кек сактап калган. Мындай сый сырттан келген сыйлуу конокко гана көрсөтүлгөн. Ал эми уруу ичинде бири-биринин аялына көз артмай деген болгон эмес.
Бул уруунун эркектери ушундай берешен болушса, аялдары тескерисинче, өтө кызганчаак келишет. Эгер күйөөсүнүн ала жипти аттап жүргөнүн билсе, жыныс мүчөсүн бычак менен кесип салган көрүнүштөр көп кайталанып турган.

ТӨШӨК ҮЧҮН КЫЛДАР
Аргентинада жашаган индей-араукан уруусу айымдарына рахат тартуулоо үчүн өзгөчө аракет кылышкан. Алар ат жалынан жасалган кыл топтомун жыныс мүчөсүнө тагып, сүйүктүүсүн дүүлүктүрүшкөн.

ЖЫНЫС МҮЧӨНҮН СҮРӨТҮ ТӨШӨККӨ ЧАКЫРЫК
Бразилиянын аймагында жашаган каяпо уруусу сексуалдык жашоолорун кооздош үчүн атайын оюндарды ойлоп чыгарышкан. Уруудагы айрым эркектер аялдын жыныстык катнашка батарда жылаңач денесине жыныс мүчөсүнүн сүрөтүн тартып алышкан. Анан ал сүрөттү карап укмуштуудай дүүлүгүп, түгөйүн кумардын туу чокусуна чыгарышчу. Тартылган сүрөттөр эки жумага чейин өчпөй сакталып турган.

ДҮҮЛҮГҮҮ ҮЧҮН КУМУРСКА
Бали аралынын эркектери түгөйүнүн жан жерин кумурскаларга чактырып, аларга кумар тартуулашат. Аталган уруу бул жоругу бүгүнкү күндө деле кайталанып келет.

ТӨӨНӨГҮЧ – РАХАТ АЛУУ КУРАЛЫ
Корей, япон айымдары төшөк оюнунда ойго келбеген жоруктарды колдонушкан. Алар учтуу төөнөгүч менен эркектин жыныс мүчөсүн сайгылап ойногондон рахат алышкан.


Алигидот

“АЛ КҮН МЕН ҮЧҮН МАЙРАМ!”

Айшакан кошунасы Сайраканга:
– Деги ушул аба ырайына түшүнбөй койдум. Мен кир жууган сайын эле жамгыр жаай берет! Деги бул эмнеси?- деп наалып кирет.
– Ошондой дечи? Башкаларды билбейм, мисалы, мен кир жуур алдында дайыма күйөөмдүн “алигисин” карайм да, анан баштайм. Эгер “алигиси” оң тарапка кыйшайып калса, анда кир жууйм. Сол жакка кыйшайса, жуубайм. Себеби ал күнү сөзсүз жамгыр жаайт.
– Э, чын эле ошондойбу?! А тик туруп калса эмне кыласың?
– Кызыксың го! Ал күн мен үчүн майрам да!


Төшөк сыры

СЕМИЗДЕР ҮЧҮН ТӨШӨК ЫКМАЛАРЫ

Өнөктөштөр мейли толук болушабы, мейли арык болушабы, лазаттын туу чокусуна чыккылары келишет. Толук адамдар төшөк оюнунда ыңгайсыздыкка жол бербөө үчүн төмөнкү ыкмаларды колдонсо болот.

  • Чабандес ыкмасы. Айым эркектин үстүнө чыгып, жүзүн карап отуруп, анын чыңалган «алигисин» өзүнүн жан жерине киргизет. Эми жамбашын сааттын жебеси сымал кыймылдатууга өтөт. Анан алдыга, артка кыймылдап, колдору менен өнөктөшүнүн белин кыса-кыса кармайт. Ушундан улам “алиги” айымдын жыныс кынына тереңдеп кирип отурат. Бул ыкманы колдонгон өнөктөштөр рахаттын туу чокусуна чыгышары талашсыз. Ушул эле ыкманы аял эркектин үстүндө тескери карап отуруп ишке ашырса да болот.
  • Артынан кошулуу ыкмасы. Мында айым керебетке эңкейип жатат. Ал эми эркек полдо туруп “алигисин” айымдын жыныс кынына салып G чекитин жакшылап ыйкайт. Ошол эле убакытта колу менен аялдын жыныс тилчесин массаждашы керек. Эгер бул ыкманын эрежелерин толук сакташса, түгөйлөрдүн экөө тең рахат алышат.
  • Классикалык ыкма. Бул ыкманы аял эркектен толугураак болсо колдонуу оң. Эркек “алигисин” аялдын жыныс кынына киргизип, айымдын буттарын өзүнүн эки ийинине асып, жамбашынан кармап алып иштөөсү керек. Бул ыкмада эркектин көбүрөөк кыймылдоосу талап кылынат. Аял жамбашынын алдына катуу жаздык коюп алса, эркектин алигиси тереңирээк кирип, аял оргазмга жете алат. Эркек бош калган колдору менен каалашынча түгөйүнүн эрогендик зоналарын сыйпалап, таттуу сөздөрдү айта алат.
  • Бутту бүгүп кошулуу ыкмасы. Эгер эркек өтө толук жана “алигиси” кичине болсо, анда аял бир бутун сунуп, экинчисин көкүрөк тушун карай бүгүп жатат. Ал эми эркек отурган калыпта кумарга бата баштайт.


Азил-чыны аралаш

КЫЗДАР, КЫЗДАР, КЫЛЫКТУУЛАР...

  • Жакшы кыз кыздык белгисин биринчи нике түнүндө алдырат. Жаман кыз ыңгайлуу учуру келгенде, ал эми амалкөй кыз эки-үч жолу алдырууга жетишет.
  • Жакшы кыз сүйүү үчүн, жаман кыз акча үчүн, акылдуу кыз өзү самаган учурда төшөккө барат.
  • Жакшы кыз көңүлү чөккөндө ыйлайт, жаман кыз арак ичет, акылдуу кыз базарга соода кылганы жөнөйт.
  • Жакшы кыз эмчегинин өлчөмүн жашырат, жаман кыз силикон салдырат, акылдуу кыз Кудай берген төшү менен сыймыктанат.
  • Жакшы кыз үйдө отуруп сайма саят, жаман кыз түнкү клубда жүрөт, акылдуу кыз интернетти тытат.
  • Жакшы кыз тамак жасаганды, жаман кыз заказ кылганды, акылдуу кыз диета кармаганды билет.
  • Жакшы кыз төшөк кумарын милдети катары эсептесе, жаман кыз көңүл ачуу, акылдуу кыз жашоосунун бир бөлүгү катары түшүнөт.
  • Жакшы кыз кинотеатрга попкорн, жаман кыз презерватив, акылдуу кыз помада алып кирет.

Астра Айдарова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
kgjigit
2010-01-20 14:10:23
мына сага...
0
2012-06-12 06:29:25
kana maga...
0
originalkgz96
2017-03-07 18:15:16
укмушко
0
№ 375, 8-14-январь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан