АНТОНИО БАНДЕРАС ЖУБАЙЫ МЕНЕН АЖЫРАШТЫ
Голливуд жылдыздары актёр Антонио Бандерас менен жубайы актриса Мелани Гриффит ажырашышты. Алар 18 жыл бирге түтүн булатышкан эле. Ортолорунда Стелла аттуу кызы бар.
«Антонио менен Мелани бири-бирине сый мамиледе болушкандыктан ызы-чуусуз ажырашышты» деп Бандерастын жакындары билдиришкен. Жубайлардын ортосундагы түшүнбөстүктөргө Меланинин кызганчаактыгы себеп болгону тууралуу кептер айтылууда. Алгачкы жолу «жылдыздардын ажырашуусу мүмкүн» деген сөздөр 2014-жылы тараган болчу. Антонио ажырашчу күндү күтүп эле турган өӊдүү. Себеби дароо эле анын 34 жаштагы банк акционери Николь Кемпел аттуу айым менен мамиле куруп жатканы тууралуу маалымат тарады.55 ЖАШТАГЫ ИГОРЬ НИКОЛАЕВ АТА БОЛОТ
Орусиянын белгилүү ырчысы Игорь Николаев жакында экинчи ирет ата болорун жар салды. Ырчы 32 жаштагы жубайы ырчы Юлия Проскурякова экөө 10 жыл бою наристе жытын искөөнү эӊсеп келишкен. Мындай кубанычтуу кабарга толкунданган Юлия кош бойлуу экенин саякаттап келгенден кийин билгенин айтып: «Эмнеге бизге наристе бербейсиӊ, Игорь экөөбүз балалуу болууга татыктуу эмеспизби деп Жаратканга көп кайрылчумун» десе, Игорь мырза: «Жашоодо бардыгы өзүнүн маалында орундалат экен. Мына эми Юлия экөөбүзгө да бул бакыт буюрду»,- деп кубанычын жашырбайт.
Эске салсак, Игордун биринчи никесинен Юлия аттуу кызы бар.Кызы учурда 37 жашта.
Динара Абдыкадырова
star@super.kg