2013-жылдын 30-декабрында Уланбек Абдырахмановдун үй-бүлөсүндө толуктоо болгон. Тагыраак айтканда, 2014-жылдын босогосун аттаар алдында Абдырахмановдун келинчеги Бактыгүл Молдотаева Бишкек шаардык №4-перинаталдык борбордо төрт эм наристени жарыкка алып келген. Балдардын учурдагы абалы, үй-бүлөнүн шарты тууралуу Уланбек мырза буларга токтолду. «БАЛДАРДЫН БИРИ ЧАРЧАП КАЛГАН»
-2013-жылдын 30-декабрында келинчегимдин толгоосу маалынан эрте келип, Бишкек шаардык перинаталдык борборунда кесарево жолу менен төрт эм төрөдү. Балдардын экөө уул, экөө кыз экен. Тилекке каршы, уулубуздун бири толук өсүп жетилбегендиктен өлүү төрөлдү. Ошентсе да өкмөт бизди төрт эм тапкан үй-бүлө катары эсептешет. Ага чейин 1 кыз, 1 уулду тарбиялап жатканбыз. Учурда кичинекейлерим 1 жаш 7 айга толду. Уулубуздун аты Амир, кыздардын бирине Амира, экинчисине Амина деген ысымдарды ыйгарганбыз. Башында депутат Роза Акназарова Жогорку Кеӊештин атынан деп 100 000 сом тапшырды. Президенттин фондунан 100 000 сом, андан кийин ошол кездеги премьер-министрдин фондунан дешип 200 000 сом беришти. 1-Май райондук акимиатынан 68 000 сом, жерлигибиз Чаткалдан болгондуктан, Чаткал районунун акими элден каражат топтоп 100 000 сом алып келип берди.
«БАТИР АЗАБЫН ТАРТЫП ЖАТАБЫЗ»
-Бишкекке келгенден бери балдар менен батирден батирге көчүп жүрөбүз. 600 000 сомду эмне кылып короттуӊуз деген суроо берет чыгарсыз. Ошол маалда жер тилкесин алып койсом деле болмок. Бирок 3 баланы келинчегим жалгыз бага албайт болчу. Үйдө иштеген жалгыз мен. Балдарды караш үчүн жумуштан бошодум дагы, айына 10 миӊ сомго бала багуучу жалдап, балдар торолгуча үчөөлөп карадык. Келинчегим үчөөнү теӊ тойгуза албагандыктан кошумча тамак бердик. Ымыркайлар үчүн деген аралашманын 1 коробкасы дүӊүнөн 1030 сом турат. Үчөөнө 1 айга 15 коробка кетчү. Учурда жашап жаткан батир туугандарыбыздыкы болгондуктан арзаныраак кылып 3500 сомго беришти. Былтыр кышында өкмөт 2 жарым тонна көмүр берген. Ошону жагып кыштан чыктык.
«ҮЧ АЙ МУРУН ТӨРӨЛГӨН ТӨРТ ЭМГЕ БАТИР БЕРИЛИПТИР»
-Жакын арада эле силердин гезиттен ушул жылдын апрель айында төрөлгөн төрт эмге мамлекет 2 бөлмөлүү батир бергенин окуп калдым. Ал эми биздин төрт эмдин төрөлгөнүнө 1 жыл 7 айдын жүзү болду. Депутат Акназарова маселени өз жоопкерчилигине алып, аягына чыгам деген. Ага 2 ирет кайрылсам, экөөндө теӊ «Бишкек шаардык мэриясына бул боюнча буйрук берилген» деп жооп берди. Мен кечке эле суранып кайрыла бергенден да тартынып калдым. Жакында айылдагы тууган-урук президентке, өкмөт башчыга үй маселесин көтөрүп дагы кайрылышыптыр. Азырынча жооп келе элек.
Биз шарты бар батир берсе экен деген жокпуз. Жер тилкеси болсо, эптеп 2 бөлмөлүү времянканы өзүбүз чүргөп алат элек. «2 БӨЛМӨЛҮҮ БАТИРГЕ ЭЭ БОЛДУК»
2015-жылдын 9-апрелинде Зарнаевдердин үй-бүлөсүндө да төрт эм жарыкка келген. Төрт эмдин атасы Нурлан батир маселеси боюнча буларга токтолду:
-Төрт эмге чейин биздин 3 уулубуз бар болчу. 9-апрелде 4 эркек балалуу болуп, жалпысынан 7 уулдун ата-энеси болуп калдык. Башында бардык шарты менен чоӊ жер там куруп беребиз дешкенинен, шарты бар эле көп кабаттуу үйлөрдөн батир берүүлөрүн сураганбыз. Июнь айында президенттин фондунан бөлүнгөн 2 миллион сомго Бишкектен көп кабаттуу үйлөрдөн 2 бөлмөлүү батир беришти. Батир толук оӊдоодон өткөн, бирок жашап жаткандар аз экен. «Жашоочулар көбөйгөн соӊ лифт ишке берилет» дешти. Буга чейин 3 балам менен батирлеп жашап келгенбиз. Учурдан пайдаланып бизге көӊүл буруп, үй маселесин чечип берген президентке, өкмөткө чоӊ ыраазычылык билдирем. Батирден сырткары Бишкек шаарынын мэри 100 миӊ, премьер-министр 300 миӊ, Жогорку Кеӊештин төрагасы 50 миӊ сом акчалай жардам кылышты. Ал эми балдардын абалын Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун башчысы Камчыбек Узакбаев бекер көзөмөлдөп жатат. Уулдарыбыздын аттарын президенттин урматына Алмазбек, Жогорку Кеӊештин төрагасынын урматына Асылбек, Бишкек шаарынын мэринин урматына Кубанычбек жана Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун башчысынын урматына Камчыбек деген ысымдарды ыйгарганбыз.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg