Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

БОЙДОК ЖИГИТТЕР СЫНЫӉЫЗДА

№665 31-июль-6-август, 2015-ж


Жыл өткөн сайын белгилүү бойдок мырзалардын саны кыскарып, алардын ордун жаш муун толуктап келет. Бүгүн биз жаш, популярдуу бойдок мырзаларды тизмектеп, кыздардын сынына коёбуз. Ким билет, балким, дал ушул макаладагы бойдок жигит сиздин келечектеги жолдошуӊуз болуп калат. Андыктан мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаӊыз.

Урмат Борченов, тамашоучу: «КЫЗДАРДЫН АШЫКЧА САЛМАГЫ – АШЫКЧА «ПРОБЛЕМА»

Толук аты-жөнү – Борченов Урмат Бейшенкулович
Туулган жери – Чүй облусу, Чүй району, Шамшы айылы
Туулган жылы, күнү – 1990-жыл, 7-февраль
Бою – 177 сантиметр
Салмагы – 70 килограмм
Билими – Туризм академиясынын туризм жана менеджмент, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин эл аралык мамилелер факультетин аяктаган.
Учурда – «Тамашоунун» «Позитифф» командасынын оюнчусу.

Бул жигитти «Тамашоунун» оюндарынан көрүп калсаӊыз керек. Жок, тааныбайт экем десеӊиз, анда кокусунан сыналгыдан көргөнсүз, анткени кызыктуу берүү болуп жатканда ортосунда жарнама берип коюшат го, мына ошол жарнамада Урмат бар. Бери дегенде эле мукам үнүн уккансыз, анткени Кыргызстандын башкы каналындагы жарнамалардын көпчүлүгүн дал ушул жигит окуйт.
Учурда тамашоучу жигиттин оттой ысык, жалындап күйүп турган курагы. Кыздарга болгон табитине келсек, бул мырзага жароокер, ийкемдүү, заманбап ойлонгон, эл эмне дейт дебеген ачык-айрым кыздар жагат экен. «Кайда жүрдүӊ, кимдин колуӊ кармадыӊ?» деп ар бир кадамы тууралуу сураган кызганчаак кыздар, убара болбогула! Урмат андай кыздардан коркот. Анткени кичинесинен эркин өсүп калган, эркиндигин чектегендерди жактырбайт.
Анан да Урматтын жүрөгүнө жол табууга толук кыздардын да мүмкүнчүлүгү азыраактай, себеби бул жигит «кыздардын ашыкча килограммы – ашыкча «проблема» деп эсептейт. Болбой эле «жок, бул жигит меники болот» деп көгөрүп туруп алсаӊыз, анда абайлаӊыз, Урматтын «Тамашоудо» ойнолчу тамашаларынын каарманы болуп каласыз. Жакшы жагы – тамашоучу мырза мыкты күйөө болчудай, дегенибиз, үйдө апасына жардамдашып тамак жасап жибермей да өнөрү бар экен, кыскасы, үй жумуштарына тыӊ. Анда бир, эки, үч деп туруп аракетти баштаӊыз!

Гүлжигит Калыков, ырчы: «АПАМДЫН ЖАКШЫ САПАТТАРЫН БОЛОЧОКТОГУ ЖУБАЙЫМДАН КӨРГҮМ КЕЛЕТ»

Толук аты-жөнү – Калыков Гүлжигит Касейинович
Туулган жери – Нарын облусу, Ат-Башы району, Ак-Муз айылы
Туулган жылы, күнү – 1989-жыл, 23-июль
Бою – 173 сантиметр
Салмагы – 68 килограмм
Билими – Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин экономика-информатика факультетин аяктаган.
Учурда – Чыгармачылык менен алектенет, ырчы.

Жогоруда сөз болгон бойдоктордун эӊ эле «тажрыйбалуусу», жигиттин гүлү – Гүлжигит. Себеби бул жигит бойдок деген статус менен көп жылдан бери жүрөт. «Ана үйлөнөт, мына үйлөнөт» деген күбүр-шыбыр кептерди угуп эле жүрөбүз, же ырчы бул кептерди ачыктабайт. Биз сураганыбызды койбойбуз, Гүлжигит жашырганын койбойт. Адам чоӊойгон сайын кыздарга болгон табити да өзгөрөт эмеспи. Анын сыӊары, ырчы жигит мурда кыздардын сулуулугуна эле караса, азыр акылмандыгына, ой-жүгүртүүсүнө, мээримдүүлүгүнө карап калыптыр.
Кыздар, бул мырзаны амалкөйлүгүӊөргө салып чаап алам десеӊер жаӊылышасыӊар, анткени ырчы үчүн «дары ичип өлөм» деген кыздар болгон, бирок дагы деле бойдок жүрөт. Сыягы, Гүлжигит бир сулууга көзү түшсө көпкө байкап жүрөт окшойт. Жигиттин материалдык, руханий байлыгы да апасы экен. Андыктан ырчынын жубайы болгуӊуз келсе, дароо апасын колго алыӊыз.
Ырчы: «Келечектеги жубайым апама окшош болсо дейм. Жубайымдан апамдын жакшы сапаттарын көргүм келет. Башкысы, ал менин жумушумдун кыйынчылыгын түшүнүшү керек. Менин мүнөзүм айрымдарга жеӊил, оӊойдой көрүнөт, бирок чорт мүнөзүм деле бар, ошол кыял-жоруктарыма чыдаш керек. Үйлөнсөм жубайым даяр үйгө келет, ошол нерсенин баркын билип, ата-энеме ысык чайын сунуп жашаса эле болду»,- дейт. Түрк кыздары ашык болгон Гүлжигиттин кыялына чыдап, апасынын көзү менен теӊ айланууга даяр болсоӊуз, анда марада туруӊуз, ырчынын жары болуп калуу бактысы сизге буюрушу мүмкүн.

Болотбек Тилек, актёр: «КЫЗДАР МЕНИ АЛА КАЧЫП КЕТСЕ ЭЛЕ ҮЙЛӨНӨМ»

Толук аты-жөнү – Болотбек Тилек
Туулган жери – Нарын облусу, Ат-Башы району
Туулган жылы, күнү – 1989-жыл, 20-февраль
Бою – 178 сантиметр
Салмагы – 70 килограмм
Билими – Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин театр жана кино факультетин бүтүргөн.
Учурда – Борбор калаабыздагы медиа-студиялардын биринде башкы режиссёр болуп иштейт.

«Түндүктүк келин» тасмасында түндүктүк кызга үйлөнүп, ойдон чыгарылган салттарды айтып жубайын түйшүккө салган актёр Болотбек Тилек да бопбойдок, кыздар! «Качан үйлөнөсүӊ?» деп суроо салганыбызда, «кыздар мени ала качып кетсе эле үйлөнөм» деп тамашалуу жооп берди. Ал «Менин кыздарга үч эле талабым бар. Болочоктогу жубайым акылдуу, ыймандуу, анан жылдыздуу болушу керек. Ушул үч сапатты теӊ өзүнө камтыган кыз тапмайынча үйлөнбөйм» дейт. Анан тамакка анча жок, курсагы ачып кетсе «тамакты тезирээк бышыр!» деп жинденбейт, өтө чыдамкай. Кызыгы, Болотбек чыгармачыл чөйрөдө жүргөн кыз менен өзүн көрө албайт экен. «Мага карапайым эле кыздар жагат» дейт. Кемчилиги тууралуу «Абдан эркемин, ошондуктан аялым мени күндө эркелетүүгө тийиш. Кыялым ачык-айрым, кээде аша чаап өтө эле катуу кетип калсам, аялым көтөрүшү керек» дейт. Актёр жигитке шуулдаган кыздар жакпайт экен. «Өзүм шуулдаган жигитмин, аялым да шуулдап кетсе, балдарыбыз кандай болот? Мага назик, жөнөкөй кыздар төп келет» дейт. Болотбекти күндө эркелетүүгө даяр кыздар, барсыӊарбы, чамдагыла!

Лунара Бекиева
star@super.kg


Кыздар, чапкыла! Бойдок жигиттер сыныңарда...

Автор: Гүлжамал Полотбек кызы
Оператор: Мелис Маматкулов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(61)
03.08.2015. 15:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
29-04-2012
Соӊку аракети:
20-09-2018 23:22
Жынысы:
Белгисиз
0
Булар Нарындык эмес Ат-Башынын кулундары!!!!
08.08.2015. 20:25 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
05-08-2015
Соӊку аракети:
30-01-2016 22:10
Жынысы:
Белгисиз
0
u.n.m, кечиресиз, Ат-Башыда Нарынга карайт. Болуп кароонун кереги жок го дейм. Булар Кыргыз элинин кулундары! Болотбек Тилекти озум эле ала качат окшойм Нарынга)). Жагып журот ушул бала
Медиа-портал
03.08.2015. 15:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
12-11-2011
Соӊку аракети:
27-02-2017 21:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад
0
Реклама кучтууго ))))
Медиа-портал
03.08.2015. 15:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
12-11-2011
Соӊку аракети:
27-02-2017 21:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад
0
Ушул знаменитосттордун артынан чуркаганды жакпайт да алар деле обычный адамдар пуска алар да кыздардын артынан чуркашсын суйлошушсун как обычные парни и уйлонушсун.
Медиа-портал
03.08.2015. 21:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
171
Катталган:
06-12-2014
Соӊку аракети:
23-05-2018 19:36
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
jamalka-2,Кыргызча эле жазсаң болмок, антишсин, минтишсин деп шарт да коюптурсуң,алар бизден сураган жок да кантиш керегин
Медиа-портал
03.08.2015. 15:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
92
Катталган:
22-01-2014
Соӊку аракети:
11-05-2017 18:55
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарысы оздору кыялданган кыздарга жетип бактылуу болушсун.
03.08.2015. 15:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
21-05-2013
Соӊку аракети:
19-09-2018 14:56
Жынысы:
Белгисиз
0
Super silerge kanttip jawyruun kat jazsa bolot???
03.08.2015. 16:14 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
2058
Катталган:
22-02-2011
Соӊку аракети:
21-09-2018 18:13
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
...
0
Zumrud, саламатсызбы!
Admin@super.kg дарегине жазсаңыз болот.
03.08.2015. 19:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
134
Катталган:
04-06-2013
Соӊку аракети:
01-11-2017 13:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Абдан кооз шаарда жашамйм!
+3
Ооооуу мен жакшы коргон актер чыгыптыргоо, Болтбек Тилек сизди кинодонткоруптэле жакшы коруп калгам точнее суйуп
03.08.2015. 19:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
134
Катталган:
04-06-2013
Соӊку аракети:
01-11-2017 13:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Абдан кооз шаарда жашамйм!
+2
Ананда баарына уй-булолук бакыт каалайм келечекте! Эл суктангаааан уй-булолордон болунуздаааар!!!! Болотбек Тилек сизди жакшы корооом))))) Эх, бишкекте же нарында болгонумда бир аракеттерди кормокмуун)))) бирок алыскы аймактамыыын)))
03.08.2015. 20:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
134
Катталган:
04-06-2013
Соӊку аракети:
01-11-2017 13:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Абдан кооз шаарда жашамйм!
+1
Айперинин жолдошу болуп ойногон рольу, тундуктук келиндеги рольу жагааатда жагат, ошондой жубайын болсоо эээ тамашокой камкор, ошол кинолордон жагып калгаааанстаа Болотбек Тилек
03.08.2015. 21:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
171
Катталган:
06-12-2014
Соӊку аракети:
23-05-2018 19:36
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
Positive,ошол кинодогу келинчегин ойногон кыз жакты болду бекен,ошону срашса болмок экен
03.08.2015. 20:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
134
Катталган:
04-06-2013
Соӊку аракети:
01-11-2017 13:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Абдан кооз шаарда жашамйм!
+1
Сизди кинодон коргондо уй-булолуу болсо керек деп ойлогом бирок андай эмес экеен
03.08.2015. 20:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
134
Катталган:
04-06-2013
Соӊку аракети:
01-11-2017 13:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Абдан кооз шаарда жашамйм!
+1
Болотбек Тилек сизге чооон чоон ийгилик каалайм! Озунуз каалагандай аялга туш болушунузга тилектешмин! Биз бул жакта ушуга эле
03.08.2015. 20:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
134
Катталган:
04-06-2013
Соӊку аракети:
01-11-2017 13:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Абдан кооз шаарда жашамйм!
+1
кудуретибиз жетет! Тек гана бакыт каалайм!!!
03.08.2015. 20:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
134
Катталган:
04-06-2013
Соӊку аракети:
01-11-2017 13:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Абдан кооз шаарда жашамйм!
+1
Ммм видеону кордум, мен ойлогон сапаттар баркен сиздеда, менда ички дуйнонун сулуулугу менен сырткы сулуулуктун гармониясы топ келсее деп ойлочумун
03.08.2015. 20:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
134
Катталган:
04-06-2013
Соӊку аракети:
01-11-2017 13:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Абдан кооз шаарда жашамйм!
+1
Кыялданчумун, боюнуздун узундугуда жактыыы Болотбек Тилек, сиз жонундо жазып жатаам))
03.08.2015. 20:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
134
Катталган:
04-06-2013
Соӊку аракети:
01-11-2017 13:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Абдан кооз шаарда жашамйм!
+1
Менин келечектеги жубайым сиздей болсооо, соонун болмок, жомокто жашап калсам керек
03.08.2015. 20:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
134
Катталган:
04-06-2013
Соӊку аракети:
01-11-2017 13:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Абдан кооз шаарда жашамйм!
+1
Эртерээк ушу макаланы эмнеге окубапмыыын)) Болотбек Тилек чыкканын байкабаптырмынгоо)) эми окудум кордум видеонууда
03.08.2015. 20:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
134
Катталган:
04-06-2013
Соӊку аракети:
01-11-2017 13:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Абдан кооз шаарда жашамйм!
+2
Супер-инфо жамааты силерге рахмааат, мага жаккантактер жонундо маалымат берипсинер, ишиниздерге чоон ийгилик каалайм! Эч ойлобопмун Болотбек Тилек уйлоно элек деп
03.08.2015. 20:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
134
Катталган:
04-06-2013
Соӊку аракети:
01-11-2017 13:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Абдан кооз шаарда жашамйм!
+1
Ушул макаланын чыкканыга (ал жакта Болотбек Тилектин барына) озумчоле кубанып жатам ушунчалык
Медиа-портал
03.08.2015. 20:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
18-06-2014
Соӊку аракети:
11-05-2018 09:10
Жынысы:
Белгисиз
0
ким эле жылдызсыз , сулуу эмес аял алууну кааласын. Бул жигиттердин бири да ыйман жолундагы , динге бекем аял алууну Аллах буйрусун деп айтпаптыр. Беруучу да алуучу да бир Аллах ошон учун ниет кылууну унутпагыла урматтуу жылдыз жигиттер
03.08.2015. 22:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
171
Катталган:
06-12-2014
Соӊку аракети:
23-05-2018 19:36
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Кудай тилегиңерди кабыл кылып,өзүңөрдүн жана ата-энеңердин оюндагы кыздарга үйлөнүшүңөргө тилектешмин.Кыздар байкадыңарбы, ичпеген, чекпеген,сөгүнбөгөн жакшынакай, жөнөкөй кыздарды баалашат экен жигиттер.Анан да кыргызча таза сүйлөгөн деп кошуп коюшса болмок.Урматтуу инилерим,силерге ийгилик каалайм!Баарыңар таланттуу,жылдыздуу, акылдуу экенсиңер
03.08.2015. 22:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
186
Катталган:
10-04-2015
Соӊку аракети:
20-04-2018 00:50
Жынысы:
Белгисиз
0
Бойоору кичинего баарынын Гулжигиттт оштук деп ойлогом.Нурмат кана
04.08.2015. 19:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
18-08-2014
Соӊку аракети:
04-07-2017 14:47
Жынысы:
Белгисиз
+1
Maga Bolotbek Tilek jagat. En mykty akter, talanttuu jigit, kelechekte baardyk tilekterine jets in. Bir aitkanyn okudum ele, Suimonkul Chokmorov jetken iygilikterdi bagyndyram dep, owol tilegine jetse eken biz syimyktangan mykty insan bolsun.
04.08.2015. 21:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
61
Катталган:
18-06-2012
Соӊку аракети:
05-04-2017 17:33
Жынысы:
Белгисиз
+1
Guljigittin devkasy bar..
16.04.2016. 00:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
07-02-2012
Соӊку аракети:
22-11-2017 16:50
Жынысы:
Белгисиз
0
NuraiNurdinova,сайтта чыкты элего суйлошкон кызын тааныштырбадыбы беле а?
04.08.2015. 23:12 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
30-07-2015
Соӊку аракети:
29-08-2015 01:43
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары эле ойдогу кыздарын жолуктуруп бактылуу болушсунчу!
Медиа-портал
04.08.2015. 23:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
19-08-2013
Соӊку аракети:
14-12-2016 13:26
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы создор айылдык дар жакса мен да айылдан еле болом
Super TV
05.08.2015. 11:59 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
02-06-2014
Соӊку аракети:
10-07-2016 19:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Татыктуу тугой тандоодо жылдызы келишуу чон мааниге ээ.Андыктан баарынар бул жашоодо озунор ойлогондой жузунон нуру жанган кыргызымдын ай чырайлуу кыздары м.н эки дуйно бактылуу болушунарга тилектешмин.Биздин мыкты жигиттерге чыгармачылые ийгиликтер
Super TV
05.08.2015. 17:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
07-03-2015
Соӊку аракети:
03-03-2018 12:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
0
Бир кем дуйно мага жаккан кызга мен жакпай калышым мумкун.
Super TV
05.08.2015. 20:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
19-03-2013
Соӊку аракети:
07-08-2018 18:04
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жаннат
0
Гулжигит Калыков суйгону болсо интервю бермек эмес балким, жагат мага эх бир бактысы ачылган кыз турмушка чыгат го ага))
07.08.2015. 17:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
22-07-2015
Соӊку аракети:
08-02-2018 16:22
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо тамаша торго Болотбек Тилекти тамашалап ала качпайсынарбы))) ала качып кетсе уйлоном дептиргоо.
11.08.2015. 12:13 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
2058
Катталган:
22-02-2011
Соӊку аракети:
21-09-2018 18:13
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
...
0
pirim77,
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек!
Медиа-портал
17.04.2016. 15:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
25-08-2015
Соӊку аракети:
22-08-2017 09:45
Жынысы:
Белгисиз
0
Эң соонун тилегиңерге жеткиле. Адилет Усубалиевди баалайм негизи эле. Ал эми Урмат деген мырзаны биринчи жолу кордум боюн которгон адам экен. Бир аз туш жерге, асманда жана беруу жалгыздыкка алып келет.
Zai0888 түзөттү 2016-04-17 15:46:19
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: