
Сүйлөсө тилинен чаң чыккан экс-ди-джей, журналист Тынчтыкбек Кожобеков да 25-июль күнү уулдуу болду. Сүйүнүчүндө чек жок Тынчтык жагымдуу кабары тууралуу: «Бул менин үчүнчү уулум, андан улуу Байэл жана Санжар деген уулдарым бар. Жаӊы төрөлгөн балама Нуртай деген ысым ыйгардык. Кудайга миӊ мертебе шүгүр, алты саны аман, ден соолугу чыӊ төрөлдү»,- деп билдирди.