Бул окуя менин жан дүйнөмдү аӊтарып, каӊырыгымды түтөтүп, эрксизден көзгө жаш алууга түрттү. 34 жаштагы адам 11 жана 5 жаштагы эже-сиӊдини ээн талаага алып барып, улуусун зөөкүрлүк, уятсыздыктын ашынган, жеткен чеги менен зордуктап салганын айтып көрсөтмө берүүдө...
Эже-сиӊдилердин чоӊ апасы Асымкүл Сартбаева: «ЭМИ КЫЗДАРДЫН КЕЛЕЧЕГИ ЭМНЕ БОЛОТ?»– Айланайындар! Ушундай зөөкүрлөргө деги жаза барбы, айткылачы? Чырактай болгон эки кызды жетелеп кетип, ээн талаага алып барып тозокто жок кордукту көрсөткөн адамды адам дешке болобу? Силерге айтып беришке оозум барбай турат. Бирок арабызда ушундай зөөкүр айбандар бар экенин көзүбүздү чоӊ ачып көрө жүрүшүбүз керек.
Жабыркаган эки кыз менин кайнимдин кыздары. Мен аларга чоӊ апасындай болуп калдым. Мындан 1,5 жыл мурун кыздардын апасы жүрөк оорудан каза болгон.
Окуя 24-июлда болду. Биз үйдө отурсак кечки саат 8дер чамасында кайним телефон чалып чакырды. Абышкам экөөбүз машинаны айдатып алып жетип бардык. Эшиктин алдында ызы-чуу түшкөн эл. Бир топ эркектер топурап ары жакта мушташып жүрүшөт. Жолдошум Рысбек милиция кызматкерлерин чакырды. Кыздарды машинага салып, ооруканага алып жөнөдүк. Ошол учурда кырдаалга жакшы түшүнгөн жокмун, ооруканага барганда психологдун катышуусу менен кыздардан болгон окуяны сурашты. Мен улуусун боорума кысып ошол жерде баарын угуп отурдум.
Кечки саат 5 чамасында кыздар көчөдө ойноп жүрүшсө бейтааныш киши келип, «атаӊарга алып барам, ал талаада жумуш кылып жүрөт, мени ээрчитип кел деди» деп жетелеп кетиптир. Айыл четине чыгып сай жакка алып барыптыр да, «үнүӊөрдү чыгарбагыла, азыр кыйкырсаӊар башыӊарды жулуп алам» деп коркутуп, улуусун чечинтип, арам максатын ишке ашырыптыр, акмак! Бечара кыздын эч жеринде тамтык жок. Алды, артын, айтор, кайсы жерге мүмкүн болсо зордуктай бериптир. Чамасы кызды 2 сааттан ашык кыйнаган. Берки 5 жаштагы сиӊдиси ыйлап, качса аны да кармап алып, «эжеӊди, өзүӊдү кошуп өлтүрөм» дептир. Ага да кол сала баштаганда, улуусу «байке, ага тийбеӊиз, ал кичинекей, мени эле кыйнап, аны коё бериӊизчи деп жалындым» дейт. Ич кийими ылай экен. Тиги зөөкүр кызды чечинтип, жылаӊачтап алып, ич кийиминдеги канды сайдын суусуна жуудуруп туруп кийгизиптир. Оо, Кудай! Он гүлүнүн бири ачыла элек наристелерге эмне мынча кордук бердиӊ, билбейм?! Эми кыздардын келечеги эмне болот?
«ЗӨӨКҮРДҮ ӨЛТҮРҮП САЛГЫЛА ДЕП БАСЫП КЕТТИМ»
Жабыркаган 11 жашар секелек кыз учурда Бишкек шаарындагы №3-клиникалык балдар ооруканасында. Экөө менен теӊ психологдор иш алып барып жатканын чоӊ апасы кошумчалады. Кыздар жашаган үйгө барып атасын таба алган жокпуз. Ошол окуяга күбө болгондордун бирин кезиктирип, аны сөзгө тарттык. Атын атагысы келбеген айым буларга токтолду:
– Ошол күнү топтошуп бул жерде арак ичип отурушканын көргөм. Болжол менен кечки 9-10дор чамасында көчөдөгү ызы-чууну угуп эшикке чыктым. Орусча кыйкырып, балдар мушташып жатканынан көӊүл бурбай эле бара жатсам, обочороокто бир кичинекей кыз ыйлап туруптур. Жанында кошуна келин бар экен. «Эже, сизди чакыралы деп жаткам, коркуп жатабыз, бул кызды зордуктап кетиптир» деди. Кичине кыздан окуянын чоо-жайын сурасам, орусча окуган кыз экен, «меня изнасиловал друг папы» деп эле ыйлап кирди. Жиним менен ызы-чуу түшүп жаткан жерге барсам, кызыл футболкачан баланы бир топ балдар тепкилеп жатышыптыр. «Зордукчу ушул, Жылдызбектин баласы Нуразиз» дешти. Зөөкүрдү ушунчалык жек көрүп карап турдум. Аял болсом да анын канжалап жатканын көрүп аяган жокмун. «Өлтүрүп салгыла, бир зөөкүргө болсо да азайсын» дедим да, басып кеттим. Аӊгыча кыздын атасы чуркап келди. Окуяны чала-була угуп шашып келсе керек. Ага чуркап барган кыз ыйлап, кучактап өөп, арызданып кирди. Атасы топтошкондордун арасына чуркап кеткенде кыз кайра мага келип, башын жөлөп алып, «жашагым келбей калды, апама кетким келип жатат, анын жанына барайынчы» дегенде түбү түшкөн дүйнөгө түкүргүм келди. «Алдым канап жатат, ооруп жатат» дегенинен ошого даап ачып карай алган жокмун. Аӊгыча туугандары келип кызды ооруканага алып кетишти. Милиция кызматкерлери да келишип, тигил айбанды адамдардын тепкисинен чыгарып алышты. Кыз калчылдап коркуп калыптыр. Сиӊдиӊе тийген жокпу десем, «жок, ага тийгизген жокмун, мени эле кыйнаӊыз десем тийген жок, бирок ага да уят нерсесин көрсөтүп кыйнады» деди. Тфү! Акмак, улантып айтууга оозум барбайт. Кечирип койгула, башка айта албайм.
ЗОРДУКЧУНУ ЭЛ АЙЫЛДАН КӨЧҮРҮП ЖИБЕРДИРысбек Сартбаев кыздардын чоӊ атасы. Анын айтымында, кылмышка шектүү Нуразиз Кулмановдун агасы, атасы тукуму менен кылмыш кылуу менен «ооруган» адамдар:
– Иним «кылмышкер колума тийсе тирүү койбойм» деп жатат. Албетте, ал нерсени мен деле жасайын деген оюм бар. Бирок өзүм көп жыл бою укук коргоо органынын кызматкери болуп иштеп, пенсияга чыккам. Милиция кызматкерлери келбегенде ошол жердеги балдар аны өлтүрүп коюшмак. Кыздардын абийирин, ден соолугун, келечегин талкалаган зөөкүрдү мамлекетке, милицияга тапшырдык. Эгер мыйзам жүзүндө ага чара көрүлбөсө, анда өлкөӊ курусун! Анткени булар үй-бүлөсү менен буга чейин көптөгөн кылмыштарды жасап, жүргөн жерин куруткан немелер. Тапкан малын парага төгүп берип, ушул Нуразиздин эле ондогон зордукчулук кылмыштарын жаап коюшканын бүт айыл эли билет. Ошондуктан 1-августта эл чогулуп, жыйын өткөрүп, зордукчунун үй-бүлөсүн 3 күндүн ичинде тууган-уругу менен айылдан чыгып кетүүсүн талап кылдык. Эл толкуса жаман экенин билесиӊер. Эгер кетпей, билгениӊерди кылып алгыла десе, жаштар чогулуп үйүн өрттөйбүз деп жатышкан. Анда да кошуналарынын үйү кошо күйүп кетпесин деп басып койдук. Акыры ал үй-бүлө айылдан тууган-уругу менен чыгып кетишти.
«ШЕКТҮҮ КЫЛМЫШТЫ МОЮНУНА АЛДЫ»Медет Сыдыков, Чүй облусуна караштуу Панфилов РИИБинин тергөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары:
– 24-июль күнү болжол менен 21:45 чамасында Панфилов РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Эфиронос айылынан жашы жете элек кыз зордукталганы тууралуу маалымат түшкөн. Кылмышка шектүү катары 1981-жылы туулган Кулманов Нуразиз Жылдызбекович аттуу жаран кармалган. Ал окуя болгон күнү болжол менен саат 17:00 чамаларында Эфиронос айылында ойноп жүргөн жашы жете элек 11 жана 5 жаштагы бир тууган кыздарды ээн талаага алдап алып барып, аларды өлтүрөм деп коркутуп улуусун зордуктаган. Ал кылмышты кылгандыгын моюнуна алып жатат. Анын үстүнөн «зордуктоо» беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда ал Панфилов РИИБинин убактылуу кармоочу жайында камакта.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg