3-августта Балыкчы шаарынын Соӊ-Көл кичирайонундагы батирлердин биринде 3 адамдын өлүгү табылган. Андан бир күн мурун аталган батирдеги зайыптар жаӊжалдашып жатышканын кошуналары байкашкан экен. Эртеси бир аз ачык калган эшиктен караган күбөлөр жүрөктүн үшүн алган көрүнүшкө дуушар болушкан.
БИР ҮЙДӨН 3 КИШИНИН ӨЛҮГҮ ТАБЫЛГАН
3-августта болжол менен саат 19:40 чамасында нөөмөт бөлүмгө телефон чалуу болгон. Маалыматта айтылган дарек боюнча шаардагы Соӊ-Көл кичирайонундагы өлүктөр табылган батирге ыкчам топ чыгып кеткен. Көп өтпөй каза болгондордун аты-жөндөрү аныкталып, алар 42 жаштагы батирдин ээси Венера, анын 14 жаштагы кызы жана үй ээсинин 63 жаштагы агасы экени аныкталган. Жансыз денелерге кароо жүргүзүлүп, экөөнүн башына катуу нерсе менен сокку урулганы жана дагы биринин тумчуктурулуп өлтүрүлгөнү аныкталат. Далил буюм катары батирден кан болгон балта жана ашкана бычагы табылган.«КОӉШУЛАРЫ КИРИП, ӨЛҮКТӨРДҮ КӨРҮШҮПТҮР»
Бул боюнча биз каза тапкандардын кошуна-колоӊдоруна байланыштык. Атын атагысы келбеген айым буларды билдирди.
– Мен окуяны өзүм көргөн жокмун. Көргөндөрдүн айтымында, 2-августта үй ээси Венеранын үйүнө Ашырбек аттуу күйөөсү келген экен. Билишимче, алардын эки бөлөк жашап жүргөндөрүнө бир жылдай болуп калган. Ошол күнү Венеранын үйүндө ызы-чуу чыкканы угулуп, урушкан үндөр, эмеректердин тарсылдаган үнү чыгыптыр. Анан эле түнкү саат 12 жарымдар чамасында тынчып, чуу басылып калганынан күйөөсү кеткен окшойт деп калышыптыр. Эртеси жаӊжал чыккан үйдөн бир да адамдын кирип-чыкканын көрүшкөн эмес. Эшиги ачык экенин байкап, үйдүн ичине киришсе 3 адамдын өлүгү жаткан экен. Анан милиция кызматкерлерине билдиришиптир.
Венера базарда соода кылчу. Анын жолдошу кызганып ушул кылмышка барган дешүүдө. Балта менен чаап, үчөөнү теӊ өлтүргөн соӊ эшикти ачык таштап качып кетиптир. Ал Орусияга барып ашпозчу болуп иштеп келген экен. Аялын, кайнагасын балталап, ал тургай өз канынан жаралган 14 жашар кызын да аябастан өлтүрүп салганына таӊ калып жатабыз. Аялын кызганса, кызы менен кайнагасында эмне күнөө десеӊ?
«ШЕКТҮҮ КОЧКОР ТАРАПКА БАРА ЖАТКАН ЖЕРИНЕН КОЛГО ТҮШТҮ»
Балыкчы ШИИБинин кызматкеринин айтымында, кылмышка шектүү Балыкчы шаарынын тургуну Ашырбек менен аялы эки башка жашап жүрүшкөн. Окуя болору менен милиция кызматкерлери Балыкчы шаарынын бардык тарабындагы кароол постторуна кирип-чыккан адамдарды текшерип башташкан.
– Балыкчы шаарынан Кочкорду көздөй кеткен айлампа жолдогу посттон шектүү катары Б.Ашырбек аттуу 1970-жылы туулган адам колго түшкөн. Сурак учурунда ал 3 кишини өлтүргөнүн, андан соӊ Казарман тарап менен өзү туулуп-өскөн Жалал-Абад облусуна чыгып кетмек болгонун моюнуна алды. Ал аялына болгон кызганычтан улам ушул ишке барганын айтууда.
Шектүү буга чейин Орусияда иштеп келген. Ал жакта жүргөндө аялын башка менен мамиле түзүп жүрөт деп угуп, үйүнө келип чыр чыгарган. Аялы күйөөсүн тыйып койсун үчүн өз агасын чакырат. Агасы карындашына болушуп, ортодо уруш чыгып кетет дагы, шектүү кайнагасын балта менен башка чаап өлтүрүп коёт. Мындан соӊ ошол эле балта менен аялын да башка чаап өлтүргөн. Ал эми 14 жаштагы кызы ушул окуянын баарына күбө болгон. «Аны тумчуктуруп өлтүрдүм. Мен өлүп калсам же түрмөгө түшүп калсам, кызым бирөөгө кор болбосун деп анын да жанын кыйдым» дейт шектүү өз көрсөтмөсүндө. Мындай окуядан соӊ ал өз өмүрүнө да кол салган. Териси жана эти жабыркап, бычактын мизи кокосуна жеткен эмес. Ал көп кан жоготуудан улам эсинен танып жатып калган дагы, таӊга маал эсине келип кийим-кечесиндеги кандын тактарын кетирип, жуунуп алып батирден качып чыгып кеткен. Бул факт боюнча Кылмыш жана Жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары кармалган Ашырбек Балыкчы шаардык сотунун чечими менен убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Анын 15 жыл мурун Жалал-Абад облусунан Ысык-Көл облусуна көчүп келгени маалым болду. Ал эми соттук-психикалык экспертиза жакынкы күндөрү дайындалат,- деп билдирет Балыкчы ШИИБинин кызматкерлери.
ЧҮЙДӨ ДА ЖУБАЙЛАРДЫ БАЛТАЛАП КЕТИШТИ
Ушул эле 3-август күнү Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Төмөнкү Ала-Арча айылындагы үйлөрдүн биринде 50 жана 48 жаштардагы жубайлардын жансыз денелери табылган. Чүй ОИИББинин маалымат кызматы билдиргендей, каза тапкан жубайлардын үйүндө канга боёлгон балта табылган. Далил буюм катары алынган нерселер текшерүү үчүн экспертизага жиберилди дейт аталган ведомство. Бул факт боюнча «адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, өлүмдүн себептери аныкталууда. Азырынча аларды ким өлтүргөн жана окуяга эмне себеп болгону аныктала элек.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg