МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ…

(Башталышы өткөн сандарда)

Турсун апа көзүн ала качты. Маркум уулу көз алдына тартылып «апа, ушул кичине кызымды сактай албадыӊ, бул эмнеӊ?» деп таарынып жаткандай туюлду.
– Адел, Карыпбек сени ажалдын оозунан сууруп чыгып, мага кайра кайтарып бергендей болду. Кандай болгон күндө да тамды, колдо бар малды сатып, анын карызынан кутулам деген элем. Бирок ал акча тууралуу такыр оозанган жок. Көрсө, карт бөрүнүн көздөгөнү башкада тура...
– Көздөгөнү мен бекем?- деди Адел акырын гана.
– Кагылайыным ай,- эне башка сөз айта албай отуруп калды.
Кыз үн каткан жок. Ыйлап апасын беймаза да кылбады. Тек гана шырдактын оймолорун санагансып ойлуу отура берди. Карыпбектин көз карашы башкача экенин ал бир көргөндө эле туйган эле. Ошол ойдон качып, андай болбой калса экен деп боюна жууткусу келбей жүргөн. Бирок канчалык качса да, тагдыр аны кууп жетип алат тура. Бир топто гана ойлорунан ойгонуп, телмирип отурган апасын карап аяп кетти.
– Апа, мен аны менен өзүм сүйлөшөм. Тагдырым ушундай экен. Капа болбочу, дагы кан басымыӊ көтөрүлүп кетет.
– Карышкырга кой кайтарткан экем, балам, бирок түрмөдө отургандан көрө бул адамга турмушка чыкканыӊ деле жакшы. Билем, теӊиӊ эмес, көӊүлүӊө туура келбейт. Мен сени өз теӊиӊе жаркыратып узатам деп кыялданчу элем. Кантейин, болбоду.
Эне-баланын ортосундагы бул сүйлөшүүдөн соӊ бир жумадан кийин Карыпбек Турсун апанын үйүнө келди. Аделдин жашоосундагы эӊ оор жолугушуу да, сүйлөшүү да ушул болду көрүнөт.
– Карыпбек байке, мен сизге ыраазымын. Эч ким алып чыга албаган ордон алып чыктыӊыз. Апамдан менин колумду сураган экенсиз, мен сизге өзүм жооп берейин...
– Адел, алгач менин тарыхымды угуп көрчү. Мен сен ойлогондой жаш кызды көрө калып шилекейин чууруткан адам эмесмин. Көп жыл жалгыз жашадым, жалгыздык жанымды кыйнаганына быйыл 20 жыл болот. Аялым туӊгуч наристебизди жарык дүйнөгө алып келип жатып каза болгон. Анын жүрөк оорусу бар экенин, бала төрөө анын өлүмү болорун билип туруп токтоткон жокмун. Ал дагы мени балалуу кылгысы келди. Ушунча жылдан бери экөөнүн өлүмү үчүн өзүмдү жазалап келдим. Мындан аркы өмүрүмдү деле жалгыз элестетчүмүн. Бирок апаӊ сенин сүрөтүӊдү алып келген күндөн баштап жан дүйнөмө бүлүк түштү. Өмүрүмдүн көктөмү менен биротоло коштоштум деген элем. Бирок тагдыр кайра мага жаз тартуулады. Мен сени көрбөй туруп сүйдүм, кандай адам экениӊди билбей туруп махабатка мас болдум. Кандай болсо да эми сени
колдон чыгарбайм.
– Мен...
– Адел, азыр мага көнө элексиӊ, сага чоочун болуп жатышым мүмкүн. Бирок колумдан келет. Сен мени, мен сени бактылуу кылабыз. Азыр эч нерсе дебе, бир гана мени билгенге аракет кылып көр.
Карыпбек андан аркы сөздү уккусу келбей, сөз бүттү дегенсип ордунан туруп кетти. Аделде тагдырына баш ийгенден башка айла калбады. Кээ бир адамдар болот, кандай болсо да абалдан амалкөйлүк менен кутулуп кете турган, айрымдары болсо башына кандай тагдыр туш келсе да каршылык кылбай баш ийип жашап калышат. Адел да табиятынан назик, өтө жумшак, эч кимдин көӊүлүн оорутууну каалабаган кыз эле. Өзүнөн улуу, таптакыр көӊүлү келбеген адамга турмушка чыгарын ойлогондо турган ордунан безе качып, эч ким таппаган жайга жашынып калгысы келип жатты. Бирок сыртынан анын бирин билгизбеди. Сыягы, көзүнүн жашын көл кылып жүргөн апасын аяды окшойт. Ортодон аз убакыт өтпөй Адел Карыпбектин аялы катары анын үйүнүн босогосун аттады.
Бул учурда Айкөл чет өлкөгө билимин тереӊдетүү үчүн окууга кеткен эле. Ортодо мындай иш болуп кеткенин таптакыр билген эмес. Карыпбек таякесинин үйүнөн жоолук салынып жүргөн Аделди көрүп, ордуна тура албай калды.
– Сен бул жакка кандайча келип калдыӊ?
Ушунча убакыттан бери ички бугун эч кимге айта албай жүргөн Адел Айкөлдү көргөндө чыдабай кетти. Буркурай моюнуна асылып ыйлап жиберди.
– Адел, мени карачы, сен өз эркиӊ менен келдиӊби?
– Айкөл байке, менден эч нерсе сурабаӊыз.
– Кандайча, кантип?
Айкөл ушул сөздөрдү күбүрөп бакчадагы көк чөпкө отура калды. Бул иш үч уктаса түшүнө кирген эмес. Адел менен таякеси... Таптакыр коошпогон, бири-бирине төп келбеген эки башка дүйнө. «Бул эмне деген адилетсиздик?!» деп жатты жан дүйнөсү куйкалана.
Бирок бул тагдырды Айкөл эмес, андан зор касиеттүү күч да өзгөртө албай калган. Карындашындай көргөн Адел таажеӊеси болуп калганына такыр көнө албай койду. Жеӊе деп да айта албайт, жоолук салынып алып улуу-кичүүгө жүгүнүп жаткан Аделди тиктеп калат.
Көп деле шаан-шөкөт менен коштолбогон той тез эле бүттү, келин заӊгыраган үч кабат үйдүн кожойкеси болуп отуруп калды. Тагдырына баш ийип «көнүп кетем» дегени менен, таптакыр көнө албай койду. Карыпбектин жашоосундагы нерсенин баары жат эле. Ал тургай алтын-күмүшкө бөлөп койгонуна да кайдигер. Башка кыз болсо жалтырак-жултуракка кызыгып кетет беле, Аделдин жан дүйнөсү ал нерсени да кабыл албады.
Чүнчүп, арыктап, ооруп, кабагы ачылбай жүргөн жаш аялынын абалын Карыпбек да сезип жүрдү. Анын бир ойлогону – аялынын боюнда болуп калса, бала менен алаксып көнүп кетер беле деген эле...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
Munarka
2015-08-10 14:44:01
Кооп кооптон жазыныздарчы
0
nurik903
2015-08-10 16:07:29
кутобуз эми
0
AFFANCULO
2015-08-10 16:24:19
Айкол ким эле? унутуп атам
0
zara-919
2015-08-10 17:01:18
AFFANCULO
Айкөл Аделдин соседи. адвокат таекесин өзү сунуштаган эле Адел СИЗОдо жатканда..
0
perichte
2015-08-10 18:33:30
Мурунку сандарын кайсы жерден окусам болот, айтып койгулачы
+1
Adik01219
2015-08-11 08:29:22
Ой бул чыгарманы 3 жыл мурун жазган болсонор керек эле мен окугамын эсимде карыпбек кое берет кызды жакшы аяктайт
+1
Emu-Janyl
2015-08-11 10:51:42
Сиз башка чыгарма менен алмаштырып жатасызго дейм.
+1
Loreno
2015-08-11 12:01:35
Кызык жерине эми келгенде бутуп калат. :-(
0
tatulinka
2015-08-11 19:11:32
Оф мынча аааз
0
kanyshaikg
2015-08-12 20:25:02
Кызга да боорум ачып кетти. Жакшы чыгарма окшойт
+1
Kleopatra_91
2015-08-12 23:37:56
Аябай жакшы чыгарма экен, кызыгып окуп жатам!Авторго рахмат!
0
snegurochka11
2015-08-13 07:37:49
Мынча аз!!!Коптон жазгылачыыыы сураныыыч!!!Бир жума кутуп бир минутада окуп,тойбой калып жатабыз)))
+1
g.jumabekova
2015-08-14 10:21:37
Мен бул чыгарманы китептен окуп чыккам. Адел башка адамды суйуп калат. Аны билген куйоосу аделди башка шаарга алып кеттуну чечет. Аделдин кетерин уккан суйгону аны алып калууну коздоп аэропортко жонойт. Аэропорттон адел жигитин коруп ага карай чуркайт ошол учурда трапта карыпбек аделди атып олтурот ошо менен бутот. Адел суйуп калган жигит карыпбектин кол алдындагы иштеген жигит болуш керек адашпасам.
+1
jany-aryk
2015-08-14 13:38:30
kyzyk jerine keliptir men bawynan beri okup keletam baikuw kyz olobu?
0
Bintu.Ibrahim
2015-08-16 10:00:41
Касиетту куч да озгорто албай калган деп кайсы кучту айтып атат болду экен автор?
0
№ 666, 7-август-13-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан