Жай мезгили футбол дүйнөсүндө трансферлер мезгили. Беделдүү футболдук клубдар керектүү футболчуларды өз карамагына илип кетүү, ишенимди актай албагандардан арылуу менен убара. Футбол сүйүүчүлөрүн жаӊы сезондун башталышы менен куттуктап, маанилүү делген трансферлерге назар салабыз.
АНГЛИЯ ПРЕМЬЕР-ЛИГАСЫ
Трансферлер толкуну дүйнөдөгү эӊ кызыктуу делген Премьер-Лигада кызуу жүрүп жаткан кез. Бул чемпиондуктагы клубдар каражаттарынын көптүгү менен айырмаланышат. Андыктан кымбат баадагы футболчуларды алып-сатуулар да дал ушул Премьер-Лигада болууда.
А СЕРИЯСЫ (ИТАЛИЯ)
БУНДЕСЛИГА (ГЕРМАНИЯ)
ЛА ЛИГА (ИСПАНИЯ)
Ал эми Испан чемпиондугунда «Реал» өзүнүн сыймыгы болгон дарбазачысы Икер Касильясты сатып жиберип, өз күйөрмандарынын наалатына калып отурат. 18 жыл бою падышалык клубдун дарбазасын коргогон Икер эми португалиялык «Портунун» курамында ойномокчу.
ТОП-ЛИГА
Ал эми өлкөбүздүн Топ-Лигасында трансфердик мезгил 28-июлда расмий жабылды. Алардын арасынан кызыгууну жараткан трансферлердин бири, Даниянын жараны Хасан Башир аттуу чабуулчунун «Дордой» футбол клубуна кошулганы болду. Ошондой эле аталган клуб орусиялык футбол клубдардын биринде тарбияланган Азиз Келдияровду курамына кошту.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg