ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (10-августтан 16-августка чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Өз көз карашыӊызга бекем туруп, бирөөлөрдүн убадаларына ишенбөөӊүз керек. Сизди бирөөлөр колдонуп, чыгымга дуушар кылышы мүмкүн. Андыктан акчаӊызды эч кимге карызга бербеӊиз. Жакшы сапаттарыӊызды уккан кээ бир адамдар сиз менен жакындан таанышууну сунушташат. Сырткы келбетти өзгөртүү керектигин бир кечеге катышкан соӊ билесиз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Көп эмгек кетирбей эле кошумча акча табууга болорлук мүмкүнчүлүк жаралат. Ойлонуп көрүӊүз. Иштерди батыраак бүткөрүп, саякаттоого же алыстагы туугандарга барып келүү тилеги жаралат. Жеке мамилелерди чечип алууга, таарынышкан достор менен табышууга бел байлаӊыз. Апта аягында жашооӊузга бурулуш жасоочу окуя же жолугушуу болуп өтүшү ыктымал.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Апта башында нервиӊиз жукарып, бирөөлөр менен чогуу-чаран иш бүткөрүүнү сүйбөй каласыз. Апта ортосунда жакшы таасирден улам жаркып чыга келесиз. Каржылык маселелер оӊой чечилип, таӊ калтырат. Анча тааныш эмес тамак-аштарды жейм деп организмиӊизге күч келтирип, ооруп калбаӊыз. Жаӊы буюмду сатып алууну кийинкиге жылдырыӊыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Канчалык аракет кылганыӊыз менен, максаттарга жетүү кыйындайт. Андыктан иш которууну ойлонууӊуз ыктымал. Бирок шашпаӊыз, чечимиӊиз ката болуп калуусу мүмкүн. Убакытты өзүӊүзгө жумшап, келечек иштер боюнча бирөөлөр менен кеӊешкениӊиз оӊ. Чогуу иштегендер айткан сунушка каршы чыкпай макул болсоӊуз, баш оору жаралбайт.

АРСТАН (23.07-23.08)
Сизди көптөн бери кыжалат кылып келе жаткан көйгөйлөр четинен чечилип, өзүӊүздү эркин сезе баштайсыз. Күтүлбөгөн жактан акча келип, аны эс алууга коротууну пландайсыз. Апта ортосунда бойдоктор бейтааныш компанияга туш келип, жакшы тааныштарды таба алышат. Апта аягында жакындарыӊызга кам көрүп, алардын көӊүлүн аласыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жалкоолук кармап, баарын кийинкиге жылдырууну самайсыз. Бирок үй-бүлөлүк абал сиздин талбай иштеп, мурункудан да көбүрөөк акча табууну талап кыларын унутпаӊыз. Сизди кайсы бир жакка чакырышат, баш тартпаӊыз. Анткени керектүү маалыматка ошол жактан ээ болосуз. Негизи апта ийгиликтүү, болгону чечимди туура кабыл алуу керек.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Бир беткей жашоодон качып, башка нукка бурууну самайсыз. Тааныштарыӊыз керегиӊизге жарап беришет. Туугандар менен тойго барууӊуз ыктымал. Кыймылсыз мүлк маселесин чечүүгө киришип, жыйынтыгы оюӊуздагыдай чыгат. Өзүӊүз акырында кыйналып калбайын десеӊиз, башкаларга акчаӊыз менен бөлүшпөӊүз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Жаӊы долбоорго киришип, жаӊы иш оруну сунушталса, баш тартпоо кажет. Сырткы көрүнүштү оӊдоп алуу зарыл. Айткан сырларыӊыз өзүӊүзгө каршы колдонулбасын десеӊиз, сырыӊызды ичке бекем катыӊыз. Дем алыш күнү тааныш эмес жерде эс алууӊуз мүмкүн. Керектүү нерселерди жоготуп албоо жана жаракатка кабылбоо үчүн сак болуӊуз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Бардык көйгөйлөрдү жыйыштырып, эс алганыӊыз туура. Адамдарды өзүнө тартып турган касиетиӊиз майда маселелердин бат чечилүүсүнө себепкер болот. Досторуӊуз менен шаӊдуу жана узакка эсте калуучу кечеге барасыз. Жеке жашооӊуз жакшы деӊгээлде өтөт. Рулда жүргөндөрдү жума күнү кырсыктар тооруйт, сак болуу кажет.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Апта бир топ оор болот. Бирок чыдамкайлыгыӊыздын арты менен кыйынчылыкты жеӊип кетесиз. Үйүӊүзгө келип-кеткен адамдар көп болуп, кыжырыӊызды келтиришет. Каржылык абалыӊыз турукташат. Сүйүктүү адамыӊыздын сюрпризи романтикалык маанай тартуулайт. Апта аягында жакшылап эс алууну пландооӊуз кажет. Алыскы жакындарыӊыздан кабар алууӊуз мүмкүн.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптанын башында ар нерсени кыялданып, маанайыӊыз көтөрүӊкү болот. Бирок сиз ойлогондой жолугушуу жана пландалган иш жүзөгө ашпай. Маанайды түшүрбөй, орундуу деген ишти колго алып, алаксыӊыз. Кээ бирлер кошумча иштеп, акча таба алышат. Эмгек өргүүгө чыккандар баарын майда-чүйдөсүнө чейин пландап, каржылык жагын да эске алуулары зарыл.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Бардыгына нааразы болуп, элдин сөзүн укпай кежирлигиӊиз кармайт. Мунуӊуз менен башкалардын да маанайын бузушуӊуз мүмкүн. Бойдоктор эски мамилелерди үзүп, жаӊысын баштоону ойлошот. Чоӊ нерселерди сатып алуунун ыӊгайы келип турат. Буга чейин акча чогултуп жүргөндөр акчасын пайдалуу ишке жумшаса ийгилик коштойт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 666, 7-август-13-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан