ҮЙГӨ ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН ЖАНА КАНАЛИЗАЦИЯ КИРГИЗҮҮ

Өткөн саныбызда времянка куруу боюнча адистин кеӊешин сунуштаганбыз. Бул саныбызда курулуп бүткөн үйгө электр энергиясын жана канализация киргизүү тууралуу маалымат беребиз.
Бир фазалык электр энергиясын киргизүүнү тийиштүү мекемеден уруксат алуу менен баштайсыз. Ал үчүн «Түндүк электро» ишканасына (Бишкек шаарындагылар үчүн) үйүӊүздүн Кызыл китебин же техникалык паспортун, жашаган жериӊизден тастыктама алып кайрылыӊыз. Алар акт түзүп, электр энергиясын колдонуу боюнча жеке эсеп ачып беришет. Андан кийин электриктин жардамы менен монтаждоо иштерине өтө берсеӊиз болот.

ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН КИРГИЗҮҮ ҮЧҮН КАНДАЙ КАРАЖАТТАР КЕРЕКТЕЛЕТ?

САНТЕХНИКА. БААЛАРЫ:

СЕПТИК
Септиктин (слив) тереӊдиги 4-5 метр, узун-туурасы 1,5 метрден кем болбошу шарт. Казылган чуӊкурдун ичине шакекче сымал тегерек, бийиктиги 1 метрлик 5 бетонду үстү-үстүнө коёбуз. Же болбосо төрт капталын цементтеп алсаӊыз болот. Септик үйдөн кеминде 10-15 метр алыстыкта жайгашканы оӊ. Эӊ негизгиси, сордуруп кеткенге же машине кире турган жайга салынганы туура. ЖАЛПЫ ЧЫГЫМ – 23 000 СОМ

БААРЫН ЭСЕПТЕГЕНДЕ – 90 545 СОМ

Чыӊгызхан Кожошов
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Ajar.
2015-08-10 15:47:59
/Коопсуздук чоргосу (аварийная вентиль)/ дегенди "аварийный вентиль" десеңер туура болмок...
+3
stepwgn2483
2015-08-12 19:30:13
Ajar.,неге аварийный вентиль болот,туура эле жазылган
аварийная вентилляция дегенди кыскартып жазышкан эгер билгин келсе.
-4
asmera
2015-08-12 22:42:14
stepwgn2483,Кудай урбадыбы! "Вентиль" деген терминдин "вентилляция" деген терминге эч кандай тиешеси жок, өзүнчө термин. Аварияга байланыштуу айтсак, "Аварийный вентиль" туура болот!
+3
Ajar.
2015-08-13 10:13:30
stepwgn2483, анткени "вентиль" деген сөз мужской род, бул жерде ал багындыруучу сөз болгондуктан, багыныңкы сөз ага карата өзгөрөт.
Мисалы: "холодное вода" дебейбиз да, туурасы "холодная вода". Тиги мисалда ушул сыяктуу ката кеткен, сиз да ушуну билип алыңыз, макулбу...
+2
Nurluujan16
2015-08-10 16:27:37
Биздин канализация үйлөрдөн колдонулган сууларды кайсыл жакка кетирет? Супер инфо канализациянын суусу жерге эле кетет деп уктум эле Кыргызстанда айылдарда. Ушул чынбы?Кыргызстандын шаарларынын канализациянын суусу кайсыл жакка барат? Ушул жөнүндө жакшылап талдап элге маткриал даяардасаңар сонун болот эле! Канализациянын суусу иче турган таза сууга кошулуп кетеби деп дагы жаратаылышты ойлоп сарсанаа болот экенсиң!
+1
admin_media
2015-08-10 18:53:11
Nurluujan16, саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап коебуз, рахмат!
+2
Nurluujan16
2015-08-11 16:26:31
admin_media,рахмат
+1
hairullo
2015-08-12 22:29:08
Электир энергийасын киргизиш учун созсуз улуксаат сураш керек турбайбы. Ал эми шаардык каланизацийа системине туташтыруу учун улуксаат сураш керекпи же жокпу? Админ.
0
Allahtynkulu
2015-08-12 23:01:33
Урматтуу менин суйуктуу гезитимдин жамааты сиздерден сураныч кондитердик цех ачуу боюнча да маалымат берип койсонуздар. Духовканын турлору, жакшысы, сапаттуулары жонундо да жазыныздарчы.
0
SHAHDAR
2015-08-15 10:15:48
Баалар укмуш экен. Мындан кыйла арзан алсанар болот. Мисалы канализация 130 метр. итд итп
0
№ 666, 7-август-13-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан