ЭДНАН КАРАБАЕВДИН АКЫЛЫ ТҮШТӨН КИЙИН КИМГЕ КЕРЕК?

Дипломатиялык мамиле, чет мамлекеттер менен болгон алака-катыш өтө кылдаттыкты талап кылган нерсе. Тажрыйбалуу дипломаттар аны дайыма баса белгилеп эскертип келишет. Айрым учурда дипломаттардын жылдап жасаган эмгегин бир адам балп эткен билдирүүсү менен кыйратып салган учурларды кездештирип жүрөбүз. Кыргызстандын кошуна Өзбекстан жана Тажикстан менен азыркыдай салкын мамилесине эгемендүүлүккө жеткенден бери тышкы мамилелер тармагында иштеген, моюнуна жүктөгөн милдеттерди туура, так аткара албаган айрым чиновниктердин айыбы ат көтөргүс экенин тана албайбыз.

КАРАБАЕВДИН КАЛПЫС КАДАМЫНАН ӨЛКӨ КАНДАЙ ЗЫЯН ТАРТКАН?
Бүгүнкү кеп кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек мамилеси тууралуу эмес. Эднан Карабаев аттуу мырзанын тышкы иштер министри болуп тургандагы аракеттери араб мамлекеттерин катуу таарынтканы тууралуу. 1993-жылы Акаев президент болуп, Кыргызстан «демократия аралчасы» аталып, ушул ураан астында жашап жаткан кезибизде ошол кездеги ТИМдин башчысы Эднан Карабаев Акаевдин Израилге сапарын уюштуруп, аталган мамлекетте элчилик ачылмай болот. Кыргызстандын 80 пайыздан ашуун калкынын мусулман экенин эске алганда жөөттөр менен мамиле мыкты деӊгээлге чыгып кетпесин дипломаттык иш-тажрыйбасы жок адам деле түшүнүүсү керек эле. Негедир Эднан Карабаев жетекчилик кылган ТИМ аны эске албай, Аскар Акаевдин Иерусалимге сапарын жогорку деӊгээлде уюштурат. Бул сапардан улам бир боор деп мусулман катары жардам бергиси келип турган араб мамлекеттери менен мамиле башталбай жатып солгундап калат.
Бул жагынан кедергисин тийгизген Акаевдин Израилге болгон сапары Кыргызстанга кымындай да пайда алып келген эмес. Көп жылдар бою кыргызстандык ишкерлер араб мамлекеттерине барып, Кыргызстанга инвестиция тартуу жөнүндө кеп козгошсо, Акаевдин Иерусалимге болгон сапары эске түшүп, инвесторлор сылык-сыпаа иштешүүдөн баш тартып келишкен. Ал күндөр өттү. 2011-жылдан баштап Кыргызстан менен араб мамлекеттеринин алакасы жакшыра баштады. Айрым эксперттер эгер Акаев Израилге барып, ал жакта элчилик ачуу тууралуу кеп козгобогондо азыркы күнгө чейин араб туугандардан миллиарддаган доллар инвестиция Кыргызстанга агылып келип турмагын айтышат. Ушундан улам Эднан Карабаев жок дегенде моралдык жактан жоопкерчиликти сезип жүргөндүр деген ой жаралат.

БАКИЕВДИН ТУУЛГАН КҮНҮНӨ АРНАЛГАН ПАСПОРТ
Башында кеп кылгандай эле Эднан мырза Акаев жана Бакиев учурунда бир канча жыл ТИМди мыкчып турган. Анын мындай узак убакыт иштешинин сыры өлкө жетекчилери менен кыйын «тил табышканында» дешет билгендер. 2007-жылы ал ТИМдин башчылыгына барганда ошол кездеги президент Курманбек Бакиев 58 жашка чыгат. Жаӊы министр мындай урунттуу учурду колдон чыгарбай Бакиевге AD000001 номурундагы дипломатиялык паспортту тартуулайт. Бакиев дал ушул паспорту менен Минскке кетти деп айтылып келет.

25 ЖАШТАГЫ КЕӉЕШЧИ
Эднан мырза ТИМди жетектеп турган маалда 25 жаштагы Марина Викторовна Гречанная деген селки кеӊешчи болуп дайындалып, анын министрликтеги таасири аябай өскөнүн ал кезде аталган мекемеде иштегендер айтат. Адатта кеӊешчиликке иш-тажрыйбасы кенен, жашоону көрүп-билип, жашы да орто куракка барып калгандар дайындалчу эле. 25 жаштагы жаш адамдан министр кандай кеӊеш алып турган деген суроо өзүнөн өзү жаралат. Кызык жагдай, бул айым дале ТИМде өз таасирин жогото элек. Мисалы, бүгүнкү күндө анын бир тууган иниси Кыргызстандын Швейцариядагы элчилигинде атташе болуп иштейт.

Айжан Бейшеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
bazarkyl
2015-08-10 17:26:53
Эднан кимдин жинине тийип койдун кен. Аны бир гана Бейшеева Айжан айым билет окшойт. Айжан айым Швейцарияга барып, жакпай калганбы!?
0
№ 666, 7-август-13-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан