ЭлТР телеканалынын «Х-Фактор-Кыргызстан» долбоорунун тегерегинде чуу чыкты. Аталган телеканалдын жетекчиси Максуда Айтиева «Х-Фактор-Кыргызстан» долбоорунан 1 миллион сом алып, жеп койду, кокуй!» деген маалыматтар тарап жатат. Бул кептин чын-бышыгын билүү үчүн ЭлТРдин директору Максуда айымга кайрылсак, ал минтип жооп берди: «Х-Фактор-Кыргызстан» үч тараптуу долбоор. Уюштуруу иштерин «Медиа Шоу» ишканасы аткарат. ЭлТР сынактык шартта өтүп жаткан концерттерди тартып, көрүүчүлөргө сунуштайт. Ал эми «Улут жүзү» коомдук фонду уюштуруу иштерине 300 миӊ сом бөлгөн жана ал акчаны «Медиа Шоу» иштеткен. 700 миӊ сомдук байгеге келсек, «Улут жүзү» ал акчаны жыйынтыктоочу концертте жеӊүүчүгө өз колу менен тапшырмай болгон. ЭлТР бул иштерде бир тыйын алган эмес».
Андан ары «Улут жүзү» коомдук фондунун жетекчиси Рустам Мамановго байланыштык. Ал: «ЭлТРдин жетекчиси Максуда Айтиева демөөрчүлүк колдоо сураганда макул болгом. Бирок 1 миллион сом берген эмесмин. 300 миӊ сомду уюштуруу иштерин аткарчу адамдарга карматсам, 700 миӊ сомду жеӊүүчүгө өзүбүз тапшырабыз. Жеп койду деген сөз – бул ушак»,- деди.
«Х-Фактор-Кыргызстан» долбооруна катышкандардан «ЭлТРдин директору Максуда Айтиева 6000 сомдон алат» деген кепке байланыштуу «Медиа Шоу» ишканасынын жетекчиси, долбоордун продюсери Мирлан Муратовго да кайрылдык. Ал буга мындай жооп узатты: «ЭлТР катышуучуларды тандоого катышпайт. Ар бир катышуучу менен келишимди биздин ишкана түзөт. Демек, катышуучулар да ЭлТРге эч кандай акча төлөбөйт».
Замира Рахманбердиева