«Мен өз оюмду айтуудан коркпойм, мисалы, мага Алла Пугачёванын чыгармачылыгы жакпайт». Орустар көкөлөтө мактаган примадоннаны жакпайт деп жар салган ырчы ким экенине кызыгып жатасызбы? Бул цитатанын ээси 90-жылдардын аягында рок музыкасын бир «силкип» кирип чоӊ сахнаны багынткан Земфира.
Земфира Рамазанова
Туулган жылы – 1976-жыл, 26-август
Туулган жери – Орусия, Уфа шаары
Улуту – Татар
Билими – Уфа шаарындагы Искусство училищеси.
Жактырганы – Дүйнөлүк жылдыздардын кол тамгасын коллекциялаганды жактырат.
Жактырбаганы – Эл көзүндө болууну жактырбагандыктан журналист-фотографтардан жаа бою качат.
Популярдуу ырлары: «Каалайсыӊбы?» («Хочешь?»), «Көрүшкөнчө...» («До свидания...»), «Кечир мени, махабатым» («Прости меня, моя любовь») жана башкалар.
Сыйлыктары: 2 жолу «Талаа карышкыры» («Степной волк»), 6 ирет «Чартова дюжина» жана башкалар.
«КЫЙЫНЧЫЛЫКТЫ ЖЕӉҮҮ – ХОББИМ»
«Чырлуу Земфира» атыккан ырчы айым врач менен мугалимдин үй-бүлөсүндө жарыкка келген. Музыка дүйнөсүнө 5 жашта баш багып, апасы аны музыкалык мектептин фортепиано классына жетелеп барат. «Канча жолу окуудан тажап, фортепианонун капкагын тарс жаап басып кетким келген күндөрүм болгон. Бирок апам керектүү сөздөрдү таап, оӊ жолго салып коёр эле. Апамдын турмушка тыӊ болууну үйрөтө билгендигинен азыр кыйынчылыкты жеӊүү хоббиме айланды» дейт Рамазанова.
«АГАМ РОКТУ ЖАКШЫ КӨРЧҮ»
Эмне үчүн рок багытындагы музыканы тандап алганы тууралуу: «Агам Рамиль дайыма рок стилиндеги ырларды угуп, башын силкилдетип гитара чертип, ал гана эмес, кийимдерин дагы рок-музыканттардыкына окшоштуруп сатып алчу. Ал мага өзгөчө сонун көрүнөр эле»,- деп эскергени бар.
«ЖЕР ТАНДАБАС» ЫРЧЫ
Шаар аралай басып жер алдындагы өтмөктөрдө, базарларда ырдап, акча чогулткан адамдарды көрүп жүрөбүз. Земфира да «жер тандабастардын» катарында чыгармачылыгын баштаган. Аны бош убактысында Уфанын ар кайсы бурчунда гитара чертип «Кино», «Аквариум» топторунун ырларын ырдап отурганын жакындары эскеришет.
Уфадагы «Европа+» радиосунда үн оператору болуп иштеп жүргөндө «Эмнеге?» («Почему?»), «Кар» («Снег»), аттуу алгачкы профессионалдуу ырларын жаздырган.
1998-жылы «Земфира» аттуу топ түзүп, бир катар майрам-кечелерде ырдап, элдин сүймөнчүгүнө айланат. Бирок ырчы үчүн Уфа аз эле, кезекте Москва күтүп турган. Ушул эле жылы топтун ырлары жазылган кассета «Мумий Тролль» тобунун продюсери Леонид Бурлаковдун колуна тийип, ал ырчыга «бактылуу билетти» сууруп берген. «Мумий Тролль» менен биргеликте чыгарган эӊ алгачкы «Земфира» аталышындагы альбому ырчы айымга болуп көрбөгөндөй атактуулук алып келген.
«КОШ! КАЧАН КӨРҮШӨБҮЗ БИЛБЕЙМ...»
Земфиранын спирт ичимдиктерин көп ичкени, баӊгизат колдонгонунун айынан катуу арыктаганына байланыштуу кескин сындар айтылган. Ал «Баӊгизаттардын ичинен эӊ жакшысы – арак!» деген кеби менен быкшып түтөп турган отко май тамызган.
2013-жылы «Сенин акыл-эсиӊде жашоо» («Жить в твоей голове») аталышындагы ыр жыйнагын чыгарып, 10 айлык турне менен дүйнө кыдырып чыгат. Бир концертинде жалпыга кайрылып: «Мен сындан да, атактуулуктан да чарчадым. Сиздер менен коштошуп жатам. Кош болгула! Качан көрүшөбүз билбейм, көрүшөр бекенбиз?..» деп кол булгалаган. Күйөрмандардын бактысына бул коштошуу көпкө узабай, азыркы убакта ырчы таланты менен да, ызы-чуусу менен да эл назарында.
Украинадагы абалга байланыштуу Орусия Федерациясынын Кеӊеши президент Владимир Путинге өлкөдөн сырт жакта аскер күчүн колдонууга уруксат бергенден кийин Земфира украин элин колдоорун билдирген. Өзүнүн расмий сайтындагы бардык чыгармаларын өчүрүп, украин тилинде ырдалган жалгыз ырын гана калтырган.
ЧОӉ МУШТУМ...
Ата-энесинин эрке кызы Зёма миллиондогон күйөрмандарга кошо антифанаттардын да ээси. «Чоӊ муштум» атка конгону да бекер эмес. Дүкөндөгү сатуучунун тейлөөсү ойдогудай болбосо муштум, журналисттин берген суроосу жакпай калса да муштум, кафедеги бармен анын көӊүлүндөгү ичимдикти таап бере албаса да тумшукка жейт, айтор, муштумдардын саны ырчынын куржунунда көп. Урушуп-соттошкон жагынан Зёма укук коргоо органдарында «тез-тез келүүчү конок».
Асыл Орозбекова
star@super.kg