Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков муз үстүндөгү бийлер боюнча олимпиадалык чемпион Татьяна Навкага 1-августта баш кошту. Алар буга чейин мамилесин жашырып келишкен эле. Кептин баары тойдун эртеси уланды.
Оппозиционер Алексей Навальный Песков үйлөнүү тоюнда тагынып жүргөн сааттан чоң чуу жаратып койду. Анын айтымында, басма сөз катчы үйлөнүү тоюнда тагынган саат Richard Mille RM 52-01 дүйнө жүзү боюнча болгону 30 даана гана чыгарылган. Баасы 37 миллион рублду чапчыйт. Буга катар Навальный Песков тапшырган декларациясына ылайык, бир жылдык кирешеси 9 миллион рублдан бир аз ашканын эске алып, «Песков 4 жылдык кирешесине барабар болгон саатты кайсы каражатына алган?» деп суроо койду. Ал эми Песков cаатты жубайы Татьяна белек кылганын, мындай кымбат сааттарды сатып алууга анын капчыгы жол бербей тургандыгын айткан. Навальный өз кезегинде чиновниктер баасы 3000 рублдан ашкан белек алууга болбой турган мыйзам бар экенин кыйытып, Песковдун бул жообуна интернетте жайылган басма сөз катчынын башка кымбат сааттарды тагынып түшкөн сүрөттөрүн илип, «муну да Навка бергенби?» деп бурчка такады.
Айтор, талкуу жараткан бул окуядан Песков: «Бул биздин жеке ишибиз, ал эч кимди кызыктырбайт»,- деп кутулду. Ал арада бир катар чет элдик ММКлар «путиндик режим» ушуга алып келди деген сыяктуу сындарды жаадырышууда.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg