"Коррупция" беренеси боюнча айып тагылып, 2014-жылы эл аралык издөөгө жарыяланган «Центерра Голд» компаниясынын мурунку жетекчиси Леонардо Хоменюк Болгарияда 27-июль күнү кармалды. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, ал Кыргызстандын талабы менен колго түшүрүлгөн.
Хоменюк 2004-2008-жылдар аралыгында «Центерра Голд» компаниясынын башкы директору, директорлор кеңешинин мүчөсү болуп иштеген. "Леонардо Хоменюктун кармалышы анын 2003-2004-жылдардагы «Кумтөр» долбоорун реструктуризациялоо боюнча бийлик өкүлдөрү менен мыйзамсыз макулдашууга барган деген билдирүүлөрдөн болушу мүмкүн. Компания Кыргызстандын бийлигинен мындай айыптоолордун фактылык негиздерин көрсөтүүнү өтүнгөн, бирок маалымат берилген эмес",- деп «Центерра Голд» компаниясы билдирүү таратты.
Леонардо Хоменюкту Болгариянын соту экстрадиция иштери такталмайынча 30 күнгө камакка алуу чечимин чыгарган.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg