Өкмөт башчы Темир Сариев 1-августта Жалал-Абад облусуна барган сапарында Ала-Бука районунда жайгашкан Бозумчак кениндеги «Казахмыс Голд-Кыргызстан» тоо кен иштетүүчү ишканасын ишке берүү аземине катышты. Анда премьер: «Биз жаңы ишканаларды ишке киргизип, жумуш орундарын түзүп, мамлекетибиздин эгемендигин, кубаттуулугун бекемдеп, туруктуу өнүгүүсүн камсыздашыбыз зарыл. Биздин алдыбызда бир гана жол бар, ал – өнүгүү жолу», – деди.
Өкмөт башчы билдиргендей, ишканадан жыл аягына дейре 200 миллион сом салык, анын 50 миллион сомдон ашыгы жергиликтүү бюджетке келип түшөт. Миңден ашуун жумушчу орун пайда болуп, эки комбинаттан жылына 1,5 миллиард сом салык түшөрү маалымдалды.
Темир Сариев ушундай долбоорлорго тоскоолдук кылууну каалаган жактар бар экендигин белгилеп, аларды жоопкерчиликке тартуу жагы караларын айтты. Эске салсак, 24-июлда Бозумчак кенине жакын жашагандар кенге кетчү жолду бууп салышкан. «Казакмыс Голд-Кыргызстан» ишканасы эки күндүк жол тосуудан улам 442 миң сом зыян тартканын билдирип жергиликтүү бийликке доо койгонун билдирди. Учурда Жалал-Абаддын бийлик өкүлдөрү бул маселени карап жатат.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg