Манас Сарыбаев, СИЗОнун көзөмөлдөөчүсү: «ТҮРМӨДӨ ИШТЕГЕНДЕР ЖАРГОН МЕНЕН СҮЙЛӨП, ЧИФИР ИЧИШЕТ ДЕГЕН ЧЫНДЫККА ЖАТПАЙТ»

Бул саныбызда түрмөдөгү тартипти сактап, опурталдуу жана жоопкерчиликтүү кесипти аркалаган жаза өтөгөндөрдүн көзөмөлдөөчүсү тууралуу сөз кылабыз. Бишкек шаарындагы №1-СИЗОнун корпус башчысы Манас Сарыбаев өз кесиби тууралуу айтып берди.

– Саламатсызбы? Темир эшиктер, зым менен курчалган бийик дубалдар мекеменин эшигин аттаар замат эле жүрөктүн үшүн алчудай го...
– Саламатчылык! Чындыгында, мындай мекемелердин сүрү болот. Бул жактын тартиби ушундай да. Алгачкы жолу келгендердин баары эле ушинтип айтышат. Күндө келип-кетип жаткандыктан биз көнүп калганбыз.
– Түрмө көзөмөлдөөчүсү болом деген ой жаш кезиңизде түшүңүзгө да кирген эмес болуш керек?
– Менин балалыгым Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Ак-Өлөң айылында өттү. Карапайым үй-бүлөдө чоңойгом. Жаш кезимден эле форма кийип, аскер кызматында иштегенди элестетчүмүн. Мектепти бүткөн соң өз каалоом менен аскерге барып, Балыкчы шаарында милдетимди өтөдүм. Андан соң тааныштарым «Бишкек шаарында жумуш бар» деп чакырып калышты. Ошентип СИЗО-1де 2009-жылдан бери көзөмөлдөөчү болуп иштеп келем.
– Көзөмөлдөөчүнүн бир күндүк иш тартиби кандай өтөт?
– Жумушка эртең мененки саат 6:30да келебиз. Саат 7де жумушубуз башталат. Көзөмөлдөөчүнүн иши – айыпталуучуларды көзөмөлдөө болуп саналат. Алгач айыпталуучуларды эртең мененки текшерүү башталат. Аларды сейилдөөгө чыгаруу, санитардык бөлүмгө, сотко алып баруу биздин милдет. Биз аларды дайыма коштоп жүрөбүз. Ар биринин муктаждыктары чыгышы мүмкүн. Мисалы, бирөөнүн бир жери ооруп калса бизге айтышат, анан биз аларды санитардык бөлүмгө коштоп алып барып келебиз. Жалпы 3 корпус бар, аларда айыпталуучулар үчүн камералар жайгашкан. Кечки саат 6да кайрадан жалпы текшерүү жүргүзөбүз да, кечки 7де жумушубуз бүтөт. Бир күндүк иш тартип ушундай, андан соң кийинки нөөмөткө өткөрүп
– Бул жумуш эң жоопкерчиликтүү кесиптерден болуш керек. Ар бир мүнөт сайын сактык үчүн даяр турууну талап кылат да...
– Ооба, кандай адамдар менен иштээрибизди жакшы билебиз. Камералардагы ар бир айыпталуучу үчүн өз башыбыз менен жооп беребиз. Жумуш убагында кымындай да боштукка жол бербөө кажет. Соттолуучунун оюнда эмне бар, эмне жок экенин ким билет? Андыктан дайыма даярдыкта болобуз.
– Абакта жаткандар жумуш кылышабы?
– Жеңил жаза алгандар чарба иштерине чыгышат. Аларга алгачкы жолу түрмөгө түшкөндөр же 2-3 жылга жаза алгандар кирет. Алар азык-түлүк таратышат, корпустарды тазалашат. Эшик, айнек сынып калса оңдошот дегендей. Ушундай сыяктуу майда жумуштарды аткарышат.
– Түрмөдө жазылбаган мыйзамдар бар да...
– Бизде соттун чечими чыга элек айыпталуучулардан тарта өмүр бою эркинен ажыратылгандарга чейин бар. Түрмөдөгү мыйзам, түшүнүк биз үчүн эмес. Биз үчүн бардыгы бирдей. Ал мыйзамдар жаза алгандарга гана тиешелүү. Өзүлөрү менен өзү.
– Абакта жаткандар сизди коркуткан учурлар болду беле?
– Жок, бирок 6 жыл бою бул жумушта иштеп, көп адамды жолуктурдум. Психолог да болуп калабыз. Бул же тигил адамдын кандай сүйлөөрүнө чейин билип калабыз. Анткени жаш өспүрүм, аялдардан тарта көрдүк. Кээ биринин соту жылдап уланат, анан алар камерада жалгыз болгонун элестетиңиз. Көп отургандыктан агрессия пайда болот да. Андыктан аларга жумшак сүйлөөгө аракет кылабыз.
– Түрмөлөрдөн арак-шараптардан тарта баңгизатка чейин табууга болот дешет...
– Бул сөздөргө кошулбайм. Анткени күнүнө ар бири эки жолудан текшерүүдөн өтөт. Ар бир жиберилген «посылка» текшерилет. Соттон келип-кетип жаткан, санитардык бөлүмгө барып келген айыпталуучу да тинтүүдөн өтүп турат. Аны кой, ар бир көзөмөлдөөчү жумушка келерде жана кетерде текшерүүдөн өтөт. Бул көзөмөлдөөчү аркылуу бир нерсе өткөн жокпу деген талап. Жумуш учурунда көзөмөлдөөчүнүн жанында мобилдик телефон, акча деген нерсе болбойт.
– Түрмөдө иштегендер жаргондор менен сүйлөп, «блатной» ырларды угуп, чифир ичип калат деп айтып жүрүшөт...
– Ар бир адам ар кандай да. Жалпылап айтуу туура эмес. Кимге кандай ырлар жакса угат, кимге кыпкызыл демделген чай жакса ичет да. Жумуштагылардын көпчүлүгү жаштарбыз. Сиз билгендей, жаштарга мындай нерселер таптакыр жакпайт. Бизден улуу байкелерибиз «биз ошондойдон өткөнбүз» деп тамашалап айтып калышат. Жумушубузга байланыштуу жаргондорду түшүнөбүз, бирок жашоодо колдонбойбуз. Мындай сөздөр чындыкка дал келбеген сөздөр деп айта алам.
– Сиз кайтарган абактан качкандар болду беле?
– Мен иштеп жүргөндөн бери түрмөдөн качкандар болгон эмес, бирок бизден тергөө амалдарына же сотко алып бара жаткан учурларда качкан фактылар кездешкен.
– «Ушул кесипти урдум!» деп таштап салгыңыз келген учурлар болбойбу?
– Алгач иштеп жатканда психологиялык жактан оор эле болот. Анткени күндө эле кайгырган, муңайыңкы айыпталуучуларды көрүп зээниң кейийт. Канчалаган жаш балдардын, аялдардын ыйларын көрдүк. Канчалаган талкаланган тагдырлар... Алардын ар биринин жашоосун ойлоп отуруп жинди болуп кете жаздайсың. Бара-бара буга да көнөт экенсиң. Иштей албагандар кетишет, иштей алганы калышат. Жаңы кошулган кесиптештерибизге иштин майда-чүйдөсүнө чейин үйрөтөбүз. Бул жумуш мага жагат, көнүп калдым. Кетем деген деле ойлор болгон эмес.
– Жумуш бүткөн соң эс алуу да ойдогудай болсо керек?
– Жумуш бүткөн соң ар ким ар кандай эс алат. Кесиптештер менен чогуу футбол ойноп калабыз. Бош убактым болсо эле ата-энеме барганга шашам. Үй-бүлөм, балдарым менен сейил бактарга барып эс алганды жактырам.
– Маегиңизге рахмат, ишиңизге ийгилик!

Айыпталуучуларды ар дайым көзөмөлдөөчү коштоп жүрөт.

Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
gulzar_gulu
2015-08-10 23:52:36
Эми кудай сизге сабыр берсин. Анткени бул жерде канча нервиниз калар экен белгисиз.
0
Alicia
2015-08-12 01:08:21
Bular ozun achyp bashka jakty karap turganda dubaldan narkotik yrgytyshat men korgom
0
chika-chika88
2015-08-13 08:56:27
Урматту супер инфо жамааты! Жакшы искала жазыпсынар,бул кесип жонундо маалымат алдым. Ар кайсы кесиптер жонундо жазып турунуздар. Ийгилик!))))))
0
№ 666, 7-август-13-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан