КҮНДӨН КОРГООЧУ КӨЗ АЙНЕК ТАНДАЙБЫЗ

Көз айнек күндүн нурларынан гана коргобостон, саркеч аксессуар катары да кызмат кылып келет. Эмесе, бетиңиздин түзүлүшүнө карата жарашыктуусун тандап, сапаттуу көз айнек алуу үчүн буларды эстей жүрүңүз.

САПАТЫНА СӨЗСҮЗ КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
Сапаттуу көз айнек тандоо үчүн анын алкагына көңүл буруңуз. Сындырып алам деп коркпой кармалап кулактарын ачып жаап, бекиткен буроолорун карап көрүш керек.
Сапаттуу көз айнектердин этикеткасында кайсы жерден чыкканы, фирманын маркасы, штрих код, чыгарган компаниянын дареги, телефондору жазылган болот. Ага көңүл буруңуз.
Айнек же пластика экенине да маани бериңиз. Пластика сынбайт, жеңил, бирок чийилип, караганда тоскоол болушу мүмкүн. 100 пайыз күндөн коргой албайт. Айнек күндөн 100 пайыз коргойт, чийилбейт, бирок тез сынып калуу коркунучу бар. Сынганда сыныктар көзгө кирип кетиши мүмкүн.|

КӨЗ АЙНЕКТИН ТҮСҮ ТУУРАЛУУ
Күрөң же кара.
Бул түстү айдоочулар колдонгону дурус. Анткени түстөрдү бири-бирине алмаштырбайт, кабыл алууну күчөтөт.
Жашыл жана боз. Мындай көз айнектер көлгө эс алганы баргандарга жакшы. Алар күндөн мыкты коргой алышат.
Боз жана күрөң. Тоого муз же лыжа тепкени барганда тагынган туура. Бул түстөрдү «хамелеон» деп коюшат. Түстөрдү алмаштырып андан да кооз кылып көрсөтөт.
Сары. Бул түс контрастты даана көрсөткөндүктөн учкучтар, гольф ойногондор кийишет.
Сыя жана кызыл. Адистер колдошпойт, анткени кызыл көздү чарчатып жибериши мүмкүн. А сыя түс күндөн анчалык жакшы коргой албайт.

Нуржамал Жийдебаева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Pantherka
2015-08-10 14:37:28
Жай буткондобу ))))
+5
kirgizstan
2015-08-10 15:07:13
Pantherka,ошону айтайын дедим эле куз келдиго Ээ
0
№ 666, 7-август-13-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан