Адатта аң-дөңдү, айланасын карабай зуулдата унаа айдагандарды көргөндөр «чоңдун көпкөн балдары окшойт» деп артынан ашатып кала беришет. Мындай түшүнүк элибиздин аң-сезимине сиңип калганына чындап эле бийлик төбөлдөрүнүн жардамчылары, туугандары же айдоочусу катышкан жол кырсыктары көп катталгандыгы себеп болгон чыгар.
«ЭЖЕМДИН 3 КЫЗЫ ЖЕТИМ КАЛДЫ»Ушул жылдын 3-июль күнү экс-депутат Нариман Түлеевдин ордуна «Ата Журт» фракциясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп келген Таалайбек Ибраевдин кызматтык унаасы адам өлүмү менен аяктаган кырсыкка кириптер болду. Кырсыктын кесепетинен каза тапкан маркум Аида Орозобаева аттуу айымдын бир тууган сиңдиси Гүлназ Орозобаева окуя тууралуу кененирээк токтолуп, эжесинин артында калган кыздарына депутат жардам бербей жүргөнүн айтат:
– Эжем Аида Орозобаева 40 жашта болчу. 3-июль күнү эртең менен саат 7лер чамасында жумушуна баратканда аны Алматы жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинен Тойота Камри үлгүсүндөгү 0034 KG номерлүү унаа сүзүп кетиптир. Эжем Алматы көчөсүндө жайгашкан тигүү цехинде иштечү. Унаада Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Ибраев жана анын жардамчысы болгон. Рулда депутаттын айдоочусу экен. Эжем алгач унаанын алдыңкы терезесин сүзүп, анан 6 метр учуп барып каракуш мээси менен асфальтка кулап түшүп, ошол замат эсин жоготуптур.
Окуяга күбө болгондор токтоп, арасында бир дарыгер эжемди өзүнүн унаасына салып жакыныраак деп Чүй облустук ооруканасына алып барышыптыр. Анын телефонунан жеңеме чалышкан экен, ал мага саат 07:40 чамасында айтты. Угар замат ооруканага барсам, эжемди жасалма жол менен дем алдырып жатышыптыр. Ал жерде депутаттын жардамчысы жана айдоочусу жүрдү. Депутат аларды таштап, өзү Нарын облусунун Кочкор районуна шайлоонун алдында үгүт иштерин жүргүзүү үчүн штаб ачканы кетип калыптыр. Эжемди рентгенге тартышып баш сөөгү сынып кеткенин айтышты. Мурдунан кан аралаш мээси куюлуп, дене табы түшпөй тура бергендиктен, ал жерде 3 күн дарылашып, томографияга тарттырууга жөнөтүштү. Ал жерден эжемдин каракуш мээси эзилип кеткени маалым болду.
Чүй облустук ооруканасынан Улуттук госпиталга которушту. Ал жакта 6 күн жатты. Дарыгерлер колдорунан келишинче дарылап жатышты, бирок жылыш болгон жок. Алар «дене табы түшмөйүнчө операцияны көтөрө албайт» дешти. 13-июль күнү эртең менен келсем, «эжеңиздин кан басымы түшүп кетти, мээси токтоп калды, ашып кетсе 2 саат жашайт» дешип, мени киргизишти. Түш ченде эжем үзүлдү (каарманым ушул жерден көзүнө жаш алды). Эжем каза болгуча сүзгөн айдоочусу дарыларын алып берип жаныбызда жүрдү, ал эми депутат өзү бир басып келген жок, Кытайга кетип калыптыр. Бир дагы милиция кызматкери келип бизден бул тууралуу сурашпады. Биз да эжем жакшы болуп кетишин тилеп эч жакка кайрылбай жанында эле отурдук. Ага дейре депутат баарынын оозун жаап, ишти эч жакка билдирбейин деп бүтүрүп койгон экен. Эжемди акыркы сапарга узатып жатканда депутаттын 2 жардамчысы жана бир тууган иниси барды. Иниси «агам менен байланыша албай койдук, иниси катары алдыңардан өткөнү келдим. Калганын агам өзү келгенде сүйлөшөт» деп бизге 90 миң сом берди.
Эжем 2011-жылы күйөөсү менен ажырашып кеткен. Артында 3 кызы жетим калды. Улуусу турмушка чыккан, кичүү кыздарынын бирөөсү 9-класска, экинчиси 8-класска көчтү. «Кыздарына эмне жардам кыласыңар? Эжем кыздарына үй-жай алып берейин, ошолорду багайын деп тытынып иштеп жүргөн» десем, «мен агам үчүн жооп бере албайм, өзү келгенде сүйлөшкүлө. Кантип эле жардам бербей койсун, жардам берет да» деди.
«ДЕПУТАТТАРГА ТАЯНЫП, АЙДООЧУЛАРЫНЫН КӨЗҮН МАЙ БАСЫП КАЛГАН»
– Эжем коюлгандан 2 күндөн кийин Бишкекке келип аны сүзүп кеткен айдоочуга телефон чалсам, депутаттын келгенин айтты. «Бизди жолуктурбайсыңбы?» дедим. Ал бизди Бишкектеги кафелердин бирине чакырды. Байкем экөөбүз барсак, Таалайбек Ибраев бир жардамчысы менен отуруптур. «Арты кайрылуу болсун, ушундай болуп калды» деп кооз сөздөрдү сүйлөдү. Анан биз «артында 3 кызы калды. Аларга кандай жардам көрсөтөсүз?» деп 3 жолу сурадык. «Силер кандай ойлойсуңар?» дегенинен, мен «эжем ушул кыздарын эч нерседен кем кылбайын, окутайын-чокутайын деп иштеп жүргөн. Бир кичинекей жер тилкесиби, үйбү, айтор, бир нерсе алып бериңиз» десем, дароо эле жини келип, «табитиңер укмуш го. Мен аны аткара албайм, ал жерде мен жөн гана жүргүнчүмүн. Кааласаңар айдоочумду каматып салгыла!» деп чалкасынан кетти. «Андай болсо сөз бүттү, сот аркылуу чечели» деп кетип калдык. Кечинде ал күйөөмө телефон чалып «кайнагаларыңа, келинчегиңе айт, 200 миң сом берейин. Менин бизнесим жок, билесиң да» дептир. Биз акылдашып «мейли, ошону бере берсин» дедик. «Мен акча чогултайын, анан берем» деди.
Ошол ортодо мага жергиликтүү маалымат булактарынын биринен бир кабарчы кыз чалып, окуя тууралуу сураганынан айтып бергем. Ал жаңылык болуп интернетке чыккан. 27-июль күнү депутатка телефон чалсам «эмнеге интернетке чыгарып жибересиңер? Эми мен силерге жардам бербейм, эч нерсе сурабагыла! Айдоочум өзү жооп берет» деп телефондон кыйкырды. Анан милиция кызматкерлерине арыз жаздым. Азыр иш тергөөдө. Айдоочу болсо эркиндикте жүрөт. «Эмнеге камаган жоксуңар?» десем, тергөөчү «ал качкан жок, дары-дармегин алып жаныңарда жүрдү да» деп койду.
Буга чейин деле мындай окуяларды угуп-билип жүрөбүз. Депутаттын айдоочусун камаса деле кайра чыгартып алышат. Депутаттарга таянып айдоочуларынын көзүн май басып, жолдо каалашынча жогорку ылдамдыкта айдашат. Азыр тигилер «жолдун туура эмес жеринен өттү» деп күнөөнү өлгөн эжеме оодарып жатышат. Туура эмес жерден өтсө сүзүп кете бериш керекпи? Жөнөкөй айдоочу киши эмес, ит жолдон өтүп баратса да тормозду басат. Балким, тормозду басып койгондо эжем өлбөй калмак чыгар. Ал жерде жөө кишилер өтүүчү жер жок. Жол чырактан өтүш үчүн бир топ жерге чейин басып барып келиши керек. «ТЕРГӨӨ ИШТЕРИНЕ КИЙЛИГИШПЕЙМ»
Бул окуя боюнча эл өкүлү Таалайбек Ибраев менен байланышып, төмөнкүдөй жооп алдык:
– Маркумдун туугандарына 200 миң сом берем дегеним чындыкка коошпойт. Мен өзүм мыйзам чыгаруучумун, анан кантип бирөөгө пара берем? Бардыгы мыйзам чегинде болушу керек жана күнөөлүүлөр жазасын алышы шарт. Тергөө иштерине кийлигишпейм.
Ал эми Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы учурда бул окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жаткандыгын билдирди.
АЙДАГАНЫ «ЖИП», ТАЯНГАНЫ «КИТ»...
Чоңдордун айдоочусу, балдары же жардамчылары катышкан жол кырсыктары буга чейин деле бир нече ирет катталган. Алардын айрымдарына кайрыла кетели:
2011-жылы 15-августта Бишкек-Торугарт автожолунан ошол кездеги Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Исаев Тойота Ленд Крузер үлгүсүндөгү унааны айдап баратып каршылаш тилкеге чыгып, бет маңдайынан келе жаткан Ауди үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Жыйынтыгында Ауди унаасынын айдоочусу Талгар Турдукеев, жүргүнчүлөр Алтынай Турусбекова жана Жайнак Мурат уулу каза табышкан. Токмок шаардык соту тарабынан экс-мэрдин уулу 7 жылга шарттуу түрдө кесилген.
2012-жылы 26-февраль күнү депутат Ирина Карамушкинанын айдоочусу Алексей Хурасев мас абалында Тойота Ленд Крузер унаасын башкарып баратып, Токмок шаарына жакын жерден жөө кишилер өтүүчү жолдон эки кишини сүзүп качып кеткен. Алардын бири 70 жаштагы Асангазы Кутманалиев окуя болгон жерден каза тапкан. Бул окуянын күнөөкөрү болгон депутаттын айдоочусу 2 жылга шарттуу түрдө кесилген.
2012-жылы 8-декабрда Бишкектин Абдрахманов-Киев көчөлөрүнүн кесилишинде Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Саматовдун жардамчысы Таалайбек Жакыпов Тойота Ленд Крузер автоунаасын мас абалында катуу ылдамдыкта айдап келе жатып кичиавтобусту сүзгөн. Анын жол чыракта кызыл күйүп турганына карабай жолдон өткөнү видеокөзөмөлгө тартылып калган. Жыйынтыгында кичиавтобустун айдоочусу жана 2 жүргүнчүсү көз жумган. Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту депутаттын жардамчысын 11 жылга эркинен ажыраткан.
Өткөн аптада Ош шаардык соту Жогорку Кеңештин экс-депутаты Шарапат Мажитованын уулу Кубанычбек Исмановду 4 жылга шарттуу түрдө кести. Ал үстүбүздөгү жылдын 17-апрелинде Ош шаарынын Ленин көчөсүндө мас абалында Тойота Хайлюкс унаасын айдап баратып жол жээгинде токтоп турган Дэу Матиз жана Хонда Фит үлгүсүндөгү унааларды сүзгөн. Анын кесепетинен бала бакчага кирип бараткан Эркингүл Таабалдиева аттуу кош бойлуу аял жана анын 2 жаштагы Адилхан аттуу уулу эки унаанын ортосуна кыпчылып калышкан. 2 жаштагы наристе ошол жерден каза тапса, апасы оор абалда ооруканага жеткирилген. Ал эми мас абалындагы депутаттын уулу жабырлануучуларга жардам бергендин ордуна окуя болгон жерден качып кетип, ошол эле күнү колго түшүрүлгөн.
Мына окурман, «крышасы» барлардын кылыктарына баам салсак, алардын көпчүлүгү унаа айдап бараткан учурда мас абалында болгон. Мындан тышкары көпчүлүгүндө төбөлдөрүбүз «эрке балдарын» жазадан жеңил кутулууга ачык болбосо да кыйыр түрдө кийлигишкендери маалым.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg