Бул аптада Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен аймагында кайрадан атышуунун үнү угулуп, чек арада чыр чыкты. Кыргыз жана тажик жарандары жашаган коңшу айылдар бири экинчисинин мүрзөгө барчу жолун тоссо, экинчиси аны суусуз калтырган.
ЖАҢЖАЛДАН УЛАМ АЙЫЛ ЭЛИ КӨЧӨДӨ ТҮНӨДҮ
3-август күнү Кыргызстандын Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Көк-Таш айылы менен тактала элек аймактагы Май айылында жашаган кыргыз жана тажик жарандарынын ортосунда жаңжал тутанды. Эки тараптан 100дөн ашуун адам суу жана жол маселеси боюнча чырдаша кетишкен. Алгач майлыктар ушул айыл аркылуу өтчү көк-таштыктардын мүрзөгө бара турган жолун тосуп салган. Ага жооп катары Көк-Таштын эли Тажикстандын Чорку айылына барчу сууну бөгөп койгон. Мунун айынан чыр чыгып, эки тарап бири-бирине таш ыргыта башташкан. Жыйынтыгында Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, 5 кыргыз жараны ар кандай жаракаттарды алып, кыргыздардын 7 үйү жана 1 автомашинасы зыян тарткан. Бул күнү абал тынчыбай, эки айылдын тургундары түнү менен үйлөрүнө тарабай көчөдө түнөштү.
ЧЫР ЧЫККАН ЖЕРДЕН АЯЛДАР МЕНЕН БАЛДАР ЧЫГАРЫЛДЫ
Чек арадагы чыр муну менен эле токтоп калбай эртеси да уланды. 4-август күнү 500гө чукул кыргыз-тажик жарандары кайрадан бири-бирине таш ыргытып, ок атылды. Бактыга жараша ок эч бир кыргызга тийген эмес. Маалыматтарга караганда, куралды тажик тарап колдонгон. Ал эми тажик тарап кыргыздар ок ачканын жана 6 тажик жараны жаракат алганын, анын ичинен экөөсүнүн абалы оор экенин айтып чыкты. Ошондой эле Тажикстандын ЖМКларынын маалыматы боюнча, кыргыз жарандары тажиктердин Чорку айылына караштуу Сомониён кыштагындагы бир канча үйгө өрт койгон. Кыргызстандын Чек ара кызматы бул маалыматты төгүндөп, октун үнү тажиктердин аймагынан угулганын билдирди. Бул жолку кагылышууда кыргыз тараптан дагы 3 адам жабыркап, ооруканага жеткирилген. Чек арадагы абал улам курчуй бергендиктен аталган айылдагы кары-картаң кишилер, жаш балдар менен аялдар коопсуз аймакка чыгарылды.
ӨКМӨТ БАШЧЫ ЭМГЕК ӨРГҮҮДӨН КАЙТЫП КЕЛДИ
Эки күнгө созулган жаңжалдан кийин Кыргызстандын да, Тажикстандын да бийлик өкүлдөрү менен чек арачылары түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө киришти. 4-август күнү "чек арада жаңжал болуп жатса, эс алууда жүрөт" деген сынга кабылган өкмөт башчы Темир Сариев эмгек өргүүсүнөн ишке кайтып келип, кырдаалды жөнгө салуу боюнча шашылыш жумушчу топ түздү. 5-августта кыргыз-тажик чек арасында абал тынчый түшүп, эртеси 6-август күнү да абал туруктуу бойдон калды.
Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандеровдун айтымында, жаңжалга шылтоо болгон 20 сотых жер тилкеси жергиликтүү бийлик менен калктын макулдугунун негизинде гана чечилиши мүмкүн. Дал ушул жер тилкеде жайгашкан мүрзөнү буга чейин да алмаштыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп келген. 20 сотых жер тилке макулдашылып бүтө элек.
"Жергиликтүү бийлик келтирилген зыянды эсептеп жатат жана окуяга күнөөлүү болгондор менен чагымчылар жазага тартылат. Ушундай иш-аракеттер Тажикстанда да көрүлүүдө",- деди вице-премьер Абдырахман Маматалиев.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg