«Кетпейм, кетпейм сага жолукмайынча» деп сыздаган ырчы Сагыныч Нурланбек уулун тааныйт чыгарсыз. Ырчынын продюсер Канат Култаев менен чогуу иш алып барып жатканы тууралуу да жазган элек. Сагыныч быйылкы жай мезгилин текке кетирбей, эс алуу менен жумушту айкалыштырып Түркиянын Анталия шаарында музыкант болуп иштеп кайтыптыр. Ырчы бул тууралуу: «Жашырганда эмне, көбүрөөк акча табуу үчүн Анталияга баргам, ошол оюм ишке ашты. Эки коёнду бир атып иштеп да, эс алып да кайттым.Түркияда ресторанда ырдап жүрүп, түрк элинин музыкалык табити кандай болорун билдим. Туристтер чыгармачылыгыбызды баалап белек-бечкектерин берип жатышты. Дасыккан музыканттар менен тааныштым. Ошентип сапарым байсалдуу болду",- дейт.