Төлөгөн Касымбеков «СЫНГАН КЫЛЫЧ» (Романды кыскача баяндап беребиз)

(Башталышы өткөн сандарда)

Демейде «жыйын» десе эл кара таан болуп кетчү эле... Темене-Суу түзүндө үрпөйүп кырктай гана киши турат. Бир топ атчан алдында Абил бий да келди.
Эрте жазда эле эл кыштоолордон көчүп, болушунча жолу кыйын тоо аралап кетип, булар увакил сыяктуу чогулган топ экен. Тээ четте узун бойлуу төрт жигит замбилге отургузуп алып бирөөнү алып келе жатышыптыр. Ким экенин боолголоп «Э, бу жарыктык кайдан жүрөт?!» деп замбилди көздөй жүткүнө бастырды.
– Ассалому алейкум...
Алмамбет кызарган көзүн ымдалап, Бекназар жакты тиктеп калды.
– Кайсы баласыӊ?
Неберелеринин бири кулагына катуу кыйкырды:
– Бекназар акем.
– А түзүк! Бекназарсыӊбы? Кем болбо...
Абил бий, Бекназар үрпөйгөн топтон өтүп, ортодогу дөбөгө чыгышты. Алмамбетти замбили бойдон көтөрүп алпарып коюшту. «Кандуу кара тил кырып келейатса кантебиз? Жатып өлгөнчө, атып өл болобузбу же бир жакка көчө качып жан арга кылабызбы?» Ушул кеп ортого салынды. «Муну мындай кылабыз» деп жулунуп сүйлөй албады эч бирөө. Баарынын жүзүндө кооп. Бекназар суз. Мурдагыдай эрдемсий албайт. Абил бий да кымырылат. Өзү тымызын байланышы бар Абдырахман жактан чыгып жаткан «кайрадан газават» деген сөз бул жерге сыяр эмес, унчукпай аӊдып отурат.
Жүз жашаган Алмамбет алсыз нар сыяктуу моюнун саал көтөрдү:
– И-и... Уктум акыбалыӊарды. Аттиӊ, башыбызга жаман күн туулган экен го?! Бекназар балам, кайда отурасыӊ?
Бекназар башын көтөрүп тиктеп калды.
– Гм... Менин атым Алмамбет... Кузгундун жашын жашадым... Кызык эмеспи бу? Ушу жашка келип өзүбүздүн токсон боолуу өзбектен башка дүйнөдө түрлүү эл бар экенин билбейм... Сен жанагы жалмап келе жаткан орус дегенди өз көзүӊ менен көрө алдыӊбы, балам?..
«Муну эмне сурап жатат, жарыктык?..»
– Көргөм...
– Кай түркүн жан болот экен?..
– Жумуру баш, буту айры...
– И-и... Жандашат бекен, сүйлөшөт бекен?
– Сүйлөшөт... Өздөрүнүн тили бар...
– Кабагын бүркөйт бекен?
– Бүркөйт...
– Күлөт бекен?
– Күлөт...
Абил бий баш болуп отурган эл күлүп жиберишти. Кимдир бирөө тыйды.
– Бекназар! Алжыган аваӊдын кебине эринбей жооп кылып кой. Орус оокат жейт бекен?..
– Жебей анан!
– Э-э...- деп таӊыркады Алмамбет. – Бу орусуӊ жумуру баш болсо, сүйлөсө ал деле биздей адамзаада турбайбы?! Кабагын бүркөсө – каарга жөндөмү, күлсө – ырайымга жөндөмү. Көр оокатка баш салса – алдайт экен, алданат экен. А кокуй, биздей эле көр пенде турбайбы! О, кокуй, каралай көз калкым, ай... Кырылгандын бетин нары кылсын. Көчүп кайда тентиреп барасыӊ?! Адамзааданы жакшы сөз атынан түшүрөт, жакшы оокат жибитет. Достун тонун кийип, ошол орустун өзүн алдынан тосуп чыкса не болот?..
Жыйын дым боло түштү.
– Адамзаада бири-бирине үйүр алат, бири-биринин сырын алат, көнөт, жытыгат. Ырыс оошот, акыл жугушат...
Аксакалдардын бири эки көзү чекчейип ордунан тура калды:
– Йе, кагылайын бир Кудай! Мына бу «өзүнө өзү бий» пендеӊ акыл таап отурат го?!
– Айла жок мындан башка!
– Ок атсачы кара тил орусуӊ?
– Атса атканын көрөбүз, «жатып өлгөнчө, атып өл болот», аны көрөбүз...- деп көгүнө таянды бирөө.
Эч кимдин Абил бий менен иши жок. Алмамбет:
– Э, Бекназар! Сенден башка ким жарайт?! Балам, көтөр көкүрөгүӊдү, орустун алдын сен тосуп чык! Ошент балам... Орус ок атса биринчи жыгыл, сөзгө келсе жүйөө тап, элиӊдин эртеӊки күнүнө аралжы бол. Сага башка жол жок. Сени эр жигит дейт...
Жок дей албай туруп калды Бекназар. «Ок атса биринчи жыгыл...» Бу сөз баатырдын өчө баштаган эр кайратына от тамызгы бергендей болду. «Мына сенин эӊ акыркы милдетиӊ...» деди дили өзүнө.
Исхак дарга асылган соӊ Кудаяр менен Насирдин «эми мени тургузат ордого...» дешип, эски адат боюнча «хан көтөрүлө турган» ак кийиздерин төөгө артына келип, Маргалаӊда жарымпашанын эшигин сагалап калышкан. Ошол маалда «орустар Түркстан элин ырайымсыз түрдө кырып-жоюп жатышат» деп жүрөк түшүргөн кабарлар Европа өлкөлөрүнүн басма сөзүндө жарык көрүп, кепке алынып, кырылган элге боор ачуу, кыргандарга кыжырдануу жарала баштаган. Маселе Дүйнө Лигасында каралууга өткөн.
А Кокон ордосу ээсиз турган, демек, «келиштик» дегидей бир кагаз жаза коё албайсыӊ, а жөн эле «басып алдык – болду» десеӊ сөз ырбай берет. Ушунча күч жумшалган соӊ бул өлкө Орусиянын кол алдына каратылып алынышы керек, капитуляцияга кимдир бирөө кол коюшу зарыл. Кудаяр менен Насирдиндин кол коюшка укугу барбы?! Жок, алар өкүмдарлыгынан ажырап калган кишилер. А «полковник» чини бар Абдырахманчы? Жарымпашага ыӊгайлуу болгону менен, өз элинин оозунда саткын аталып калган, анын кол койгон кагазы «шылтоого» жарабайт, ич ара тынчыбайт. Жарымпаша Кауфман I өлкө ичинде ошол күндө кимден да болсо кадыр-сыйы өйдө, өз чөйрөсүндө «канике» аталып калган Курманжан даткага киши салып көрүүгө көӊүл токтотту.
«Атын укса ыйлаган бала эси чыгып сооронот» делген каардуу генерал Скобелевге Курманжан датка айым менен кантип да болсо байланыш жасап, багынуу жөнүндө сүйлөшүүгө катуу тапшырма берип, ортомчу болсун үчүн войсковая старшина Шабдан Жантаев кошулду.
Ак байрак көтөргөн Шабдан Жантаевдин жыйырма беш жигит-желеӊи, он чакты атчан орус, бир чиндүү төрөсү менен кошо датка айымдын турагын сурап келип калышты. Аксакалдуу кишилерди алдынан жиберип, миӊ катмар улуу тоолордун бир көмүскө жеринде отрядды тостуруп алды датка айым.
Шабданга өзүнчө өргөө, жигиттерине беш боз үй, чиндүү төрөгө тилмечин кошуп бир өргөө, жанындагы аскерине бир боз үй – өзүнчө эле айыл экен.
Эртеси бир оор топ атчан айыл четине келип аттарынан түшүшүп, акырын бери басып калышты. Арасында ак элечек көрүнөт. «Келди...» деди Шабдан.
Улуулата, барктуулата ыкташып төрлөшкөн соӊ Шабдан мандаш токунган тизелерин таяна кыраатын келтире куран окуп кирди. Кимдин арбагына арналып окулуп жатат?
Ал куранды Алымбек датканын арбагына атады. Датка айым башын ийкей «ыракматын» билдирип:
– Көп жыл өткөн датка агаӊыздын арбагын эстеп койгонуӊузга бу отурган туугандары ыраазы. Өткөн күздө кан көз паша Искебүл чапкынында шейит болгон азаматтардын арбагына, эӊкейген кары, эмгектеген бала калтырылбай бөөдө кырылган элдин арбагына да куран атап койгонуӊуз эп болор дейм, бекзаада?
Шабдан башка сөзгө өтпөй, көзүн сүзө ансайын кыраатын келтире куран окуп кирди. «Шейиттердин, бөөдө өлүм болгон карылардын, наристелердин арбагына...» каӊырыгы түтөй, үнү дирилдеп бата тартты. Биртке көӊүл жылыды ушундан соӊ.

(Уландысы кийинки сандарда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 666, 7-август-13-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан