Адамдын жашоосу кызык. Ар бир күн бири-бирине окшобой, ар бир саатта кызыктуу окуялар утурлай тосуп турат. Биз буга чейин боло келгендей белгилүү адамдардын эсте калган ары кызыктуу, ары күлкүлүү окуялары тууралуу сөз кылмакчыбыз. Кыргызстандын Малайзия өлкөсүндөгү элчиси Кылычбек Султанов да ыӊгайсыз кырдаалга тушуккан окуясын төмөнкүдөй баяндап берди.
«ЧЕК АРАЧЫЛАР ЖАЙБАРАКАТ»
– Кыргызстанда маанилүү иш-чараны бүтүрүп алган соӊ моюнумдан жүктү алып салгансып бир аз жеӊилдеп, мекенге болгон сагынычты аз да болсо жазып алып, кайрадан «Манас» аба майданын көздөй бет алдым. Аэропортто самолётко отурганга чейин тейлөөнүн 3 түрү бар эмеспи. Бирөө жалпы жүргүнчүлөр үчүн, бирөө коммерциялык негизде тейлөөчү зал, бирөө расмий адамдарды тейлөөчү зал. Мен бул жолкусунда атайын жалпы жүргүнчүлөрдү тейлөөчү зал менен өткүм келди, анткени чет өлкөдөн келген туристтер көбүнчөсү ушул залдан өтүшөт. Мага ошол жалпы залдагы тейлөө сапаты кызык болду, жумушум үчүн билип алгым келди. Чынында тейлөө начар экен. Биринчиден, чек арачылардын шашпай жайбаракат тейлегени жаккан жок. Анын үстүнө 5-6 посттун үчөө гана иштеп жатты. Чек ара текшерүүсүнөн өтүп жаткандар кичинекей аянтчага батпай, чек арачылар болсо жаӊы келген келинден бетер созолонушат, бири-бири менен жаӊы таанышып жолугушуп жаткандай шашпай сүйлөшүшөт. Текшерүү аянтына эл такыр эле батпай калганда алардын бирөө келип, бала бакчанын балдарын тизгенсип «бир катарга 2-3төн тизилгиле!» деп баарыбызды тизе баштады. Күлкүлүү. Ошентип паспорттук көзөмөлдөн өткөнчө 1 сааттай убакыт өттү. Убактысы келип самолётко кирердин алдында башка коридордон үч-төртөө келип кошулуп, самолётко кирүү үчүн бир жерге топтолуп калдык. Алардын арасынан бир айым көзгө тааныш учураганынан жакшылап карасам юстиция министри экен. Жанында эки кыз бар. Ичимден «кыздары окшойт...» деп ойлоп койдум. Тааныган соӊ ал-жай сурашып коёюн деген жакшы ой менен утурлай бастым.
– Саламатсызбы?
– Саламатчылык!- деп салкын кабыл алды.
– Кесиптештериӊизби?- деп жанындагы эки кызды жаӊсай ишарат кылдым.
– Жок, кесиптештерим эмес!- деп кыска жооп кайтарды. Ошону менен сөз бүттү.
«ЖОКТОН» БАШКАНЫ АЙТПАДЫ»
– Куала-Лумпурга жеткиче транзит менен 12 саат учууга туура келет. Андыктан билет үчүн жумуштан бөлүнгөн акчага өзүм акча кошуп, бизнес-класста учмакмын.
Салонго кирсем, министр айымдын жанындагы кыздардын бири отуруптур. Менин ордум анын жанында экен. Министр айым көрүнбөдү, эконом класста отурду окшойт. Артыбызда 40-50 жаштардагы бир айым отурду. Бизнес-класста үчөөбүз экенбиз.
– Кечиресиз, эмне ичесиз?- аӊгыча стюардессанын сыпайы үнү чыгып, суусундук, момпосуй сунуштады. Мен суусундук, момпосуй алдым.
– Чоӊ кыз, кандай суусундук ичесиз?
– Ичпейм!
Чорт кесе сунушту четке каккан кошунам жактырбагандай ары карап отуруп алды.
– Асманга көтөрүлдүк. Суусундук ичесиздерби?- деген сылык-сыпаа стюардесса кайра келди.
– Жок...
– Гезит окуйсуздарбы, алып келип берейинби?
– Жок...
Жанымдагы кыз «жоктон» башканы айтпады. Мен «эрке кыздын» жинине тийгим келип, стюардессанын бардык сунуштарына атайын «ооба» деп жооп берип жаттым. Стюардесса кеткен соӊ «эрке кызга»:
– Эмне эле кечке баш тартып жатасыз?- дедим. Ал:
– Каалабайм!- деп тим болду. «Чунак кыз десе, жанында элчинин өзү отурса...» деп ойлодум ичимден. Көп узабай учак Алматы шаарына конду. Андан Куала-Лумпурга учтук. Бул ирет бизнес-класста жанагы «эрке кыз» көрүнбөдү. Акыры Куала-Лумпурдун аба майданына кондук. Мени айдоочум менен Малайзияда окуган 2 студент тосуп алышты. Алардын бири:
– Кыргызстандан Юстиция министрлигинен делегация келмек. Бул жактан Австралияга учушат экен, элчиликке чалып «шаарды көрсөтүп бергилечи» деп суранышты эле, экөөбүз ошого келдик,- деди.
«СӨЗҮӉӨРГӨ КИЙЛИГИШКЕНДЕН ЧОЧУЛАДЫМ»
– Көп өтпөй делегация аэропорттон чыкты. Министр айым жанымдан унчукпай өтүп кетти. Эки студент аларга шаарды көрсөткөнү кошо жөнөштү, а мен айдоочум менен кеттим. Студент балдардан министр айым «жанагы силердин жаныӊарда турган киши ким? Биз менен учуп келди» деп сураптыр. «Ал Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси да» десе, «аа» деп калыптыр. Ошентип алар күнү бою шаар кыдырып, кечкисин Австралияга учуп кетишиптир.
«Кыргызстандан билим берүү жана илим министринин орун басары конференцияга келиптир. Элчиликке чалып котормочу суратты»,- деп калды бир кызматкерибиз. Котормочу бердик. Эртеси ал конференцияга мен да катыштым. Баарынан кызыгы – учакта бизнес-класста артымда отуруп келген «40-50 жаштардагы» айым билим берүү жана илим министринин орун басары болуп чыкпаспы. Ал да котормочудан «Тигил киши ким эле? Бир жерден көргөндөй болуп жатам» деп сураптыр. Котормочу бала «элчибиз» десе, «аа, ошол беле?» дептир. Экөөбүз таанышып, баарлашып калдык.
– Эмнеге учактан эле айткан жоксуз? 8 саат жөн келбей, сүйлөшүп келмекпиз,- десем, ал:
– Кепкачан, жынсы шымчан, футболкачан келсеӊиз тааныган жокмун. Анын үстүнө Кыргызстандын башкы прокурору Индира Жолдубаева менен жанаша отуруп сүйлөшүп жатсаӊыздар, таанылгысы келбей бир жакка баратышкан го деп сөзүӊөргө кийлигишкенден чочуладым,- деп жатпайбы. Мына сага, тамаша! Көрсө, мен министрдин «эрке кызы» деп ойлогон кыз башкы прокурор экен. Мен аны, ал мени тааныбаганыбызга күлкүм келди. Жашоо ушундай кызыктарга бай тура...
Асхат Субанбеков
koom@super.kg