Ар бир кинодо апенди чалыш, жүдөө же болбосо ар дайым жолу болбогон ийгиликсиз каарманды кезиктирүүгө болот. «Мындай каармандар тасманын кызыгын арттырып, көрөрманды экран алдында кармап турууга жардам берет» дешет киночулар. Кыргыз киносунда мындай өзгөчө мүнөздөгү каармандардын ролун аткарган актёрлор көппү? Дегеле катардагы адамдардан бир топ айырмаланып турган каармандын образын ачып берүү кыйынбы? Кеп ушул теманын тегерегинде болсун.
Марат Жанталиев: «ӨЗГӨЧӨ КААРМАНДЫ ЖАРАТЫШ ҮЧҮН ТӨЛӨМҮШ ОКЕЕВ СЫЯКТУУ РЕЖИССЁРЛОР КЕРЕК»– Өзүм катышкан кинолордун көпчүлүгүндө оорукчан, акылы кем, апенди чалыш каармандардын ролун аткарып калдым. «Кожожаш», «Айыл өкмөтү», «Кууш жолдо», «Президент жана бомж» тасмалары буга далил. «Кожожаштагы» Саяктын ролун 21 жашымда аткаргам. Бул менин тушоомду кескен алгачкы ролум. Каарманым Саяк көпчүлүккө акылы кем көрүнгөнү менен, анын ой-жүгүртүүсү акылдууларга караганда кенен. Тасмага тартылуу үчүн мени менен катар кыргыздын аттуу-баштуу актёрлору видеотандоодон өтүшкөн, арасында маркум Мукамбет Токтобаев да бар эле. Ушундай ролдорду катыра ойногон Кыргызстанда Тургун Бердалиев деген актёр бар. Ошол актёр Саяктын ролун аткарганымды көрүп «Кыргызстанда мен эле мындай ролдорду аткара алам деп жүрсөм, сен менден ашып өтүпсүӊ» деп айткан эле. Азыркы кыргыз тасмаларынан өзгөчө каармандарды көрүп эле жүрөм. Бирок аны жеткиликтүү аткартыш үчүн Төлөмүш Океев сыяктуу режиссёрлор керек.
Жеӊиш Майрамбек уулу: «МЕН АТКАРГАН РОЛДУ БАРДЫК ТАМАШОУЧУЛАР ОЙНОЙ АЛЫШАТ»
– Жүдөө, кылык-жоругу кээде адамды жиндентсе, кээде күлкүнү келтирген ролдорду аткарам. Мындай аткаруу менин эле колумдан келет деп айта албайм. «Бир тууганчик», «Сүйүктүүмдүн каарманы» деген тасмаларда аткарган ролумду бардык эле тамашоучу балдар ойной алышат. Биз КВНде 20-30 секунддун ичинде эле бир нече жолудан ар кайсы образдагы каарманды аткарабыз. Бизди профессионал актёрлор «ролдору жеӊил-желпи» деп сындашы мүмкүн. Бирок бизди көрө тургандардын көпчүлүгү жаштар, өзүбүз да жашпыз, андыктан өзүбүздүн муунга кандай ролду кандай өӊүттө аткарсаӊ жакшы өтөрүн билебиз.
Максат Тасмаев: «КИНОДОГУ КААРМАНДАРЫМ МЕНЕН ОКШОШмун»– Жиндини жиндидей, аракечти аракечтей, апендини апендидей ойноп салган күчтүү актёрлордон куру эмеспиз. Мисалы, апендинин деле өзүнүн жан дүйнөсү, жашоого болгон көз карашы бар. Катардагы адамдарга анын баалуулуктары күлкүлүү, жосунсуздай туюлушу мүмкүн. Мен көбүнчө жолу болбогон, ийгиликсиз каармандын ролун аткарып калам. Мисалы, «Талак», «Атымды башка коёмун» деген комедияларда, сахнада ойногон тамашаларда деле соо адамдын ролун ойноп көрө элекмин. Ошон үчүн актёрбуз да. Кинодогу каармандарым менен окшоштуктарым бар, анткени жашоодо менде деле андай учурлар кездешет. Ошондуктан арабызда жүргөн андай «чоочун» адамдардын жоругун туура эле түшүнөм. Кечээ унаамда бара жатсам жол чырактын алдында бир жаш жигит магнитофонун коюп алып бийлеп жатат. Аны көрүп бири күлүп өтсө, бири жаман көрүп өтүп жатат. Балким, ал жан дүйнөсүндөгү букту бий аркылуу чыгаргысы келеттир? Жөнөкөй адамдар аны түшүнбөйт да.
Эмил Токтошев: «ДӨӨПӨРӨСТҮН РОЛУН АТКАРГАНЫМА СЫЙМЫКТАНАМ»
– «Түндүктүк келин» тасмасында дөөпөрөс баланын ролун аткаргам. Дөөпөрөс бул түштүк диалектине тиешелүү сөз, дөлдүр, акылы жетишпеген деген маанини билдирет. Аталган тасмага мени Рысбек Жабиров 30 тамашоучунун ичинен тандап алган. Буга чейин мен «Тамашоудо» ушул өӊдүү коркок, акылы кем баланын ролдорун ойногонумду көрүп, байкап жүрсө керек. Аталган тасманы көргөндөрдүн көбүнөн «башкы ролдогу кыз менен эле сен фильмди көркүнө чыгарыпсыӊар» деген мактоолорду угуп жатам. Тасма өзүмө да аябай жакты. Көчөдөн да элдер таанып «сен баягы кинодогу дөөпөрөссүӊбү, атыӊ ким өзү?» деп сурап калышат. Мен чычалабайм, тескерисинче, ушундай ролду аткарганыма сыймыктанам.
Лунара Бекиева
star@super.kg