Вера Осмонкулова, музыкант: «АЛМАЗБЕК АЛГАН КАРЫЗЫН БАЛДАР ҮЙҮНӨ КОТОРМОЮНЧА АНЫ ЖАЙЫНА КОЙБОЙМ!»

Өткөн саныбызда мушкер Алмазбек Раимкулов Германияда жашаган мекендешибиз, музыкант Вера Осмонкуловадан карызга акча алып, бербей жүргөнүн жазган элек. Мушкер буга «Вера мага жалган жалаа жаап жатат» деген жообун кайтарган болчу. Аталган макала гезитке чыккан соӊ Вера Осмонкулова Алмазбек Раимкулов Германияда жүргөн убакта ага кийим алып берип, жашаган жерине чейин төлөгөнүн айтып агынан жарылды.
– Мен жашоомдо биринчи жолу Алмазбек Раимкуловдой аферист адамды жолуктурдум. Өзүм үчүн да бул жакшы сабак болду деп ойлойм. Бул чычалаганымдан эмес, болгону Алмазбектин туткунуна түшө турган кийинки айымдарга сабак болсун деп айтып жатам. Анткени ал жалган сүйүүсүн канча кызга арнап, канча кыздын башын айлантып жүргөнүн ким билсин. Алмазбек Германияда жашап жүргөнүндө ага кийген кийиминен баштап, жашаган жерине чейин мен төлөгөм. Ассоль Молдокматова менен ажырашкандан кийин ал айым алып берген кийимдерин, машинасын кайра тартып алыптыр. Алмазбек мага эч нерсеси жок келген. Кайра учуп кетип жатканда «мага кетирген каражатыӊдын баарын эсептеп кой, сөзсүз төлөп берем» деп айткан эле. Азыр сурасам, «мүмкүнчүлүгүм жок, болгондо төлөйм» деп камырабай жүрөт. Ага сатып берген тамак-аш, кийим-кечелердин баарынын квитанциялары сакталуу. Алмазбектин кылган кылыктарын айтсам сөз бүтпөйт. Билишимче, анын ар кайсы аялдан никесиз 7-8 баласы бар. Бирок бирөөсүн да ата катары карап, каржылаган эмес.
Менден Кыргызстанга спорт комплексин курам деп да акча алган, көрсө, ошол учурда бир тууган карындашы Москвада бир кишини бычактап, түрмөгө түшүп калыптыр. Менден алган акчага спорт комплексин курбай эле, карындашын түрмөдөн чыгарыптыр. Германияда жашаган батири үчүн күнүнө 50 евродон төлөп, заказ кылган ичимдиктерин сумка менен ташып барчумун. Мас болуп түн ичинде «фашисттер!» деп кыйкырып жүргөндө полиция кармап кетпесин деп жашырганымчы? Айтор, Алмазбекке жакшылык жарашпайт экен. «Сени сүйөм» деп ата-энеси менен тааныштырганын айтпай эле коёюн. Бул адам бардык айымдарын сүйөм демиш болуп ата-энеси менен тааныштырып, акчасын соруп максатына жеткенден кийин жоголуп кетет экен.
Алмазбектин алдоо ыкмаларын жакшы билип калдым. Америкалык кыргыздарды да ушинтип алдап келген, эми европалык кыргыздарды алдаганга өтүптүр. «Качан мени аялдар жайыма коюшат» деп айтканы күйдүрөт, аялдар эмес, өзү аялдарды жайына коё албай жүрөт. Мага карыз болгон акчаны Кыргызстандагы балдар үйүнө котормоюнча Алмазбекти жайына койбойм! Апасы чалып, «сенин көзүӊдү тазалайм» деп коркутту, булар үй-бүлөсү менен эле криминалдашып кетиптир.
Лунара Бекиева
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (47)
Бир тууган карындашы киши бычактап дейби ботом!? Вера эжебиз ушунча жакшылык кылыптыр, акчасын сурабай эле койсо болмок экен баркын кетирип. А Алмазбек мырзадан Ассоль менен жашап алганда эле тунулгонбуз!
Ортодо эч кандай суйуу же ишенич болгон эмес окшойт алып берген буюмдарынын квитанцияларын сактап журсо эжеке.
Бул мушкер жалан гана акчалуу аялдарды издеп табат окшойт .
Uwul Almazbek myrzanyn jomogu takyr tugonbodu go. Assol du alganda ele baktyluubuz dep altynchy asmanda uchup juruwpodu bele...? Akchaluu ayimdardy suyom, kuyom dep akchasyn alyp..uyat da. Muwker dep syilasak, abiyrin airandai ele togup salywty go akchaluu ayimdary
Ээ алмаздын кулагы жаман кызыдыгоо
алмаз вера ким булар озу Ассоль эжекеге кандай тиешеси бар ушундай адамдар бетинер барбы озу атынар чыкпай калсале бири биринди жамандапле КРдин силерден башка промлемасы жыктан коп
Вера сени колдонуп кеткенин неге эми айтып жатасн ошол мезгилде айтпайснбы ал кезде кайф кылып жургонсун да э
. Мас болуп түн ичинде «фашисттер!» деп кыйкырып дээээээ ващщеекенго эээээээ)))))))) хахаха :-D
Вера айым озу алып берип баарын жакшы суйлоп койсо, анан таштап кеткенден кийинчычалап карыз деп аткандырда
Красабчик брат эркек болсон шокбол шок болбосон жок бол дейт.
Байкуш Динара акчасы жок эле тарттырып жиберген экен да э
Opkosun koluna karmagan adam eken Almazynr)))Nedavno Owko baryp kalyptyr ele.Restoranda oturuwkan eken dostoru mn kylgan kylygyn korup jiyrkengen bol4um.Barmenge kelip sen emnege anglis4e bilbeisin,muzykantka baryp sen emne anglis4e yr bilbeisinbi dep saiylgan)))Aaaaah uwu kyrgyzdar ka4an onugosunor dep kyikyryp koiot ara 4orodo)))
Al emi bul ejege aitarym bir jakwynakai eje eken munun emnesine arbaldy eken
Инилери сыймыктанып журот мушташып,Алмазбектин жолун жолдойт деп.
алмаз мырзанын уйбулосу менен жаман адамдар экенин эчак эле корсотуп коюшкан.ата энесине соз тийгизген эркек.эркек эмес!
Веранын озунун ХХХХ ХХХХ. Эми ХХХХ ХХХХ ХХХХ гезитке айтып отурганы такыр туура эмес. Башында ойлонуш керек болчу. Уйлонолек жатып аны акча менен камсыздагандай жаш кыз беле. Эптеп тийип алайын деген, албай койсо эми минтип гезит аркылуу элге жаман коргозойун дегени го. Башында бербе акчаны берип алып ар кайсынын башын айтпай. Жакшылык кылганынды милдет кылбай. Вера сен евпопада жашап кругозорун кенен болуш керек эле го.
Mavlyuda, кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынган!
Эскертүү!
Алмазбек Раимкулов былтыр кузундо Бишкектин тунку клубуна келип концерткоюп кеткен.Мен атактуумун мен бекер киришим керек деп.Охрана балдарга кол которуп.