KG ЭЛЬМУРАТ КЫРСЫККА КАБЫЛДЫ

7-август күнү ырчы KG Эльмураттын унаасы Бишкек шаарынын 6-кичирайонунда 155-маршруттук такси менен кагылышып кеткен. Жол эрежесин маршруттук таксинин айдоочусу бузган. Ырчы рулда болгондуктан сынган терезенин сыныктары ырчынын колуна, моюнуна, буттарына кирип кеткен. «Бир аз жаракат алдым. Жол эрежесин бузган айдоочу машинаны оӊдотууга кеткен каражаттын 80 пайызын төлөп берди. Мен моралдык компенсация төлөп бер, доктурга кеткен акчаны төлөп бер дебестен тосмо арыз жазып бердим. Анткени былтыр жалгыз карындашымды машина сүзүп кетип каза болуп калган. Ошондуктан аман калганыма сүйүндүм. Мындай кырсыктардан Кудай сактасын деп түлөө өткөрдүм»,- дейт KG Эльмурат.

star@super.kg

 Кыстарылган видео 
KG Элмурат жума намазга бара жатып жол кырсыгына кабылды
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
aikol87
2015-08-17 10:01:48
Кудай сактаптыр.Сакайып кет ата энендин мандайында жаркылдап эле кулуп журчу.Карындашындын жаткан жери жайлуу болсун.
+2
AFRODITA-89
2015-08-17 10:06:04
иий десе жаман болгон турбайбы Кудай сактаптыр аман эле бол батырак жакшы болуп кет! Карындашы жаман болгон турбайбы жалгыз кыз экен эле айрыкча.
+3
Mediziner
2015-08-17 15:05:24
Кудай бир сактаптыр да. Батыраак айыгып кетсин эми.
+1
nur_2010
2015-08-17 16:27:54
кудай сактаптыр карындашын уккан элем бойго жеткенде жаман болуптур. кырсыкта
+1
altyw95jan
2015-08-17 18:31:28
бир тууган карындашы беле?
0
Bek94
2015-08-17 21:32:45
Ай ай этият болуң эми
0
bahbrat
2015-08-17 22:31:51
P.R.
-1
aiturgasha
2015-08-18 13:53:11
ооба бир тууган карындашы эле. болгондо да жалгыз кыз болчу. уйундо уста багып, ушу уй бутсо акелерим уйлонот , анан женелуу болом деп суйунуп жургон эле. уйунун ремонту бутуп,акелери уйлоноюн дегенде кырсыктап отуп кетти. аябай жаркылдаган жайдары муноз жакшы кыз эле. жаткан жери жайлуу болсун.
0
Ayka1994
2015-08-18 15:51:51
Аман калганы жакшы болгонгооо
0
shadimuratova83
2015-08-19 11:01:52
Жакшы,эсен соо калыптыр
0
kyrgyzka96
2015-08-19 14:59:40
Карындашын мен да уктум эле Черемушка жактан сузгон экен го. Жаткан жерм жайлуу болсун карындашынын. Былтыр Ошто концерт койгондо карындашына ыр арнап ырдады эле олло ыйлап
0
Eliza761024
2015-08-22 22:32:06
Жол эрежесин дайыма ушул маршруттук таксилер бузушат.Ичине кой салып алгансып,алдындагы ма ршруткалар элди алып кетип калат деп жанталашып,катуу айдашат.Козомолду буларга катуу жургузбосо болчудай эмес.Сигаретти буркурата тартышып,сотка мн суйлошушсо омур баянын элдин баардыгы угушат.Тартип деген такыр сакталбайт.Кудай озу сактаптыр...Мечитке бара жатканынын да пайдасына дагы бир жолу ынандым.
0
AMAHAT
2015-10-11 04:53:54
Жактырчымун ушул жигитти аман бол ар дайым.
0
№ 667, 14-август-20-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан