Адамдардын жаш курагын анын колу, моюну, көздүн тегереги айтып турат. Бул маселеде эркектер көп деле ойлонбойт, бирок айымдар депрессияга учурашы мүмкүн. Колго кантип кам көрүү тууралуу «Viva Profi» медициналык борборунун косметологу Айнура Уезбаева кеӊеш берет.
ЖАШ КУРАК
Баланы (уул-кыз айырмасы жок) эс тарткандан баштап күнүгө колуна крем сүйкөгөнгө көндүрүү керек. Жаш кезинен кам көрүлгөн колдордун териси назик, жумшак келип, так да түшпөйт.
ТАК
Колдогу так көбүнчө ички органдардын жабыркашынан пайда болот. Ооруканага барып текшерилсеӊиз, врач кайсы орган ооруп жатканына жараша дары-дармек жазып берет. Андан сырткары күндүн түз тийген нурунан, колдун катуу үшүп калуусунан улам да так түшөт.
МУЗДАК-ЫСЫК АБА
Аба ырайы суук мезгилде, айрыкча кышкысын колго сөзсүз пахтадан же болбосо булгаарыдан тигилген мээлей кийиӊиз. Муздак аба кан тамырларды ичкертип, натыйжада кан айлануу, зат алмашуу жакшы жүрбөй калат. Теринин кургап, кесилишине жеткирет.
Күндүн ультрафиолет нурлары да териге терс таасир бергендиктен, жай мезгилинде колго күндөн коргоочу крем сүйкөгөндү унутпаӊыз.СУУ
Колду аябай муздак же ысык сууга салсаӊыз тери кургап, түлөй берет. Андыктан идиш-аякты, кирди жылуу суу менен жууганга аракет кылуу абзел. Чоӊ ишкана-мекемелердин полун жууп иштегендердин колдору бат карыйт. Анткени алар сууга курамында химикаттар бар (хлор жана башка) айна же башка тазалагыч заттарды кошушат. Химикаттар терини «жеп» салат. Кадимки резина мээлей кийгени менен, баары бир ичине суу кирип кетет. Суу кирбеши үчүн чыканактан өйдө келген резина мээлей, анын ичинен пахтадан тигилген мээлей кийсе жакшы.
УКАЛОО
Бош учуруӊузда каалагандай ыкма менен колду укалай бериӊиз. Укалоо кан айланууну жакшыртат.
СКРАБ
Колуӊузду аптасына 1-2 жолу атайын кол үчүн чыгарылган пилинг-скраб менен жууп туруӊуз.
САМЫН
Катуу самынга караганда суюк самын колдонсоӊуз, териӊиз жумшак бойдон сакталат. Же болбосо жаш балдар үчүн чыгарылган катуу самынды пайдаланыӊыз.
ҮЙ ШАРТЫНДА
Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg