Жаңы клип
Анжелика “Өмүр багы” аттуу ырына клип тарттырды. Анын кыскача мазмуну, кадр артында калган кызыктар жана каармандар тууралуу ырчы айым мындайча баяндайт.
МАЗМУНУ– “Өмүр багы” деген ырыма клип тартууга баш-аягы үч ай камындым. Клипти тартуу үчүн жоопкерчиликти клипмейкер Айбек Дайырбеков моюнуна алган. Сюжетин режиссёрго сунуштаганымда ал жактырды.
Идея боюнча кандай гана аба ырайы болбосун, эненин айланасында дайыма жай мезгили болуп турат. Эне дайыма жылуулукту, түгөнгүс нурду чачып турат эмеспи. Мен жашоону чоң даракка салыштырам. Анын тамыры эне болсо, жалбырагы, гүлү, мөмөсү андан тараган бала-чака. Убакыттын өтүшү менен дарак деле карыйт. Сюжет боюнча чоң дарактын түбүндө таенем өзүнүн кызын эркелетсе, убакыттын зымырашы менен апам мени, а мен болсо өз кызымды эркелетем.
КААРМАНДАР
– Таенемдин ролун кайненем, апамдын ролун өзүмдүн апам, ал эми менин кичине кезимди 10 жаштагы Айгерим аттуу кыз аткарды. Менин кызым болуп Айымкам тартылды. Клип тартууга бир күн калганда, Айбек байке “сенин кичине кезиңе окшош кыз керек, тап” деп жатпайбы. Мен болсо бир күндө каяктан тапмак элем, өзүңөр тапкыла деп болбой койдум. Айбек байке кайра телефон чалып “кабатырланба, кыз табылды” деди. Айгеримди карасам, менин кичинекей кезиме такыр окшош эмес, бирок убакыт тар болгондуктан, съёмканы токтоткон жокпуз. Айгеримдин ошол жерде биз чыдабаган суукка чыдап отуруп бергенине аябай ыраазы болдум.
КАДР АРТЫНДА КАЛГАН КЫЗЫКТАР
– Бизге тоого жакын жерде өскөн жалгыз карт дарак керек эле. Аны режиссёрдун жардамчылары шаардын четинен бир апта издешти. Ойдогудай жерди Ысык-Ата районуна караштуу Алмалуу айылынан табышыптыр. Ак карлуу тоого жакын өскөн даракты жай мезгили кылып кооздош үчүн тегерегиндеги карды күрөп, дарактагы карды күбүп, жерге жасалма чөп жайгаштырдык. Сатып алган жасалма чөп жетпей калгандыктан Бишкекке байланышып, алар келгенче кечки беш болуп калды. Анан режиссёр “эртең бүтүрөбүз” деп койду. Суукта тоңгонубуздан сүйлөй албай катып калдык. Бирок эртеси толук тартып бүттүк.
КОШУМЧА МААЛЫМАТТАР
Бактыгүл Сокушова
star@super.kg